Сотторго сокбилек

Тербишалиев менен Алымбековдон да таасирдүү фигура барбы?
Саясий абалыбыз улам курчуп, "алды-алдынан тал кармалап" араң турмуш кечип атканда "сотторду тандоо кеңешинин" чатагы кырдаалды кыйла ырбаткандай болду. Биз бул "маанилүү" чатакка маани берип, бир аз акыл пештеп калыс карап көрөлүк дедик...

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын азыркы Башмыйзамы "Ата-Мекен" партиясынын демилгеси менен жазылган. Жаңы Башмыйзамды жазууда долуланган митингчилерди ээрчиткен Э.Алымбековдун да опол тоодой салымы бар. Бул Конституцияга ылайык сотторду тандоо кеңеши 24 адамдан куралат. 24 адамдын сегизи коалициялык көпчүлүктөн, сегизи парламенттик оппозициядан, сегизи сот системасынан куралышы керек. Учурда болушунча караланып, көө сүртүлүп жаткан сотторду тандоо кеңеши ЖКдагы сот, укук маселелери боюнча комитеттин төрагасы С.Жапаровдун жетекчилиги алдында дал ушул Конституцияга ылайык түзүлгөн. Тактап айтканда сотторду тандоо кенешинин курамында коалициялык көпчүлүктөн - "КСДП" жана "Республика" фракцияларынан үчтөн өкүл, парламенттик оппозициядан - "Ата-Мекен" жана "Ар-Намыстан" төрттөн өкүл, сот системасынан 8 өкүл киргизилген. Ал эми С.Жапаровго тиешелүү "Ата-Журт" фракциясынан 2 гана өкүл бар. Э.Алымбеков менен Д.Тербишалиев баштаган нааразычылык билдирген топтун "Сотторду тандоо кеңешин кайра түзүү зарыл, жалаң эле С.Жапаровдун адамдары толуп алды" деп кыйкыргандары түшүнүксүз. Бул "С.Жапаровдун сотторду тандоо кеңешиндеги эки гана партиялашы сотторду тандап, калган 22си текей терип жүрдүбү?" деген суроо жаратат. Же комиссиядагы башка партиядан шайланган мүчөлөр да өз кожоюндарын "укпай" С.Жапаровдун көзү менен тең айланганбы. Албетте, буга ишенүү кыйын. Мындай болгон күндө "ата-мекенчи" Э.Алымбеков өзү жазган Конституцияга өзү каршы чыгып атабы? Же башка саясий оюндун куралына айландыбы?
Кантсе да, кызыктын баары сентябрда билинет. Анткени, каалайбызбы-жокпу, сотторго байланыштуу чуулгандуу маселени парламенттин күзгү сессиясында гана бир жактуу чечүүгө болот. Тербишалиев менен Алымбеков өз алдынча Сотторду тандоо кеңешин кетире албайт. Жада калса президенттин да буга укугу жок, туурабы?
Билермандардын айтымында, парламенттин кезексиз сессиясын үзгүлтүккө учураткан топтун артында Тербишалиев, Алымбековдон да таасирдүү фигуралар турат. Алардын максаты - ызы-чуунун шылтоосу менен сот тармагын өздөрүнүн көзөмөлүнө алуу экен. Ошондо булар соттордун күчү менен каалаганын жасаса болот. Улутташтырылган ири менчиктер боюнча өздөрүнө керектүү чечим чыгартып, Кыргызстанды мындан ары да бийлейт. Демек, ошону эске алганда, чындык дагы бир ирет арам акчанын алдында тебеленгени калды көрүнөт.
Анара ДЫЙКАНОВА






Кыргыз Республикасынын
Президенти Р. Отунбаевага
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Спикери
А. Келдибековго
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри А. Атамбаевге
Кайрылуу

"Элдик Фронт" өзүн радикалдуу маанайдагы оппозициялык күч катары белгилейт. Эл алдында биздин коомдук-жарандык ишмердүүлүгүбүз өлкөнү демократиялык жолго баштоого жөндөмсүз болгондугуңарга байланыштуу бийлигиңерди тынчтык жолу менен өткөрүп берүүңөргө багытталарын жарыялайбыз.
Бийликке азыр ак ниет адамдар келиши зарыл. Бул максатта "Элдик фронт" Элдик ишенимдеги Башкарууну калыптандырууну баштады. Анын курамына Акаев, Бакиев жана Отунбаеванын режими менен байланышкан бир дагы ишмер кире албайт. Биз таза Кыргызстанды кургусу келген патриоттук маанайдагы бардык толук кандуу күчтөрдү кызматташтыкка чакырабыз.
"Элдик Фронт" Сиздерге төмөнкүдөй: 2011-жылдын 1-октябрынан тартып бийликтен кетип, башкарууну тынчтык жолу менен 1993-жылдагы Конституциянын негизинде түзүлүүчү Элдик ишенимдеги Башкарууга өткөрүү талаптарын коёт.1993-жылкы конституцияны кабыл алган "легендарлуу парламенттин" депутаттарынын пленардык отурумуна чогулууга чакырабыз. Алар бүгүн Кыргызстанда болуп жаткандарга өзүнүн саясий баасын берүүгө тийиш. Саясатчылардын амбициясына чек коюучу мезгил келди. Мамлекетте башкаруучу элитанын эмес, өлкөнүн пайдасына чечилүүчү тандоону жасоого убакыт бышып жетилди. "Элдик Фронт" коллективдүү коопсуздук боюнча Уюм башкармалыктарына жана мамлекет башчыларына кайрылганыбызды ачыкка чыгарат. Криманалдык-саясий топтордун өз позицияларын бекемдеп жана бийлик барында легитимдештирүүгө аракеттенген тараптардын президенттик шайлоосу артында өлкөнүн экиге жарылуу менен жарандык согуш коркунучуна алып келген акыркы чекит болуусу ажеп эмес. Биз, ЖККУ (ОДКБ) лидерлерин жакындаган алааматтын алдын алуу максатында бардык саясий жана экономикалык рычагдарды пайдаланууга чакырабыз. Кыргызстанда кайрадан кан төгүлбөшү үчүн болгон күч-аракетти сарптоо кажет.

"Элдик Фронт" коомдук
бирикмесинин кеңеши
Мырзаев АА.

Бектемиров К. А.
Степанюк К. С.

Мусабаев М. Т.
Кожоналиев К. А.

Мамбеталиев К. И.
Кошоев А.


Рыкунова Р. Ю





  ТурмушуҢ кандай, замандаш?

Элдин турмушу барган сайын оорлоп барат. Кайсыл адамга кайрылба, баардыгы жашоосуна нааразы, кымбатчылык, жокчулук, жакырчылыкта жашап атканын айтышат. Эл менен жолугуп, көйгөйүн сурап, аларга жардам берейин деген чиновниктер жокко эсе. Эл турмушун кантип кечирип жатканын өз үнүндө угалык.


Чынара Шайымбекова, 34 жашта:
- Турмушум, кудайга шүгүр. Көпчүлүк адамдар өз кесиби менен иштебейт, кайсыл тармак кирешелүү болсо, ошол жагын тандашат. Анткени мамлекеттик кызматта иштесе маянасы аз, аны менен үй-бүлөнү багып кете албайбыз. Мисалы, Москвадан медициналык окууну бүтүп келгениме карабай, чакан бизнес менен алектенүүнү чечтим. Анткени, айлык маяна мени канааттандырбайт.


Самат Буланбаев,
42 жашта:
- Азыр Кыргызстан кыйналып турган убагы, кайсыл тармак болбосун баары коррупцияга белчесинен баткан. Жумушка орношоюн десең, тааныш-билиш, жердешчилик, тууганчылык күч алган. Азыр адамдын билим деңгээлине карабай эле, таанышына карап калышыптыр. Жаштардын көпчүлүгүнүн дипломдору сандыкка катылган бойдон чаң басып жатат.


Жыпара Тешебаева,
32 жашта:
- Азыр баары кымбат, тапкан акчабыз эч нерсеге жетпейт, бала-бакыраны багыш керек. Менин бир балам бар, бирөөнү багыш азыр кыйын болуп атат, андан көп баланы кантип багышат билбейм. Бийликке келген адамдар элдин турмушун ойлобой, мамлекеттин акчасына чөнтөктөрүн кампайтып анан кетишет. Ал эми бизге окшогон, карапайым элди ким ойлойт?


Чыңгыз Давлетов, 21 жашта:
- Мен улуттук университетте 3-курста окуйм. Башка студенттердей болуп мен дагы окуудан сырткары, кафеде официант болуп иштейм. Тапкан акчам өзүмө жетет. Кесибим боюнча котормочу болгондуктан, окуумду аяктаган соң, чет мамлекетке кетүүгө аракет кылам. Мисалы мен Германияга барып слесарь болуп иштесем, бул жактагы үй-бүлөмдү бага тургандай акча таба алам


Тилек Абдылбаев,
29 жашта:
- Азыр кымбатчылык абалда турмуш жакшы деп айта албайм. Мамлекет азык -түлүктөрдүн баасын кымбататкан соң, айлыкты да ошого жараша кошуш керек деп ойлойм. Мен мисалы төрт жылдан бери тарых сабагы боюнча мугалим болуп иштейм. Мурда төрт жарым миң сом алсам, азыр алты миңдей алам. Бирок, алты миң сомдук айлык менен азыркы кымбатчылыкта канча күн жашаса болот?


Асель Касымова,
28 жашта:
- Мен мамлекеттик жумуштарда беш жерде иштейм. Музыкадан сабак берем. Ар бир жумушуман миң сомдой акча алам. Ал эмнеге жетмек эле, өзүңөр ойлонуп көрсөңөр. Буга чейин башка мамлекетке кетип калбаганыма абдан өкүнөм. Бирок, мен өз жеримди Кыргызстанымды жакшы көрөм, антейин десең жашоо бул жерде абдан оор. Мамлекет өз элин тыңгылыктуу бага албайт.


Даярдаган Нургүл ИБРАЕВА