Анемия -
терини саргайтып, жүрөктү тез соктурат
Учурда орто эсеп менен алганда ар бир үчүнчү адам анемия дартынын азабын чегип келет. Бул илдет аты айтып тургандай эле организмдеги кандын азайышынан келип чыгат. Элдин социалдык абалынын начарлашы, жашоо шартынын төмөндүгү да бул оорунун пайда болушунун бирден бир себеби экенин айтышат дарыгерлер.

Илдетти иликтегенде...
Анемия -бул аз кандуулук. Мында адамдын канында эритроциттер азайып, органдарга кычкылтек жетишпей калат. Жыйынтыгында адам өзүн таң эртеден эле чарчаңкы сезип, эч нерсе кылгысы келбейт. Дайыма башы айланып, дем алуусу оорлойт. Өзүн сынап көргөн адамга эч жери оорубаганы, бирок, дайыма кыйналып турганы сезилет. Баш айланып, көздүн караңгылашы, тырмактын жука тартып тез-тез сынып туруусу, ооздун жыл бою кеберсип, кесилип жүрүшү, чачтын жукарышы деген сыяктуу толгон оорулардын баары анемия менен байланыштуу. Биз санап өткөндөр анемия менен жабыркаган адамдын сырткы келбетине гана тиешелүү. Бул оору аркылуу адамдын ички органдары да ондоп саналган ооруларга чалдыгат. Мисалы, баш мээ, боор, өт, жүрөк, ашказандагы гастрит оорулары.
Анемиянын алгачкы белгилери:
Теринин саргаюусу, дем жетишпей, жүрөктүн тез-тез согуусу, ар кандай даам жыттардан табиттин бузулушу, тамак жутканда кыйналып тилдин оорушу кирет. Анемияда уйку бат келип, алсыздык байкалат. Адамдын сырткы келбети кубарып турат. Оор жумуш кылбаган учурда деле жүрөк адаттан сырткары катуу согуп турат. Уйку бат келип, алсыздык байкалат.
Кош бойлуулук
мезгилиндеги коркунуч
Бүгүнкү күндө аз кандуулук илдетин аялдар жана жаш кыздардан көбүрөөк кездештирүүгө болот. Аз кандуулук кошбойлуулук учурунда өрчүп кетүүгө жөндөмдүү. Ал төрөт убагында чоң коркунуч жаратып, балага да таасирин тийгизет. Ошол себептен, анемиясы бар келечектеги энелерге врачтар өзгөчө көзөмөл кылышат. Мындайда дарыгерлер кош бойлууларга диета кармоону да сунушташат. Ал диетанын маңызы кошбойлуу туура тамактанып, кандагы темирди азайта турган тамак-аштан баш тартуусунда. Мисалы, аз кандуулар кара чайдан толугу менен баш тартпаса да, анын күнүмдүк өлчөмүн азайтуусу шарт. Наристе күтүп жаткан аялдар жалаң жер-жемишке гана эмес, эт азыктарына басым жасашы зарыл. Анткени, изилдөөлөрдөн улам өсүмдүктөрдө 0,2% гана темир болсо, эт азыктарында 6% болору далилденген.
Наристелердин
аз кандуулугу
Эмчек эмген жана ал курактан бир аз өткөн жаш балдарда дагы аз кандуулук илдети көп кездешет. Анткени, алардын рационунун 70 %ын түзгөн сүт азыктарында организмге жетиштүү темир болбойт. Ошондуктан, дем алуусу оор, оюндан тез чарчап, чыр сала берген балдарды сөзсүз дарыгерге көрсөтүү керек. Себеби, кичине балдардын анемиясы анын физикалык жактан өрчүүсүн басаңдатат.
Дарыланууга
бир нече ай керек
Анемияны дарылоого бир нече ай талап кылынат. Эң жемиштүү дегенде дарыланууну баштагандан 3 жума өткөндөн кийин гана билинер-билинбес жылыштар байкалышы мүмкүн. Көпчүлүк аз кандуулар дарылануунун жыйынтыгын 9-10 жумадан кийин гана сезе башташат.
Алдын алуу жолдору
Аз кандуулукту алдын алуу үчүн темирге бай тамактарды көбүрөөк пайдалануу зарыл. Мисалы: эт, балык, күрүч, алма ж.б. жашылча-жемиштер. Тамак ичкен соң чайды 30 минутадан кийин ичкен туура болуп эсептелет. Анткени чай организмде темирди сиңирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
"С" витамини темирдүү нерселерди жакшы сиңиртет. "С" витамини капустада, картөшкөдө, помидордо, жер-жемиште жана мөмө-жемиште көп болот.
Элдик медицинада
Элдик медицинада аз кандуулукту көбүнчө бал менен дарылашат. Анткени, андан В группасындагы бардык витаминдерди жана темирдин чоң өлчөмүн алса болот. 30 күн бал менен дарылануудан гемоглабин 10-13 % көтөрүлөт. Бул учурда адамдын алсыроосу кетип, баш айлануусу жоголот. Ал үчүн 200 грамм сүткө 1,5 аш кашык балды салып жакшылап аралаштырыш керек. Муну күнүнө төрт жолудан 40-50 күн кайталоо зарыл.





Эльвира Чудубаева, Улуттук госпиталдын инфекциялык лабораториясынын дарыгери:
"Адам жарым литр кан жоготсо, эсин жоготот"
- Аз кандуулук эмне себептен пайда болот?
- Ушул жылдын жыйынтыгын карап көрсөк өлкөбүздө аз кандуулук (анемия) көп катталган. Аз кандуулуктун келип чыгышы жашоо шартка байланыштуу болуп жатканы маалым, жакшы тамактанбагандыктан болуп жатканын жашыруунун кереги жок. Мисалы эт азыгын нормадан аз колдонуп, сүт азыктарын колдонушпайт, жер-жемиштерди аз пайдаланышат. Анемия - кандагы эритроциттеги гемоглобиндин санынын азаюусу. Гемоглобин нормада аялдарда 120-140 г/л, эркектерде 130-160 г/л болуусу зарыл.
- Анын түрлөрү да болот экен, ошолорго токтоло кетсеңиз?
- Курч түрүндөгү аз кандуулук жана көнүмүш аз кандуулук болуп экиге бөлүнөт. Курч түрүндөгү аз кандуулук-жол кырсыгына учурап бир жери сынса, чоң кан тамырлар жарат алып операция болгондо болот. Эгерде адам 0,5 литр кан жоготсо тамыр кагуусу күчөп, кыймыл-аракети бузулат. 1 литр кан жоготсо тик турган калыбынан каптал тарабына кулап эсин жоготот, пульстун кагуусу күчөп 1,5 литр кан жоготсо пульстун кагуусу күчөйт - 1 мин/100гө чейин башы айланып, кулагы чуулдайт. Көнүмүш аз кандуулук узак убакытта анча көп эмес кан жоготуудан келип чыгат.
- Бул дарт укумдан-тукумга өтүшү мүмкүнбү?
- Аз кандуулук укумдан-тукумга берилиши да мүмкүн. Мисалы, кош бойлуу аялдар тиешелүү витаминдүү тамактарды жебесе, ымыркайдын ден соолугу начар, каны аз болуп төрөлөт. Ошондуктан, догдурдун көзөмөлүндө болуп туруулары зарыл.
- Анемияны үй шартында дарылоого болобу?
- Болот. Бирок биринчи сөзсүз врачка кайрылуу керек. Анткени, анемиянын көп түрлөрү бар. Дарыгер анын келип чыгуу себептерин, аз кандуулуктун кайсы түрү экенин изилдеп туруп, тиешелүү дарыларды жана тамак-ашты жазып бериши керек. Ансыз дарыланууга мүмкүн эмес.