Жерден жерден, жер улук

Эрнест Турдалиев, Кореядагы "Максат" ассоциациясынын өкүлү:
"Кореядагы көйгөй - кыргыз кыздардын корейлерге турмушка чыгуусу"
Бу сапар Эрнест аттуу замандашыбыз аркылуу алыскы Корея өлкөсүнө саякат жасап, ал жактагы боордошторубуздан кабар алдык.

- Эрнест Калыкович, "Максат" борборунун негизги максаты эмне?
- Акча которуп берүүгө, жүк жөнөтүп турганга жардам беребиз. "Замандаш" партиясы мигранттарды колдоп аткандан кийин биз бул партиянын ичинде болуп эсептелебиз. Буга чейин жөнөкөй эле "Максат" борбору катары иш алып барчубуз. Жакында эле "Максат" ассоциациясы болуп түзүлдүк. Бул Кореядагы кыргыздардын уюму.
- Кореяда сиздерден бөлөк да кыргыз уюмдары барбы?
- "Элчилик" жана "Кыргызтан" деген уюмдар бар. Жакында эле "Саамалык" деген уюм ачышты. Төрт миңдей кыргыз бар, биз алардын жарымы менен иштешип турабыз. Кыргыздар Кореяга барып түшкөндөн кийин көйгөйлөр башталат. Ошолордун баарын чечип бергенге аракет кылабыз. Кыргыздарды биринчиден жумушка орноштуруп, андан ары бутуна туруп кетүүсүнө болгон аракетибизди жумшайбыз.
- Кыргыз мигранттары үчүн Россияга барган жеңилирээктир, орус тилинде сүйлөй алышат да, ал эми Кореяда тилден кыйналышабы?
- Тилден сөзсүз түрдө кыйналат. Барганга чейин Кыргызстандан үч ай окушат. Тесттен өтүшөт. Андан кийин гана Кореяга бара алышат. Биринчиден окуганды, жазганды, эң керектүү көчөдөн колдонуучу сөздөрдү, ар кандай кырдаалдарга жараша айтылган сөздөрдү үйрөнүшөт.
- Алардын укуктары кандай?
- Алардын укуктары абдан жакшы каралган. Эң негизги көйгөй Кореянын ичине кириш. Киргенден кийин Россияныкындай милициялары кубалап, хулигандар тийишет деген түшүнүк жок. Өзүң албетте сак жүрүшүң керек. Кореянын маданияты дагы абдан жакшы. Биздикине караганда башкача, пейили кенен, сырттан келген жарандарга жамандык көрсөтүшпөйт, түнкү саат 3 же 5 болобу жүрө берсең болот. Эч ким сага мигрант экен деп терс жактарын көрсөтүшпөйт. Мен Россияда дагы жүрүп келгем. Корея менен салыштырганда экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Россияда деле эркин жүрсөң болот. Бирок, баары бир коркунуч бар, дайыма кооптонуп турасың, милициядан же көчөдөгү тентектерден коркуп турасың. Кореядан көчөдөн полицияга жолугуп, сурасаң жолуңду көрсөтүп жардам берет.
- Кореядагы кыргыздардын көпчүлүгү эмне иш менен алектенишет?
- Баардыгы эле кара жумуштарда завод, фабрикаларда, курулушта, тоок сарайларда, чарбада иштешет. Бизде студенттер котормочу болуп, ар түрдүү фирмаларда, компанияларда иштешет. Азыр чоң компанияларда иштеген кыргыз балдар, кыздар бар.
- Бизде айыл чарба негизги орунда турат, ал жактын айыл-чарбасы кандай?
- Алардын жерлери тар болгондуктан, тоолорду, дөң жерлерди түздөп талаа жасап коюшат. Күрүч сепкен жерлерин тепкич-тепкич кылып түздөшөт. Айыл чарба техникалары абдан өнүккөн.
- Кореядагы кыргыздардын кандай көйгөйлөрү бар?
- Кореядагы кыргыздардын көйгөйү - кыздардын корей улутундагыларга турмушка чыгуусу. Кыргызстандан алып кеткен фирмалар, компаниялар маалыматты толук бербегендикетен, Кореяга баргандан кийин кыйналып калып атышат. Бул жерден турмушка чыгарда толук маалымат бериш керек. Көбүнчө биздин кыздар акчага эле кызыгып кетип атабы деп ойлойм.
- Кореялыктарга келин болгон кыргыз кыздардан жардам сурап кайрылгандар болдубу?
- Кайрылгандар көп эле болду, алардын күйөөсүн изилдегенге аракет кылабыз. Мукатова Аида деген кызыбыз бар, ал аялдар кеңешинин жетекчиси, бизге көп жардам берет. Айткулова Мира биздин ассоциацияда чогуу иштейт. Алар корей тилинде жакшы сүйлөй алышкандыктан,бул көйгөйдү чечкенге аракет кылышат. Ошол арызданган кыргыз кызынын күйөөсүнүн телефонун алып туруп сүйлөшөт. Эгер ал жакшы жигит болсо, тескерисинче кызга барып, "Жашай бер" деген сыяктуу кеңештерибизди айтабыз.
- Сиз кыргыз жигити катары кыргыз кыздардын чет өлкөлүктөргө турмушка чыгышына кандай карайсыз?
- Мен кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгышына каршымын. Биздин кыргыздын кыздары турмуштун кыйынчылыгынан чыгып атабы деп да ойлойм. Бирок, кыздардын өз жеринде калганы жакшы. Мындай маселе бара-бара Кыргызстанга зыянын тийгизет. Мен кыргыздын жигити катары кыргыздын кыздарын кызганам, намыстанам.
- Ошол жактан кыргыздардын кандай ийгиликтерге жетишкенин байкадыңыз?
- Кыргыздар Кореяга барып акча таап, Кыргызстандагы ата-энесине, бир туугандарына жардам берип, маселелерин чечип турушканына ыраазы болом. Кыргыздар жалкоо деп көбүнчөсү айтышат. Мен бул ойго толук кошулбайм. Кореяга барганда эле эмгектенип башташат. Жаш балдар кыздар бар, жакшы иштерди аткарып кетишет.
- Биздики менен алардын мыйзамдарын салыштырып айта аласызбы?
- Эки өлкөнүн мыйзамдарын салыштыруу мүмкүн эмес. Мыйзамды абдан катуу кармашат. Жөнөкөй адамдарынан бери мыйзамга баш ийип турушат. Бизде Кыргызстанда мыйзам бар, бирок иштебейт.
- Кореянын түрмөлөрүндө кыргыздар барбы?
- Ооба, бар. Бир-экөө бар. Түрмөгө жеткирбей маселени чечип кеткенге аракет кылабыз.
- Кореялыктар Манас же Чыңгыз Айтматов тууралуу билишеби?
- Манас же Ч. Айтматов тууралуу билгени да, билбегени да бар. Негизи Кыргызстанды көбү билишпейт. Көчөдөн корей улутундагы жаран менен таанышып калганда, "Кайсыл жерликсиң?" деп сурашат. "Кыргызстанданмын"десең кээ бири билишпейт. Россия, Казакстан, Өзбекстанды коңшу мамлекеттерибиз деп айтканда анан таанышат.
- Сиз Кореяга кантип барып калдыңыз эле?
- Менин Турдалиев Калыгул деген агам бар, ал 2002-жылы жөнөкөй жумушчу катары Кореяга барып, 2003-жылы "Максат" борборун ачкан. Элдерге жардам берип, көп иштерди аткарып баштаган. 2008-жылга чейин иштеди. Абдыжапаров Эркинбек деген агама жардам берип мен да барып калдым. Азыр ошол ассоциацияда үч киши эмгектенебиз. Кореяда иштеген же кореялыктар менен иштешкен бизнесмендер менен кызматташып турабыз.
- Кореядагы кыргызстандыктар шайлоого катыша алышабы?
- Консулдукта тизмеде тургандар гана шайлоого катышып өз добуштарын бере алышат деген мыйзам бар. Менимче бул туура эмес, кыргыздын жараны болгондон кийин добуш бергенге укуктуу болушу керек эле. Кыргызстандын жарандары Кореяга баргандан кийин ошол жердин мыйзамдарына баш ийет. Мисалы, заводко ишке кирсе түздөн-түз заводдун директоруна баш ийет.
Азамат КЫЯЗОВ






Япон кереметинин сыры
Күч жана адилеттүүлүк
Кйокушин-рю каратэнин негиздөөчүсү япониялык Ояма Масутацу тууралуу чындыкка негизделип тартылган "Шамалдагы мушкер" көркөм тасмасында Масутацундун окутуучусунун мындай деп айтканы бар: "Адилеттүүлүгү жок күч - зомбулук, күчү жок адилеттүүлүк - боштук". Ошентип, катаал кармаш өнөрүн үйрөтүүдөн мурун, устат жана шакирттин адегенде рухий жактан даярданып, ой, ниетин оң багытка бурат. Бул өтө маанилүү нерсе, анткени мушташуу чеберчилигин өздөштүрүү менен адам коркунучтуу жырткычка же тескерисинче, алсыздардын бей-бечаралардын коргоочусуна айланышы анын ички даярдыгынан, рухий көрөңгөсүнөн көз каранды.
"Күч" менен "адилеттүүлүктүн" ортосундагы тең салмактуулук кйокушин-рю каратэ эле эмес, Японияда келип чыккан дүйнөгө кеңири белгилүү дзюдо, айкидо, кемпо, кендо, нинзюусту, томики-рю, фудокан, жиу-жзитсу, сумо сыяктуу башка кармаш өнөрлөрүнүн да өзөгүн түзгөн орчундуу негиз (принцип) болуп саналат. Башкача айтканда, бул өнөрлөр адамдын денесин чыңдап, шамдагайлыгын арттырууну гана эмес, руханий көрөңгөсүн байытууну, ички тартибин, сабыр-чыдамкайлыгын, духун бекемдөөнү, адамдык асыл сапаттарды өнүктүрүүнү көздөйт. Ошондой көп кырдуу касиети бар үчүн алардын тарыхы жана философиясы кайталангыс.
Япон кармаш искусстволорунун эки-үч сүйлөм менен түшүндүрүү далалаты-деңизди бир чыныга батырам дегендей эле нерсе. Анткени алардын сыры жана мүмкүнчүлүктөрү деңиз сыяктуу терең жана кыйырсыз. Деги эле өзүң машыгып көрмөйүн, алардын түпкү маңызын түшүнүп, таасир ырахатын, каниет жыргалын сезүү мүмкүн эмес. "Миң уккандан бир көргөн артык" дейт эмеспи элибизде. Айкидо клубуна кошулгандан бир нече күндөн кийин гана ынана баштадым.