кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0824_1.htm on line 72

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0824_1.htm on line 72

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0824_1.htm on line 72
п»ї



Отунбаева
"18ге" чыкты
Жулуңдап эле президенттик шайлоого уруп бараткан ушул август күндөрүндө президентибиз Роза Отунбаева 61 жашка толгон күнүн белгиледи. Орусия президенти Д.Медведев баш болгон бир катар үлкөндөрдүн куттуктоосуна "оронгон" Роза айым "Туулган күнүмдө эч ким белек бербесин" деп алдын-ала катуу эскертиптир. Ага карабай, берчүлөр белегин бергендир. Себеби, ымала санашып "отметка" кылганга ыңгайлуу "повод" так ушул "денюха" да. Мейли, беришсе беришсин! Белек алганга - аялзаттын арстаны дейбизби, журт энеси дейбизби, айтор, азыркы ажобуз татыктуу. Адатта, ажолордун туулган күндөрү "мамлекеттик майрамга" айланып кетчү эмес беле. Анын артынан дүжүр чалдар дүлөй болгончо, арзыматтар акылынан биротоло айрылганча ичип-чычып... Кожолорубуз оо, бөйрөгүнө доо кеткенче бөтөлкөсү 10 миң сомдук "сууну" ичип жинигип, "тележылдыз тейлеп" кетчү эмес беле таңгөрү. Эми Кудай сактасын, эл-журттун башынан удаалаш жамандык өттү, чалчактаган чаарбаштардын өлчөөсү өзү менен болсун! Андан көрө, аял башы менен далай "эркектердин" саясат сапырыгына туруштук берип, нервин, денсоолугун берип колунан келген аракетин убактылуу болсо да жасап аткан кыргыздын Роза кызына кол чаап, куттук айтып коелу!..

"Кереге-ПРЕСС"





Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0824_1.htm on line 110

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0824_1.htm on line 110

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0824_1.htm on line 110


а ­е¦Є.НҐй«