Мөөркандын сиңдиси

Кыргыз элинин кыздары илгертен бери сулуу келген. "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, көпчүлүк учурда сулууларыбызды баалай бербейбиз. Албетте, "жарк" эткен сулууларга чиновниктер менен бизнесмендер тор жайып "баа бергенин" танбайбыз. "Ала-Тоо ажары" сыйлыгына ээ болгон ажарлуу кыргыз кызы Жамиля учурда "East Models" моделдик мектептен билим алат. Анда, айдай кыздын акылын тыңдайлы...

Жамиля Саякова:
"Кудай сулуулукту берип койсо, эмне үчүн аны кыздар колдонбошу керек?"
Алгачкы сынак
- Ошто төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, өстүм. Кичине чагымдан тартып эле бий менен алектенип, мектепте окуп жүргөндө ар кандай музыкалык сынактарга катышчумун. Мектепти аяктагандан кийин музыкалык окуу жайдын фортепиано бөлүмүнө тапшыргам. Бизге Москвадан окуп келишкен билимдүү, тажрыйбалуу, профессионалдуу мугалимдер сабак беришчү. Тогузунчу классымда окуп жүргөндө "Мисс Ала-Тоо" ажары сынагына катышып, байгелүү орунга ээ болгом. Ошондо уюштуруучулар мени Бишкекте өтө турчу "Ала-Тоо ажары" сынагына катышууга чакырышты. Анда "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" номинациясына ээ болгом. Ошондон тартып, моделдик мектептен билим ала баштадым. Азыр "East Models" моделдик агентсвого тапшырып билим алуудамын.
Моделдик - подиумдан
ары-бери басып коюу эмес
- Моделдик бизнес - бул абдан татаал, оор жумуш. Кээ бир адамдар "Кооз кийинип алып, подиумдан ары-бери басып койгондун эмнеси оор" - деп айтышат. Мен бул ойго толугу менен кошулбайм. Модель биринчи кезекте адамдар менен мамиле түзүүнү, өзүн тыкан алып жүрүүнү, кийимдерди тандай билүүнү, жарашыктуу боенууну жана эң негизгиси профессионалдык чеберчиликти өздөштүрүүгө тийиш. Муну ар бир эле аялзаты аткара албаса керек. Андан тышкары модель эл менен иштейт. Көптөгөн адамдардын алдында подиумдан басууда ишеничтүү, сүрдөбөй, башка бир нерсеге алаксыбай, ошол эле учурда өзүңдү эркин алып басуу чоң эмгекти талап кылат. Көпчүлүк адамдар сүрөткө тартышат, толкундануу сезимдеринен да арылуу керек. Ошол эле учурда катардагы моделдер менен жөн гана басып өтүп кетпестен, залда олтурган элдин көңүлүндө, эсинде кала тургандай аракеттенүү кажет.
Моделдик бизнес
жана менталитет
- Мен кесибим боюнча экономистмин. Кыргыз-Орус Славян университетинде "финансы кредит" бөлүмүндө сырттан окуйм. Келечекте өзүмдүн кесибим менен иштейм деген тилегим бар. Ал эми моделдик бизнести хобби катары эсептейм. Анткени, биздин өлкөдө моделдик бизнести кесип катары кабыл алышпайт. Менталитетке да туура келбейт деп эсептешет. Эгер башка мамлекеттерди ала турган болсок, мисалы, Францияда, Испанияда мода индустриясы жогорку деңгээлде өнүккөндүктөн, моделдик бизнести кесип катары кабыл алышат. Ал эми бизде мындай түшүнүк жок. Мода чыгармачылыктын бир бөлүгү болгондуктан бул тармакка дагы мамлекет тарабынан көңүл бурулушу керек деп ойлойм. Эгер чыныгы таланттуу дизайнер же модельер чыкса, аркасынан жөлөп жардам берип, коллекцияларын башка мамлекетке алып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы. Азыр ар бири өз алдынча иштешет. Кыргызстанда моделдик бизнести өнүктүрүш үчүн чет элдик дизайнерлер менен тыкыс иштешип, биздин коллекцияларды дагы чет мамлекеттерге чыгарышыбыз керек.
Улуттукка умтулган Дилбар
- Кыргызстандык дизайнерлердин арасынан мага Дилбар Ашымбаеванын ишмердүүлүгү жагат. Анткени, ал заманбап кийимдер менен биргеликте улуттук калоритти камтып, экөөнүн кошулмасын чыгарат. Бул албетте, дизайнердин фантазиясы, зор эмгеги. Көптөгөн мамлекеттерге көрсөтүп келет. Азыр бардыгы улуттук калориттеги кийимдерге суктанышат, ал дүйнөлүк модага да айланып баратат. Анын коллекциялары башка мамлекеттерде да көрсөтүлүп келет. Көпчүлүк мода сүйүүчүлөр Д.Ашымбекованын коллекциялары менен сыймыктанышат.
"Изюминка, харизма"
- Моделдер сөзсүз түрдө сулуу болуш керек деген түшүнүк туура эмес. Биринчи кезекте адамды өзүнө тарта турчу "изюминкасы, харизмасы" болсо, модель боло алат. Албетте, моделдик агенствонун өзүнүн койгон талаптары бар. Мисалы, бою 170 см ден жогору, тулку бою келишкен, жылдыздуу кыздарды кабыл алышат. Моделдер сулуу болгондон тышкары жан дүйнөсү бай болушу керек. Моделдик агентство кыздарга көп нерсени үйрөтөт. Баскан, тургандан тартып, сүйлөө манераларын, жылмаюуну, кимдир бирөөгө кандай кайрылышты, саламдашууну, көпчүлүк жерден өзүн алып жүрүүнү үйрөтөт. Кыздар биринчи кезекте этиканын сабактарын эске салышат. Бул албетте кыздар үчүн абдан пайдалуу. Жашоодон алган тажрыйба деп айтсам болот. Мен өзүм сүрөткө түшкөндү, эл алдына кийимдерди демонстрация кылганды абдан жакшы көрөм.
Балетке баргандан
ыракат алам
- Подиумдан сырткары бош убакта шахмат ойногонду жакшы көрөм, убактысы менен сууда сүзүп турам. Андан тышкары театр менен балетке барып, эс алып эргүү алам. Мен негизи чыгармачыл адаммын десем да болот. Дайыма изденүүнүн үстүндөмүн. Үйдө бош болуп калганда фортепианодо ойноп, мээмди эс алдырам. Чарчаганда кадимкидей жардам берет. Негизи маданият адамды адеп-ахлакка, туура жүрүм-турумга үндөйт, ички дүйнөнү байытууга жардам берет. Ошондуктан, ички көрөңгөнү азыктандыруу үчүн театр же балетке, жума сайын өтүүчү мода көргөзмөлөрүнө барып турам. Көбүнчө журналдарды барактап, өзүмө керектүү маалыматтарды да алам.
Камырдан качабыз
- Мурун катуу диетага олтурчубуз. Анткени талап ошондой эле. Азыр болсо, диета кармабайм. Менин жетекчим айткандай "Баарынан аздан жеш керек" - деп каалаганымды жейм бирок, аз гана өлчөмдө. Таттуу менен камыр тамактардан баш тартып, мөмө, жер - жемиштер менен тамактанабыз.
Кыргыз айымдары сулуу,
бирок жалкоо
- Эгер Кудай кыздарга сулуулукту берип койсо, эмне үчүн аны колдонбоосу керек. Ар бир кыз өз сулуулугун, талантын дал ушул моделдик бизнесте кеңири ачып, моделдик жөндөмүн өстүрүп, өнүгө алат. Моделдик бизнес жашоодо чоң тажрыйба дагы берет. Сулуу эмес айымдар болбойт, болгону азыр айымдар өзүнө кам көрүүдөн жалкоолонушат. Ар бир айымдын өзүнө тиешелүү табигаттан берилген сулуулугу, адамды өзүнө тартып турган кандайдыр бир жакшы сапаты бар. Аны колдонуп кошо алып жүрүшү керек. Ошол табигый сулуулук менен ички дүйнөдөгү байлык ширелишип турса, айымдарды сулуу деп айтууга болот. Кээ бир айымдар ошол табигий сулуулукту таап, жашоодо колдоно алышат.

Нургүл Ибраева