Дабакана

Гайморит -
укалоодон, картөшкөнүн буусунан айыгат
Өлкөбүздө гайморит оорусуна чалдыккандар көп. Бул оору жаш балдардан тартып, чоңдорго чейин кеңири таралган. Көпчүлүк учурларда гайморит суук тийгенден, иммунитеттин төмөндүгүнөн, витаминдердин жетишсиздигинен, ар түрдүү жугуштуу оорулардын күчөшүнөн улам пайда болот экен. Гайморит оорусу тууралуу кеңири маалымат төмөндө.


Дарттын башаты
Гайморит суук тийгенден, иммунитеттин төмөндөп кетишинен, аллергиядан, өтүшүп кеткен сасык тумоодон, оору туудуруучу микробдордун жогорку активдүүлүгүнөн, мурундагы "вентиляция" токтогондо пайда болот. Суук тийген маалда мурун аркылуу кулакка, тамакка өтөт. Мындай учурда мурундагы кеңилжээрлерге суу толуп, тешикчелер бүтөлүп калат да, анан ал ириңге айланат. Мурун көңдөйчөсү мурундун көзөнөкчөлөрүнөн бөлүнүп калгандыктан көңдөйчөдөгү дайыма бөлүнүп чыгып туруучу былжыр акырындык менен толуп калат. Бул микробдордун көбөйүп, өрчүшүнө аябай сонун шарт түзөт. Көңдөйчөдөн тышка чыга албаган ириң күчтүү басым менен канга аралашып кетет да бүткүл организмди ууландырат.

Гаймориттин түрлөрү
Мурун көңдөйүнүн сезгенүүсү бир нече түргө бөлүнөт. Мурундун эки жагындагы бет сөөктөрүнө жакын жайгашкан көңдөйлөр сезгенип, ириңдеп кетүүсү гайморит деп аталат да, ал эми чеке көңдөйү сезгенсе - фронтит болот. Гайморит өнөкөт болгон оору деп да өз ичинен бөлүнөт. Ал эми синуцит-мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгенишинин жалпы аталышы (лат сөз. Sinus - көңдөйчө, it- сезгеничтүү оорулардын аталыштарына уланчу мүчө). Эгер решеткалуу көңдөйчө сезгенсе этмоидит деп аташат. Бул оорулардын белгилери: баштын, жаактардын оорушу, температуранын жогорулашы, беттердин кызарышы, мурундун ичине чимкирик толушу.

Сезгенүүнүн белгилери
Мурундун бир тараптуу бүтүүсү, былжырлуу суюктук же ириңдин бөлүнүп чыгуусу, жыт билүүнүн начарлоосу же такыр жоголуусу байкалат. Үстүңкү жаакты же чеке көңдөйдү бармак башы менен басканда ооруйт. Кээде тиш оорусу тынчыңды алат. Температура көтөрүлөт. Сезгенген жерлерде шишик пайда болот.

Айыктыруу жолдору
Гайморит оорусунда укалануучу точкалар: колдогу, баштагы жана беттеги точкаларды укалоо гайморитти айыктырууга жакшы жардам берет. Укалоо сөөмөйдүн учун жеңил кыймылдатуу менен жасалат. Эгерде тешикчелер толук бүтөлбөй, жакшы иштесе суулар көп чогулбай, акырындык менен өзүнөн-өзү жакшы айыгып кетет.

Өтүшүп кеткенде
Тешикчелер иштебей суу толгондо күчөп отуруп, гаймориттин күчөтүлгөн маалына "астеитке" туш болот. Көпкө чейин дарыланбаса ириң сөөктөргө өтүп кетет да беттер шишийт. Мурун оорунун башталышында деле ысып, температурасы жогорулап, башы ооруп, мурун дем алалбай калат. Бул учурда биринчи рентген жасап, кандай оору экенин аныктоо зарыл. Суу толгон жерлери рентгенде бозоруп калат. Эл арасында "Гайморит болуп мурунду бир тештиргенден кийин өнөкөткө айланып, кайра-кайра кармай берет"- деген туура эмес түшүнүктөр бар.

Элдик медицина эмне дейт?
1. Элдик медицинада эчактан бери эле мурунга каланхоэнин ширесин тамызуу менен дарылашат. Тамызып жатканда мүмкүн болушунча башты чалкалатып туруу керек. Каланхоэнин жуулган жалбырагын сыгып, ширесин пипеткага жыйнап алат. Ушундан соң адегенде биринчи, анан экинчи таноого тамызат. Эгерде бардыгы туура жасалса, бир нече мүнөттөн кийин киши чүчкүргүсү келет. Чүчкүргөн мезгилде мурун көңдөйү тазаланып, 3 күн ушундай дарылоодон кийин гаймориттен арыласыздар.
2. Картошканы кабыгы менен сууга бышырып, суусун төгүп, оронуп отуруп картошканын буусу менен дем алуу.
3. Мурун, кулак, баш ооруганда мурунга чамгырдын ширесин тамызуу.
Аралашмага кайнак суудан улам куюп туруу. Айыкканча күнүгө 10-15 мүнөттөн 3-4 жолу бул ыкманы колдонуу керек.
4. Бир стакан кайнак сууга төмөнкү чөптөрдү: 15 гр чай чөп (зверовой), 10 гр ромашка жана 10 гр укропту демдөө. Демделген маңызды аралаштырып, күнүгө таноолорго 5 тамчыдан 3 маал тамызуу керек.




Гульхакым Хазиева,
Улуттук Госпиталдын ЛОР бөлүмүнүн дарыгери:
"Гайморитти жаңы метод менен дарылайбыз"
- Гайморит эмне себептен пайда болот?
- Кулак, мурун, тамак оорулары бири-бири менен тыкыс байланышта болот. Оорунун ар кандай түрлөрүнүн ичинен эл арасында тараганы бул гайморит. Скарлатина, кызамык, сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулар менен ооруганда гайморит пайда болот.
- Дарылоо жолдору кандай?
- Жалпы дарылоо жолдорунан сырткары биз азыр гайморит, фронтит, этмоидит ооруларын өзүбүздүн бейтапканада иштелип чыккан жаңы методика менен дарылайбыз. Вакум менен сордуруу методун чындыгында азыр КМШ өлкөлөрүндө кээ бир жерлерде колдоно элек. Москва, Петербург шаарларынын институттары кайсы бир клиникада бул методду колдонуп көрүп жатышат. А биз вакум сордуруу методикасын 5-6 жылдан бери кудайга шүгүр абдан ийгиликтүү, натыйжалуу колдонуп келатабыз.
- Гайморитти операция жолу менен дарылоо зыянбы?
- Көбү ушинтип ойлошот. Бирок бул туура эмес. Мисалы, биз деле оорулуу кеч кайрылып, оору абдан күчөп кеткен болсо операция жолу менен дарылайбыз. Ал акырындык менен айыгып, бардыгы ордуна келет. Эң негизгиси жакшы дарылар менен операцияны жакшы жасоо зарыл.
- Бул оорунун өзгөчө коркунучтары барбы?
- Гайморит абдан коркунучтуу оорулардын бири, аны сөзсүз түрдө өз убагында дарылоо зарыл. Сасык тумоо болгондо көбүнчөсү дары ичип жүрө беришет да, гайморит болуп калганын өздөрү билбей калышат. Жыт сезүү органдары иштебей калат, акырындык менен ириң толо берет. Ал сыздатып оорутуп, көздүн алдында шишиктер пайда боло баштайт. Мурун, тамак, кулак органдары бири -бири менен тыкыс байланышта болгондуктан, бардык органдар жабыр тартышы мүмкүн.
- "Мурду менен сүйлөгөндөрдү" айыктырса болобу?
- Андайларды айыктырардан мурун, жакшылап текшерүүдөн өткөрүш керек. Себеби, тубаса болушу да мүмкүн. Албетте, мындай оору тукум куучулукка кирет. Мурундун түтүкчөсүндө алдыңкы, ортоңку, ылдыйкы болуп калкан сымал жайгашкан жерди эт тосуп турса, "мурун менен сүйлөгөнгө" алып келет. Таңдайдын астындагы кичине тил чоңураак болгондугу да таасирин тийгизет.
- Оору күчөп кеткенде, мурунга эт өсүп кетиши мүмкүнбү?
- Гайморит оорусуна кары - жашына карабай чалдыгышат. Алгач мурунда ириң толуп турат да, ал күчөп кеткенде эт өсө баштайт. Мурун түтүкчөсүндө жайгашкан ыйлаакча (эт) дем алууга тоскоолдук жаратат. Ал "аденоид" деп аталат. Аны операциялык жол менен алса болот. Эгер албаса бара-бара чоңоет, жабыр тарткан адамдын дем алуусу кыйындап, өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.


Нургүл ИБРАЕВА