смсте эл үнү
Урматтуу окурмандар ар кандай маанайдагы пикир, куттуктоо, сунуш, сын-пикир ж.б. билдирүүлөрдү 0773 34 07 62 номуруна жиберсеңиз болот. Оригиналдуу ойлор менен айырмаланган СМС ээлери "Керегенин" атайын сыйлыгына арзыйт.

- Башка мамлекеттерде президенттик чоң жоопкерчилик болуп эсептелип, менмин деген лөктөрү оңойлук менен даай албайт. Ал эми биздечи? Ажолук акча жасоочу, тууган-уругун кызмат менен камсыздоочу куралга айланды. Такка умтулгандар ириде кантип байлыкка чалкып, жыргап каларын гана кыялданчу болду…
Токмоктук Бакыт,
0770 28 56 ХХ
- Ак-Бата конушунда жашаган Назира Калыкова, сени менен кайра кездешүүнү эңсеп жүрөм. Телефон номериңди жоготуп алдым. Эгер мүмкүнчүлүгүң болсо мага чалып коюуңду суранам.
Эски таанышың Актан,
Бишкек. 0555 90 56 ХХ
- Махабат, сени студент болгонуң менен куттуктайбыз! Эми жакшы окуп, кесибиңдин мыкты ээси бол! Ээнбаш кыздарга кошулуп, тамеки тартып, клубдарга барба! Бизге конокко келип тур!
Кызыл-Аскердеги таежеңең Гүлдар!
0555 95 67 ХХ
- БГУЭиП окуу жайынын мугалимдерине ыраазылык билдирем. Канчалык акчамды шыпырып, артыңардан чуркатып сүйрөсөңөр да силерге миң мертебе алкыш! Сессияда жыйнаган акчаңарга серүүндөп эс алып кайткыла!
Студент Тилек,
0777 57 43 ХХ
- Капыра-ай, өзүн "ажолукка татыктуумун" деп эсептегендердин саны 60га жакындады. Арасынан 3-4 адамды гана тааныбасам, калгандарынын атын биринчи ирет угуп жатам. Тааныбаган соң кимди шайлаарымды билбей башым катып отурам. Аты-жыты таанылбаган талапкерлер, эч болбосо "жер өрттөп" атыңарды таанытып койсоңор болмок экен.
Азиз Калыев, Ош облусу,
0778 45 34 ХХ
- Уюткулуу улутумдун "кечиримдүүлүгү" эмнеликтен жоголуп баратат? Айкөл Манастын урпактары деп бизди ким айтат. Келгиле мындан ары гумандуулукка салып Акылбек Жапаровдун бир "айыбын" унуталы. Ал деле бир момун мусулмандын баласы (өзү момун болбосо да…) эмеспи. "Койлорго паспорт берет" деп өмүрү өткөнчө шылдың кылганыбыз жарабайт го.
Нурия, Нарын облусу,
0772 34 67 ХХ
- Курбум Азиза, турмуштун оор сыноосуна кабылганыңды уктум. Башыңды бийик көтөрүп, алсыздыкка эч качан моюн сунба! Сен баарын жеңесиң. Айланаңдагы ушак-айыңдарга болсо көңүл бурбай эле кой. Эл айта берет. Өзүңдүн тажрыйбаңа гана таян. Мен сага ишенем!
Бишкектен студент курбуң
Акылай, 0550 67 45 ХХ
- Намыска бек, кең пейил, берешен ! Бул сапаттар кыргызыма гана тиешелүү. Каран түн түшкөн, кан суудай аккан каргашага бир эмес, бир нече ирет сабырдуулук менен түткөн элим. Сенин баёлугуңан, айкөлдүгүңөн пайдаланып "койнуна котур таш толтурган" арам ойлуу мыкчыгерлердин жазасын кудай өзү берсин.
Кайрат, Баткен облусу
0777 76 53 ХХ
- Алина 15-август туулган күнүң менен куттуктайбыз! Сага узун өмүр, иштериңе ийгилик каалайбыз. Ылайым 26 жаш курагыңды бактылуу күндөр менен гана өткөр. Ушу калыбыңдан жазбай, ишиңди, аспирантураңды уланта бер. Бирок, бул жылы турмушка чык. Анткени аялдарга баарынан үй-бүлө, бала-бакыра жогору.
Эжелериң Чынара, Миргүл
0553 52 48 ХХ






  Сандан-санга

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ
Япон кереметинин сыры
Эске түшкөн
уламыштар
Алиярдын видеокамера тууралуу айтканынан жана деги эле ушул "уурулук" деген жагымсыз сөздөн улам төмөндөгү эки уламыш эсиме түштү. Өткөн замандарда бир аалым адам өз шакирттеринин ичинен бирөөсүн өзгөчө баалап жакшы көрчү экен. Анын башка окуучулары: "Акылы, билими, жөндөмү, теги, аракети жагынан бизден айырмасы деле болбосо, ага эмнеге башкача мамиле жасайсыз. Бизден артыкчылыгы кайсы?" - деп нааразы болушуптур. Ошондо аалым бардык шакирттерине бирден тоок берип: "Эч ким көрбөгөн жерде союп келгиле", - деп буйрук бериптир. Ар кимиси ар жерде бекинип тоокторду курмандыкка чалышыптыр. Бир гана сүймөнчүк окуучу агайынын айтканын кылбай, макулукту тирүү көтөрүп келиптир. "Эмнеге буйрукту аткарган жоксуң?" - деп устаты сынамакка жаалданса, тигил: "Сиз эч ким көрбөгөн жерде сой дедиңиз. А мен андай жер таппадым. Кайда бекинсем да, Кудай көрүп турат",- деп жооп узатыптыр. Ошондо аалым башка шакирттерине кайрылып: "Эмне үчүн бул окуучума сый-урматым күчтүү экенин эми түшүндүңөрбү?" - деген экен.
Экинчи уламыш башка бирөөнүн акысына кол салуунун акыбети тууралуу. Бир бай киши каза болор алдында үч уулуна мурастарын бөлүп берип, анан бир чака алтын дилдени көрсөтүп: "Бул кимиңер мага казылган кабырда мен коюлганга чейин бир түн түнөсөңөр, ошоңорго" - деген экен. Тигил адам көзү өткөн күнү уулдары ыйлап-сыктап, зыяпатын кылып, анан жерге бергени жай каздырышат. Атасы айткан чакадагы алдын дилдени ортосуна коюп, бирок казылган жайга түнөп чыгууга эч кимиси батынбай турса, колуна бир кулач чирий баштаган жип кармаган чоочун киши өтүп баратып сурап калат: "Эмне кылып турасыңар?" - деп. Тигилер: "Атабыз: "Кимиңер бул казылган жайга бир түн түнөсөңөр, бул чакадагы дилде ошоңордуку",- деди эле, антүүгө эч кимибиз батына албай турабыз", - деп жооп беришет. Анда жолоочу: "Эгер мен кабырда түнөп чыксам, бул дилдени мага бересиңерби?" - дейт. Бир туугандар ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры макул болушат да, чоочун кишини жайга жаткырышып, эшигин таш менен бастырып, таң атышын күтүшөт. Күн чыккан маалда кабырдын оозун ачышса, тигил киши сыртка атып чыгып, колундагы жибин ыргытып ийип, үндөбөй жөнөп калыптыр. "Ээй, кайда? Чакадагы дилдени албайсыңбы?! Сөз бир. Макулдашканбыз. Сен кабырда түнөдүң, эми бул байлык сеники болду", - дейт анда таңыркап турган ага-инилердин улуусу. Ошондо жолоочу: "Мобул жипти кечээ көчөдө келатып таап алгам, - дейт, өзү эми эле ыргыткан жипти көрсөтүп, - түнү менен кабырда: "Сеники болбогондон кийин жипти алууга кандай акың бар?" - деп сүрү жүрөктүн үшүн алган эки неме суракка алып, көрбөгөн азапты көрсөттү. Ушул чириген бир кулач жиптин сурагы ушунча болсо, тигил бир чака дилдеге кантип жооп берем? Өзүңөргө кут кылсын!" - деп кылчайбай кете берген экен.
Кызыгы - ушул уламыштарды билсе, япондордун бир-экөөсү эле билет чыгар. Кудай тууралуу түшүнүгү кенендер деле аз бул элде. Ошондон улам бүтүндөй коомдо башка мүлккө тийбеген ток пейилдик кайдан жүрүп калыптанып калганы мага дале табышмак.

Тарбиядагы
калпыстыктар
Япондордун ушундай уурусу сейрек коом кура алганынын сыры табышмак бойдон кала берсин. Негизгиси -_алар мындай нерсе жомокто эле эмес,чындыкта деле болорун далилдей алышты, Бул биз эле эмес, көп эле элдер үйрөнчү япон керемети. Деген менен, үйрөнөрдөн мурун өзүбүздө өзгөртө турган көп нерселер бар экенин аңдаганыбыз шарт. Мектепте окуп жүргөндө кадыр-барктуу агайларыбыздын бири "Китеп, анан калем уурдаган уурулукка жатпайт",- деп тамашасы жок эле айтчу. Бала кезде ата-энең менен мугалимдин айткандары айныгыс чындык катары кабылданат эмеспи.Азыр менин жакшы көргөн кийимимди уурдап кетишсе, анча деле өкүнбөсөм керек.Бирок жакшы көргөн китебимди алып кетишсе,ичим ачышмак.
Илгери бирөөлөрдүн жылкысын тийип келгендерди "баатыр" деп аңызга айлантып алчу экенбиз. Кээ бир мугалимдер тарых сабактарында балдарга ошол "баатырлыктар" тууралуу айтып беришкендерин угуп калабыз. Ыраматылык Салижан Жигитов айткандай, ал баатырлык эмес эле кызылдай уурулук да. Балага тарбия берүүдө ушундай калпыстыктардын болушу опурталдуу деп ойлойм. Акылга толгондон кийин дүйнөнү кандай тааныса, ар кимдин өз эрки. Бирок ага чейинки алган тарбиянын мааниси Адам катары калыптануунун пайдубалы эмеспи. Бизге "Китеп уурдаган ууру эмес" деген агайдын өз адистиги боюнча билими күчтүү эле. Азыр ойлосом, билим деген кайсыл өлкө кайда жайгашканын же кайсыл жазуучу качан туулганын жаттоо эмес, биринчи кезекте, эмне ак, эмне кара, эмне туура, эмне натура экенин айырмалаганга үйрөнүү окшобойбу.