Урматтуу мусулман бир туугандар!
Сиздерди, улуу Ыйык Рамазан айыңыздар менен куттуктап жатып ар бириңиздердин үйүңүздөрдө токчулук, молчулук, тынччылык болуусун каалайм. Туткан Орозоңуздар кабыл болуп, Аллахым ырыскысын төгүп, Ыйык Рамазан айында кимдир бирөөлөр менен болгон таарынычыңыздар болсо кечиришип, ынтымакта жашоо өткөрүүңүздөргө тилектешмин. Ыйык Рамазан айы колунда бар менен колунда жоктун бири-бирине болгон сүйүүсүн арттырып, пенделердин ынтымагын ширеткен, жаштын берекесин, карынын баркын арттырган, өлкөнүн ар бир жаранын ынтымак жана биримдикке алып келген мезгил. Ар бир мусулман бул мезгил жана мейкиндикке анын талаптарын аткаруу менен кириши шарт.
Урматым менен
Марат Султанов




  Ким бул,ой?

НАРИМАН ТҮЛЕЕВ-
Талыкпас эмгекчил... Саясаттын ыплас оюндары менен булганбаган...
Алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Саясатта салмагы бары да, жогу да астыртан кызуу даярдык көрүп, алдыдагы ажолук таймашка кам көрүүдө. Ооба, конституцияга ылайык бардык Кыргызстандын жараны перзиденттикке ат салышууга акылуу. Эл жүгүн көтөргөн эр уулдарын ажо кылып көтөрүп алуу-бул элдин колунда. Ошол ажолукка ат салышкан азаматтарга элден, саясатчылардан сурамжылоо жүргүзүп, алардын пикирин билүүнү колго алдык. Бул сапар эл элегине ЖК депутаты Нариман Түлеев түштү.

Жоомарт Сапарбаев, ЖК депутаты:
- Түлеев мэр катары шаарда көп жакшы иштерди жасады. Анын эмгектери дагы эле элдин оозунда жылуу маанайда айтылып жүрөт. Саясатчы катары бир беткей баа берүү кыйын. Ал үчүн дагы убакыт керек.

Жумакадыр Акенеев, коомдук ишмер:
- Нариман Түлеев - Бишкек шаарынын мэри болуп турганда жасаган эмгектери менен элдин эсинде калды. Борбордун ойдуң-чуңкурга толгон жолдорун оңдоп, Чүй проспектисин кооздоп-түзөгөнү элдин мактоосуна арзыды. Тилекке каршы ал кызматта өтө аз иштеди. Көбүрөк мүмкүнчүлүк, убакыт берилсе мындан да көп иштерди жасаары шексиз эле. Ошентсе да өз иштери менен үлгү болуп, жакшы чыйыр салып кетти. Анын салган чыйырын азыркы мэр Иса Өмүркулов улантып жатат.

Нарынбек Молдобаев, ЖК депутаты:
- Наримандын кандай экени элдин баарына эле белгилүү деп ойлойм. Анткени, ал талыкпас эмгектери, ийгиликтери менен таанылды. Бишкек шаарын кыска убакытта оңдоп-түзөп койду. Ишке камбыл, мыкты чарбачыл жигит экенин көргөздү. Саясатта дасыгып келе жатат. Саясаттын ар кандай ыплас оюндары менен булганбаган таза инсан. Убадасына бекемдиги, салмактуу мүнөзү бар. Мен анын өзүнө бир нече ирет "Сен көбүрөөк премьер-министрликке татыктуусуң. Бул кызматта сен мамлекетке көп пайда келтирмексин" деген пикиримди билдиргем. Ал иш билги, жетиктиги менен кандай милдет болбосун ийине жеткире аткара алчу жигит.

Бекен Назаралиев, журналист:
- Нариман Түлеев өзгөчө Кыргыз Темир Жол кызматын жетектеп турганда жана Бишкек шаарынын мэри болуп турганда көзгө көрүнөрлүк алгылыктуу иштерди жасады. Ачыгын айтканда азыркы мэрге караганда бир топ үзүрлүү иштеди. Бирок, депутат болгондон бери эмнегедир өзүн көргөзө албай жатат. Ошентсе да, Түлеевдин эл үчүн кылган кызматтары ага ишеним артууга арзый турганын билдирет. Менин оюмча эгер өткөөл мезгилде Нариман Түлеев премьер-министр болгондо Атамбаевке караганда бир топ дурус иштемек.

Рыскелди Момбеков, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси:
- Түлеевди мен саясатка караганда бизнес жаатында көбүрөөк ийгиликке жетишти деп айтаар элем. Бишкек шаарынын мэрлик кызматын аркалаганда аты чыгып, эл озуна алынганы болбосо, азырынча саясатта анчалык деле улуу ачылыштарды жасай элек.

Марс Сариев, саясат таануучу:
- Нариман Түлеев мыкты уюштургуч сапатка ээ. Бул жагынан Лужков менен окшоштугу бар. Бул сапатын карманып, ушул тейде эмгектенсе көп ийгиликтерге жетише алары шексиз. Так ушул иш билги, уюштургучтугунан улам эл оозуна алынган пайдалуу иштерди жасоого жетишти. Бишкек шаарын аз убакытта гүлдөтүп өнүктүрдү. Депутат боло элегинде Нарын шаарынын жолуна асфальт төшөп, элдин батасын алды.

Даярдаган
Гүлзар
Казыбекова