Гүлдөр айтып турбайбы мүнөзүңдү...
Интернетти чукуп отуруп гүлдөрдүн мүнөздөмөсүн таап алдым. Тагыраагы-ким кайсы гүлдү сүйсө, ага жараша ошол адамдын кулк-мүнөзү айтылыптыр. Өзүм жактырган гүлдү карасам-кылык жоругум точно чыгыбатат эй. Шарт эле, баскан-турганын жадыбалдай жаттатып аткан кыраан саясатчыларыбыздын онун тандап, он гүлгө чаптай салдым. Он гүлүнүн бири ачыла түшсүн депчи. "Кыргызстан- гүлдөп-өсүп атат"-деп гүлдөгөн атка минерлерибиз таттуу тилдери менен, гүлдөбөсө деле, "гүлдөтүп" атышпайбы. Өздөрүнө жараша сүйбөгөн гүлүн сүйдүрүп салдым, "ме сага"-деп турупчу. "Мен бул гүлдү сүйбөйм" деп мурдун чүйрүгөндөр болсо, сүйгөн гүлүн айтаар. Анысын деле таап берем, жигиттин гүлдөрүнө.


Роза+ Иса Өмүркулов
Розаны сүйгөндөр-калыптанган жашоону каалагандар. Амбициясы башкача. Ачуулуу келишет. Мамилелештеринен түшүнүктүүлүктү талап кылат. Ар качан ар кандай интригаларга аралаша жүрөт. Жакшы жери эч качан талашка барбайт.

Орхидея+Өмүрбек Бабанов
Буларың жөнөкөй колу жеткен каражатка оңой менен ыраазы болбойт. Кашайып, ар качан жокко умтулат. Анын түгөнгүс канааттанбастыгы өмүрү өткөнчө уланат. Катаал, чырчыл мүнөзгө ээ.


Гладиолус+Өмүрбек Текебаев
Эрки күчтүү. Жалгыздык-досу. Болгон мүмкүнчүлүгүн максатына жетүүгө жумшайт. Айланасындагылар менен пикир келишпестикке көп учурайт. Гладиолусчуга бираз ийкемдик жетишпейт да, таңгөрү.


Гвоздика+ Ахматбек Келдибеков
Пайда издегичтер. Сүйлөшүүлөргө, алакага аттана түшөт. Өзүмчүлдүгү чектен тыш. Күчү жетпесе дагы, талашып жемин жедирбейт. Намыскөй, анан үй-бүлөгө карамдуу болушат. Калп айтууга жөндөмдүү. Гвоздикачылар акылы жетпеген нерсеге да акылмандык кылгандар.


Фиалка+Курманбек Осмонов
Булар жоопкерчиликсиздикти жек көрөт. Түнт көрүнгөнү менен, жан дүйнөсүндө жаңы табылгалар оргуп турат. Эскичил жактары баcса-турса кайталанып, өткөн кеткенге эң эле калыс бааны ушулар берет. Фиалка мыкты ишмердин гүлү.


Лилия+Акылбек Жапаров
Лилияны сүйгөн адамдын энергиясы ташып, текебер келет экен. Күчүнө, ишенимине бекем турган адам. Лилиянын кемчилиги өзүн-өзү сындай албайт. Мындай адамдар эмнеге жөндөмдүү- оюн-зоокко, алдамчылыкка.


Тюлпан+Кеңешбек Дүйшөбаев
Тюлпанчылар-табышмактуу адамдар. Алар дайыма жакшы жашоону эңсегендер. Жүрөгүнүн түпкүрүндө чо-оң ишенбөөчүлүк орун алган. Бирок, сабырдуулук деген ушуларда. Турмуштагы кыйынчылыктарга ийилип, чүнчүбөйт. Энергиялуу келишет.

Пион+ Адахан Мадумаров
Каяшанын катыгын берет. Бир жагынан карасаң-сезимталдуудай көрүнөт. Бир жагынан карасаң-уят сыйыттан кол жуугандай көрүнөт. Артыкчылыгы сексуалдуулугу артып турганы турган. Атак-даңк үчүн баарына даяр.


Сирень+ Камчыбек Ташиев
Сыртынан менменсип сүрдүү көрүнгөнү менен, ичинде өзүн өзү сүйүүчүлүк "оорусу" багылып жатат. Аракетчил. Бирөөгө жардам берсе, андан өлгүдөй рахат алат. Уруш чатак кырдаалдарда өзүнөн чыгып, эмоцияга оп-оңой алдырат.


Хризантема+Темир Сариев
Хризантема сүйгүчтөр "кутудагы адамдай" өзүн өзү бекитип жашайт. Булар менен түшүнүп иш алып барыш кыйын, эй. Канчалык жагынууга жан үрөсөң да жакпайсың. Сен эмес, өзүн-өзү жактырбайт, хриза…


Данислан АСАМАДИНОВ