Нурлан Мотуев:
"негизги колдоочуларым - ислам жааты"
- Нурлан мырза, бул сапар да президенттик так үчүн жарышка түшүп атыпсыз?
-Ооба, аламан жарышка аралашып атам. Анткени, Текебаев, Атамбаев, Отунбаевалар чогулуп алып жөөттөрдүн, Америка, Европанын конституциясын Кыргызстанга алып келип башыбызга үйүп салды. Кыргыз эли ошол конституциянын алдында кыйналып жатат. Бийликтин вертикалы бузулду. Бийликти бөлүп-бөлүп алышты. Конституцияда бийликтеги адамдардын жоопкерчилиги жазылган эмес. Баардыгынын укуктары кеңири, а жооперчиликтүү бир да киши жок. Катуу айтканда, Сицилия мафиясынын көчүрмөсүн алып келген сыяктуу, жумшак айтканда, бала бакчадагы оюн сыяктуу кылып атышат. Мен ушундай терс көрүнүштү, калк ырыскысын уурдап, чачып аткан ашмалтай бийликти түп орду менен тазалайын деп чыгындым.
- Айрымдар парламенттик система жарабайт экен. Күчтүү президенттик бийлик керек деп атышат. Сиз кандай системага ыктайсыз?
- Күчтүү президенттик бийлик болбосо биз оңолбойбуз. Парламенттик башкаруу деген системага жамынып алышып азыр эмне болуп атат? Өзүңөр көрүп тургандай, башаламандык, тартипсиздик орноп атат. Райондук сот жогорку сотту тоготпой парадокска туш келип калдык. Жакында көрөсүңөр, аким губернаторду тоготпой калышы мүмкүн, кандайдыр бир департамент башчысы министрликти тоготпой калса таң калбайсыңар. Парламенттик система мына ушундай башаламандыкты алып келди. Андыктан мен күчтүү президенттик башкаруу дегенди колдойм. Кыргызстанга катуу коом, өктөм бийлик, бир гана амир келиш керек. Биздин тил менен айтканда, президент бийлик кылыш керек.
- Буга чейин бир эмес эки ирээт күчтүү президент шайлап көрдүк. Алардын кылыктарын көрбөдүкпү? Эми кайра аны тирилтүүнүн кажети барбы?
- Президенттик башкаруу дегенди коммунисттик доордон Акаев, Бакиевдерге өткөзүп бергенбиз. "Ар бириңер балдарыңарды өзүңөрдүн муунга тарбиялайм деп ойлобогула, ар бир адам өзүнүн муунуна жараша тарбия алат" деген шарт бар шариятта. Биз дайыма улам кийинки муунга өтүп келгенбиз, азыр, Аллахка шүгүр, Кыргызстанда исламга өтүп жаткан муун өтө көп, мен билем. Коммунисттик тоталитардык системадан калган аң сезими булганган аттеисттик окууларга сугарылган Акаев менен Бакиевден биз эмнени күтмөк элек. Бирок бул жолу президенттик бийликти кайра киргизсек такыр башкача жашоо болот.
- Мурдакы шайлоодо көчтүн эң артында калдыңыз эле. Бу сапар андай болбошуна кандай чара көрүүдөсүз?
- Мурдакы шайлоолордо мен акыркы болгон эмесмин, акыркы болуп Ж. Назаралиев алган, мен андан 3000-4000 упай ашык алгам. Ошол кезде бийлик бүт баардыгын жасап салган, ал көрүнүп эле турган.Ошол шайлоодо Турсунбай Бакир уулу экөөбүз түштүккө барганбыз, ал жактан өзбек-кыргыз дебей бизди жакшы көрүп калышкан. Биз бул жолу баардыгын эске алабыз, алдыга эле чыгабыз, буйурса. Аллах колдосун деп атам.
- Сизди президенттикке кайсы күчтөр алып чыгууда?
- Мени бүгүнкү күндө президенттикке алып чыгып жаткан негизги колдоочуларым - ислам жааты. Бул сапар талапкер болуп чыккандагы эң негизги максатым, пенде-макулуктардын, адамдардын сөзү эмес, Аллахтын акыркы китеби-Курандагы сөздү, Аллахтын сөзүн жогорулатайын деп чыгып жатам.
- Шайлоого көп каражат кетет эмеспи. Канча каражат коротосуз?
- Мен интернеттен окудум, эксперт Чынгыз деген бирөө айтып атат: "5 талапкерде 30 миллиондон бар, бирок бир кандитат утуп чыгыш үчүн 300миң эле каражат керек" деп, мен да буга кошулам. 300 миңден миллион долларга чейин болсо деле жетет.

Бетти даярдаган Анарбек АБАЗБЕКОВ





Токтайым Үмөталиева:
"Капчыкты караган элдин келечеги жок"
- Токтайым Үмөталиевна, алдыдагы ажолук атакка ат салышууга камданып жаткан экенсиз. Эмне максат менен?
- Бир гана максат менен. Кыргызмын деген ар бир инсанга өтө ыйык мамлекеттүүлүк деген түшүнүктү сактап жана тепсендиде жаткан мамлекеттүүлүгүбүздү жөлөп таяп, кир болгон жерлерин тазалап, жараланган жерлерин айыктырууга бүт күчүмдү жумшаш үчүн.
- Буга чейин да ат салышып, бирок жетиштүү добуш топтой алган эмессиз. Натыйжаны бир ирээт көргөн соң куру эле чарпыла бериштин не зарылдыгы бар?
- Тилекке каршы, бутуна жаңы тайтайлап туруп келе жаткан мамлекетибиздин байлыгына кызыктар болгон күчтөр таза шайлоо деген түшүнүктү тескери буруп, шайлоону тазалыктан алыстатып, өзгөчө 2005-жылдан баштап кир оюндардын шарттарын система түрүндө шайлоого киргизип жиберди. Бүгүнкү күндө тазалык жөнүндө, мыйзамдуулук жөнүндө сөз жок. Ушул кезге чейинки шайлоолордун отчеттору байкоочулардын отчеттору менен карама каршы болуп келди да, бийликтегилерге, байларга акчага иштеген соттор ошондой отчетторду бекитип келди. А мен, өзүмө тийиштүү добушту алаарын алдым. Бирок кайтара албай калдым. Добушту кайтаруу коррупционерлердин колунда болуп калды. Менин добуштарымды аз кылып жазганда да саз добуштар. Накта ишенимге таянган добуштар. Шайлоо механизми бүгүнкү күндө Кыргызстандын байлыгын бөлүп алып, соруп жоготуш үчүн иштеп жаткан күчтөр үчүн чыккынчы саясатчылыктын иснтрументи болуп калды. Ошол саясатчылар мамлекеттеги мыйзамдарды, керек болсо татынакай Конституциябызды ар кандай эл аралык фонддордун каржылоосуна таянып, азыркы кездеги башы жоктукка жана баш аламындыкка алып келүүгө ылайыкташты. Бөлүп жаруу механизми күч алган мындай системада өтөмбү же өтпөй каламбы бир алланын колунда. Экинчиси элдин аң сезиминдеги көрөгөчтүгүнүн өскөнүнө байланыштуу болот.
- Алдыдагы таймашта күчтүү атаандашым деп кимди эсептейт элеңиз?
- Азыр толугу менен шайлоо спектр билине элек. Тизме бекитилингенден кийин айта алам. Бирок ар бир баш көтөрүп, шайлоого аттанып чыккан инсан мен үчүн мыкты атаандаш. Себеби, мындай кадам шилтеш үчүн эң биринчи өзүңдүн ички дүйнөңдөгү атаандашты жеңип чыгуу абдан оор нерсе.
- Талапкерлер тандем түзүү деген маселенин үстүндө да иштешет. Дегеле тандем маселесине кандай пикирдесиз?
- Шайлоо процессинде эки тараптуу, үч тараптуу жана көп тараптуу биригүүлөр болушу норма. Ар бир саясатчы өзүнө жакын саясатчылар менен тил табышып оюндун шарттарында кандайдыр бир тажрыйбалар боюнча макулдашууга аракет кылат. Азыр биздин партиянын партконференциясы өтө элек болсо да жуучуларын жөнөткөн саясат топтору бар болуп жатат. Бул нормалдуу көрүнүш. Анан да биздин саясатчылардын деңгээлинин өсүшүнүн бир көрсөткүчү. Мен ойлойм мыйзам түрүндө саясий блоктордун болушу өзгөчө керек. Дегеле майда барат партиялыкка жол тосулуп, партиялык системанын нарктуулугун көтөрөт эле.
- Айрым адамдар алдыдагы шайлоого карата административдик ресурсту пайдаланып жаткандыгы ачыктан ачык байкалууда. Ушул нерсенин таасири сизге тийиши мүмкүнбү?
- Мен үчүн укук коргочуу болуп жүрүп жана чоң саясатка киргенден баштап кысымчылыкта жүрүш норма болуп калды. Азыркы мезгилде да марттан баштап куугунтуктуктун ар кандай формасын көрүп келе жатам. Офиске, үйгө чейин кирип кеткен күндөрү да болуп жатат. Өзгөчө тинтүү күчтөрүнөн. Азыркы кезде парламент шайлоого байланыштуу административдик ресурстарды өзүнүн астына басып салды. Теле радио дегенди чоң саясатка аттанып жаткан бир топ жигиттерибиз бир жыл мурун эле тизгинин өздөрүнө карата тартып алган. Алар мамлекеттик башкаруу системасын толугу менен өздөрүнө жараша колдонуп келе жатат. Талапкерлердин аттанууда тең мүмкүнчүлүктөрү күндөн күнгө бузулуууда. Мисалга айтсак жер жерлерде комиссияларды бекитүү жергиликтүү бийликтерде болуп алар өздөрү билгендей шайлоонун казанынын кулактарын бурап жатат. Ушул күндө чоң баш аламандык болуп, жер жерлерде жакшы санаалаштарга да кысым көрсөтүлүп жатканын көрүп жатабыз.
- Шайлоого каражатты кайдан таап жатасыз?
- Өнүккөн өлкөлөрдө, накта демократия иштеген жерлерде мага окшогон саясатчыларды капчыгы менен эмес анын саясий салымын, мамлекетке жарандарга багыттаган эмгегин баалайт. Капчыгын көтөрүп канча элди сатып аламын деп кечээ эле бели бешиктен жаңы чыгып келе жаткан саясатчыларга салыштырмалуу менин куржунум саясий миллиондор упайына ички жана тышкы саясаттагы эмгектерге толгон. Катталуу үчүн анчалык деле каражат керек эмес. Кол чогултууда мен тарбиялаган, колдоп өстүргөн бейөкмөт уюмдар , укугу корголгон топтор, элдер, партиянын өкүлдөрү жардам берет. Андан башка дагы мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу максатында чоң чоң улуттук жана чет өлкөлүк коомдук уюмдарды баштап жүрүп жалпы элдин кызыкчылыгын колдоп берген саясий экономикалык салымым аз эмес. Аны түшүнгөн билген топтор да кол сунуп колдоп келе жатпайбы. Чынын айтканда мамлекетте эл саясатчыларды капчыгы аркылуу эмес алардын акыл эсине, элге сунуштаган идеяларына, саясаттагы сатылбаган туруктуулугун эске алса өсөт. Капчыкты караган элдин келечеги жок болот. Бүгүн мени менен чыгып жаткан саясатчылардын капчыгы меникинен өтө чоң эмес.
- Сиз БӨУ менен тыгыз иш алып баргандыктан, шайлоого да ошолордун эсебинен аттанат деп келишет?
- Ким эмненин эсебинен аттанганы шайлоодо көрүнөт . Бейөкмөт уюмдардын саны 10 миңге чукулдап калды. Анын 96 проценти өздөрүнүн оокатын өздөрү эптеп табышат жана саналуу бир 4% жетпегенини чет өлкөлүк фондордун каржылоосунда. Андай чөнтөгү толуктар мени колдобойт. Себеби аларга берилген багыт бар жана алар көбүнчө батышты караган саясатчыларга көмөктөш. Бирок 20 жылдын ичинде мен жардам берген жана биз түзгөн уюмдар да бар. Алар адамдык ресурстары менен көмөктөшпөй койбосу чын. Ошондой эле саясатчылардын баары бул топторду тартышат. Себеби БӨУ өкүлдөрүнүн көбүнчөсү аялзаты, экинчиден булар туруктуу иштеп тажрыйбага ээ болгон топтор. Буга таңкалуунун кереги жок мындай нерсе менен сыймыктаныш керек . Мына азыркы бийлик толугу менен БӨУл ардын активдүүлүгүнө таянып келип ишин алып барып жатканы чын эмеспи.
- Президенттикке талапкерлигиңизди коюп, ат салышуу сиз үчүн хоббиби?
- Бул өзүмдү таанып, инсан катары ички дүйнөмдү байытып, элге билген көз караштарымды жеткизип, алдыга жылдыруу формасы. Саясий ишмердин жашоосу түзмө-түз шайлоо менен байланышта. Саясий ишмерлик бул-бийлик менен тизгин талашуу, ар кандай өнүгүү жолун сунуштоо, бул өзгөчө профессияга таандык. Жана шайлоо бул чоң эл менен маектешүү, өзүңдүн идеяларыңды таанытуу методдоруңдун тууралыгын же туура эместигин текшерүү трибунасы. Мындай трибунаны чоң саясатчылар профессионалдуу саясий топтор өз кызыкчылыгын жылдырыш үчүн дайыма колдонуп келген.