Гүлзинат Суранчиева:
"Классикага салым кошом"
Жылдызы жанган адамдарыбыздын ичинен өзгөчө таланты, жогорку профессионалдуугу, артисттик ажары менен айырмаланып, талыкпас эмгектеринин артынан көпчүлүктүн көөнүн алган ырчы Гүлзинат Суранчиеванын ой чабытына назар салдык...

Музыкасыз...
Бала чагымдан эле музыка дүйнөсү менен курчалып келе жатам. Музыка - бул менин жашоомдун ажырагыс бөлүгү. Ансыз өзүмдү элестете албаймын. Менин окуучуларым көп, мен аларга фортепианодон сабак берип, дүйнөлүк классиканы баалаганга үйрөтөм. Азыр дүйнөлүк классиканын өнүгүш деңгээли төмөн түшүп жаткан мезгил. Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө классикалык шедеврлер жаралбай жатат. Ошондуктан, окуучуларыма жакшы билим берип, аларды классика дүйнөсүнө такшалтып, тарбиялоо милдетим деп эсептейм. Жаш муун музыка чөйрөсүндө билимдүү болуп, келечекте профессионалдуу музыкант болбосо да, ошону жогору баалай турган мыкты адис болуп чыгаарына ишенем.
Шоу - кесип
Чыныгы талант эл ичинде жүз жылда бир жаралат дегендей, биздей жаштардан да Атай Огонбаев, Токтогул Сатылгановдой улуу таланттар чыгат деген ишенимим бар. Анткени, кыргыз жери таланттын куту түшкөн жер эмеспи. Искусство - бул бизди курчап турган тоодой бийик жана көлдөй терең тармак. Ал эми шоу бизнес болсо анын кичинекей бир бутагы. Экөөнүн деңгээли өтө айырмаланып турат. Шоу бизнес - мен үчүн жөн гана кесип.
Кредо
Менин кредом - элди кайгырткан чыгармаларды эч качан ырдабаймын. Мен сүйүүнү, болгондо да, таза, чыныгы сүйүүнү гана даңазалап ырдайм. Биринчи "Шантел" тобу менен чыкканымда эски чыгармаларды тандап, аларга экинчи өмүр берчүбүз. Ал эми азыр болсо, мен биринчи музыканы заказ кылып, анан ошол музыканы угуп олтуруп кандай текст жаралаарын билем. Чыгармачылыгыма сереп салып артка кайрылсам, мен ата-энеме, кызыма арнаган жана ырларымдын негизги тематикасын түзгөн-сүйүү темасына багыттап көп ырларды жаратыптырмын. Ал эми, киндик каным тамган жерим Ысык-Көлгө арнаган ырым жок экен. Азыр ушул темада ыр жаздырып, ошонун үстүнөн иштеп жатам.
"Я и Ты"
Ушул жылы жеке концертимди бердим. Концерт деген бүтүндөй эмгектин жыйынтыгын көрсөтчү нерсе да, мактангандай болбойун, концерттен кийин келген каттардан, коллегаларымдын "отзывдарынан" улам концертимдин жогорку профессианалдуу деңгээлде өткөнүн билип кубандым. Баардыгына белгилүү болгондой эле, мен эстрададан тышкары фольклердук, этникалык ырлардын негизинде эстрада-этникалык ыр жаратып келем. Чыгармачыл адамдар бир ордунда турбайт эмеспи, мен да азыр эки жаңы клип тарттырып, элге сунуштадым. Булар - өзүмдүн жолдошума арналган, эң сүйүктүү ырым - "Сүйүү дастаны" жана "Я и Ты".
"Үйдүн куту аялда"
Жумушума байланыштуу гостролго чыкканда үйдө айлап жок болуп калам. "Үйдүн куту аялда" демекчи, үйгө келгенимде жолдошум, кызым жанымдан чыкпай, сагынып, тегеректеп калышат. Ушундан улам, үй-бүлөлүк жылуулукту аялзаты кармап, сактап турушу керек деп ойлоймун. Ата-энем мени адамдын муктаждыгын көрүп турсаң, жанынан кыя өтпө деп тарбиялашкан. Өзүм канчалык көп акча тапсам, ошончо көп акча сарптаймын. Ырларды жаздырам, костюм тиктирем, сырткы келбетиме да кам көрөм.Ошого карабастан бүгүнкү күндө кайрымдуулук иштери менен да алектенип келе жатам. Бирок мен ал иштеримди рекламалагым келбейт. Жардам алган адамдар өз ичинен ыраазы болушса гана ошол негизгиси.
Дин жана ыр
Менин бир туугандарым намаз окуп, дин жолунда жүргөн адамдар, мен да бир гана Кудайдан корком, ага ишенем. Байкем да 5 маал намаз окуйт, мага "ырдаган - күнөө, ырдабай эле койсоңчу" деген. Бирок мен бул талантымды Кудайдан деп ойлойм. Анан Кудай берген, ичимде оргуштап турган талантты жашыра албайм. Бирок, ырдаганда да мен жаман нерселерди эч качан ырдабайм. Ылгап, тандап, туура жолго үндөөчү гана ырларды жаздырам. Балким, мен бул айткандарым үчүн да акыретте жооп берип калышым мүмкүн.
Айзат Асанбекова