Көз оорулары-
Глоукома, Катаракт, Миопия жана гиперметропия
Адам баласынын жашоосунда көрүү органы эң негизги ролду ойнойт.
"Көрүү жана түшүнүү бактысы табигаттын берген белеги"-деп Эйнштейн бекеринен айтпаса керек. Дене түзүлүшүндөгү органдардын ичинен көздөн ажыроо-жашоо, тиричилик, жандуу табигаттан ажыроо дегенге барабар.

Көз ооруларынын
түрлөрү жана
пайда болушу
Көз алмасынын катмарына жараша көз ооруларынын ар кандай түрлөрү бар. Алар тубаса оору же кандайдыр бир себептен улам пайда болот. Азыркы учурда эң көп кездешкен көз оорулары булар:
Глоукома
- Бул көздүн кан басымынын көтөрүлүшү. Ал эң кыйын, коркунучтуу оорулардын бири. Глаукомада көздүн тамыры соолуп баштайт. Тукум куучу оору болуп эсептелинет. Эгер эне глаукома менен жабыр тартса, анда балага да өтүп кетүү коркунучу бар. Глаукома менен ооругандар алгач көздүн кан басымын текшерип, дарыгердин көзөмөлүнөн өткөн соң "тимолол", "фотило", "пилокарпин" ж.б дарыларды ичип турушу керек. Ар бир адам 35 жаштан баштап көз дарыгерине кайрылып көздүн кан басымын текшертип туруусу зарыл.
Катаракт
Жаш өткөн сайын организмде болгон өзгөрүүлөрдөн улам же жаракат алганда, зат алмашуу бузулганда, кант диабетинен улам, айрым тукум куучулук ооруларда катаракт оорусу пайда болот. Бул оору башталганда көз тумандап, тунарып, жакынды, алысты көрбөй калат. Катаракттын бир нече түрлөрү болот. Тубаса, өтүшүп кеткен, карыган кезде пайда болгон катаракт. Мурда катаракт менен алтымыш жаштан кийинки улгайган адамдар жабыр тартышса, азыр жаштарда да кеңири тарап, катаракт жашарып баратат.
Миопия жана
гиперметропия
оорулары
Алысты начар көрүүсү "миопиа" деп аталса, жакынды начар көрүүсү "гиперметропия" болот. Мындай учурда дарыгерлер медициналык текшерүүдөн өтүп, көз айнек тагынууну талап кылышат.
Пайда болуу себептери:
Учурда айлана-чөйрөнүн таза эместиги, туура эмес тамактануу, компьютерде көп иштегендер, телевизорду жакындан көрүп, китепти көп окугандар жогоруда айтылган ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Анткени, компьютер көздү талытат, чарчатат, бара-бара начар көрүүсүнө алып келет. Бир гана көзгө эмес, мээни кургатып, адамдын энергиясын алып, алсыз кылат. Компьютерден көздүн чел кабыгы жабыр тартып, көрүү начарлай баштайт. Ошондуктан биринчи учурда компьютерден сактоочу көз айнек тагынуу керек. Медицинада аны "компьтердик коньюнктивит" деп аташат. Көздүн булчуңдары талганда, көзгө күч келгенде бул оорулар пайда болот. Ошондой эле химикаттар менен иштегендер, эл ташуучу унааларды айдаган айдоочулар мындай ооруларга көп чалдыгышат. Бул учурда көз дарыгерге кайрылып, көзгө тамыза турган дарыларды пайдаланып туруу шарт. Компьютерде олтурган же китеп окуган адам "Сицтеин" дарысын тамызып турса, көздүн чарчоосун жоготуп, жакшы натыйжа берет. Бир күндө үч жолудан тамызып турса болот. Бирок, врачтардын көзөмөлүндө болуп турбаса, тынымы жок дары тамызган көз өмүр бою дарыга көз каранды болуп калышы мүмкүн.
Көнүгүүлөрдү
жасоо керек
Ар бир адам жумуштан үйүнө барганда көзгө көнүгүүлөрдү жасап, көздүн чарчоосун таратыш керек. Бармак менен көздүн үстүн акырын басып, ылдый-өйдө кыймылдарды жасап, көздү сааттын жебеси менен тегеретип турса, көзгө массаж болот. Ушул эле эрежени үч-төрт ирээт кайталап туруу керек.
Туура тамактануу
зарыл
Тамак аштагы витаминдер кырк пайыз этте болсо, алтымыш пайызы жер-жемиш, таттууларда камтылат. Көздүн жакшы көрүшү үчүн А витамини организмден кем болбошу керек. А витамини сабиз, көк алма, өрүк, дарбыз, банан, ашкабак, жүгөрүдө камтылган. Бул азыктарды күнүнө бирден жеп туруу зарыл. Учурда көзгө пайдалуу көп витаминдер бар. Мисалы: дуавит, пиковит, алфавит, асевит ж.б. Ал эми үй шартында буурчакты, буудайды, жер-жемиштерди көп колдонуу керек. Өзгөчө сабиздин курамында каротин көп. Көз ооруган кезде же операциядан кийин диетаны көзөмөлдөө зарыл. Курамында крахмал бар азыктарды, таттуу жана майлуу, туздуу тамактардан алыс болушу керек. Ал эми пайдалуу деп эсептелген азыктар-балык, жашылча жемиштер.





Гулзина Эркинбаева, №5 үй-бүлөлүк
дарыгерлер борборунун окулисти:
"Күнүнө жыйырмадан ашык операция жасалат"

- Катаракт оорусун кандай жолдор менен дарыласа болот?
- Негизи катарактын төрт стадиясы бар, баштапкы стадияларында дары аркылуу айыктырып алса болот. Эгер катаракт үчүнчү стадиядан өтүп кеткен болсо, операция жасоого туура келет. Айыл жергесинде жашагандар өзгөчө доктурга көрүнбөй жүрө беришет да, көзү көрбөй калганда кайрылышат. Операция жасаш үчүн алгач, анализ тапшырышы керек. Эгер анемия жана жүрөк оорулар болсо, кант диабетинин жетинчи көрсөткүчүнөн жогору болсо, анда операция жасоого болбойт. Анализдер туура чыккандан кийин операцияга уруксаат беребиз. Азыр операциялар он же он беш мүнөттө эле жасалат. Хрусталигин алып анын ордуна линзаны коебуз.
- Линзаларды кайдан алып келесиңер, анын баасы канча турат?
- Линза Кыргызстандан чыкпайт, аларды биз АКШ, Япония, Россиядан алып келебиз. Өкмөт бизге алып бергенге мүмкүнчүлүгү жок, жада калса колдонуучу дептер калемдерди дагы өзүбүз алабыз. Биздин клиникадагы микрохирургдар өздөрү чет маамлекеттер менен байланышып, алып келишет. Линза 4 миң сомдон 8 миңге чейин турат. Анын сапатына жараша баасы да ар башка. Бирок, бизде беш жашка чейинки балдар жана жетимиш жаштан жогорку кары адамдар бекер дарыланышат. Бирок, алар чет мамлекеттен келген линзанын акчасын төлөшөт. Бир күндө эртеден кечке жыйырмадан ашык операциялар жасалат.
- Операцияга чейин дарылоого мүмкүнбү?
- Катарактты операцияга жеткизбей дарылап турса болот. Мисалы үчүн катахром, квинакс, авто катахром таблеткаларын жана уколдорду алып дарылоого болот. Дарыларды бир ай ичет да эс алып кайра улантат. Ал эми уколду болсо он күн алат. Аквивин, покарнит жана башка витаминдерди алдын ала куйса болот. Бирок, өз алдынча дарыланбастан сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү зарыл.
- Көзгө эт өскөн учурда кандай дарылоо керек?
- Ал медицинада "птеригиум" деп аталат. Көбүнчө шамалдан, чаңдан жугат. Кээ биринин көздөрү шишип кетет. Шишиктин да түрлөрү бар. Мисалы: бөйрөк, жүрөк ооруса көздүн асты шишийт. Аны биз "ячмень" деп атайбыз. Мындай учурда биз антибиотиктер менен дарылайбыз. Эгер көзгө эт өсө баштаган болсо биринчи учурда дары тамызып, көз айнек тагынышы шарт. Мындай учурда этти өстүрбөй кармап турууга болот. Эгер көздү каптап бараткан болсо, операция аркылуу алып салуу керек.
- Миопиа оорусун алдын алууга болобу?
- Учурда жаш балдар компьютер менен күнү-түнү алектенишет. Телевизорду эртеден кечке көрүшөт. Ошондон улам көз чарчайт, талыйт, оорутат. Анан миопианы пайда кылат. Азыр жаштардан тартып карыларга чейин бул оору менен жабыр тартышууда. Миопианы рентгенге түшүрүп аныктап, анан көз айнек жазып беребиз. Азыр кээ бири көз айнек тагынгандан да уялышат. Мындай учурда "контакттык линзаларды" салып беребиз. Алар абдан жука жана ичке, жумшак болот. Алысты көрбөгөндөр минус, жакынды көрбөгөндөр плюс көз айнектерди тагынышат. Көз айнек тагынган соң бир жылда эки жолу көрүнүп туруусу керек. Жашы өткөндөр, көбүнчө 40 жаштан жогоркулар плюс көз айнектерди тагынышат.