PRESSKG.COM



п»ї
Таажыны башка кийчүң ким? Тактыга барып минчүң ким?
Күз ортолоп президенттик шайлоо өткөнү турат. Кыргызга хан болмокчумун дегендер эмитен эле ишке шымаланып киришүүдө. Айрым "ажо болчулар" БШКга арыздарын бере башташты. Алардын арасында, дегеле ажолукка аттанам дегендердин катарында аты-жыты элге таанылбагандар да бар экен. Анын баарын баа-таразага сала берели десек өзүбүз да тааныбайт экенбиз. Тааныбай туруп кантип таразага салмак элек. Ал эми "ажолукка мен гана татыктуумун" деген лөктөрү, азыноолак аты таанылып, анча мынча элге аралашкандары, өлкө жүгүн өз мойнубузга көтөрөбүз деп төш каккандары төмөндө турат. Эмесе ушулардын ичинде кимисинин салмагы канча экенин таразалап көрөлү дедик. Бу сапар эксперттерди ар тармактан иргедик. Алсак, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев,

белгилүү аналитик Алым Токтомушев, экономист Жумакадыр Акенеев, философ Карыбек Байбосунов, атактуу журналист, экс-депутат Мелис Эшимканов, серепчи Табылды Акеров, атайын эксперт Мурат Сүйүнбаев, ЭлТР телеканалынын директору Шайырбек Абдрахман, конфликтолог-талдоочу Жыргалбек Касаболотов, жана жаштардын өкүлү "Элиме" коомдук фондунун төрагасы Жаркынбек Касымбековдор болушту. Эксперттер баа-таразага түшкөндөрдү эл ичиндеги кадырына, шайлоодогу "шансына", жана да буга чейинки эмгектерине карап баалашты. Албетте, "он адам менен эле баалап коюпсуңар" дечүлөр чыгаар. Бирок, бул он адамды биз баардык баскычтан алып карадык. Аныгында он эмес, бир адам гана таасын баалап коёт эмеспи. Андыктан "ажо болом" деп ашыккандардын азыркы дарамети бул.




















Данислан АСАМАДИНОВ, Анарбек АБАЗБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??