PRESSKG.COM



п»ї
Марат Калмурзаевдин кызматка дайындалышына Момуналиевдин эч кандай тиешеси болгон эмес
"Кереге" гезитинин башкы редактору
Зайнидинов Кубаныч Барыктабасовичке
Урматтуу Кубаныч Барыктабасович!

Биз сиздин гезитиңиздин 13. 06. 2011-жылы чыккан №7 санындагы макалага тактоо ирээтинде маалымат берип коюуну туура көрдүк.
Калмурзаев Марат Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын-губернаторунун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенствосунун башчылары менен макулдашуу негизинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын № 199 буйругунун негизинде, Токтогул поселкалык Кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынып, Токтогул поселкалык башкаруусуна 07. 07. 2011-жылы убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамынын 41-беренесинин 8-пунктуна ылайык "Райондук маанидеги шаардын башчысынын кызмат ордуна жогорку билими жана мамлекеттик же муниципиалдык кызматта кеминде 2 жылдык стажы бар Кыргыз Республикасынын эмгекке жарандуу жараны талапкер боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны райондук маанидеги шаардын башчысы же поселкалык башчысы болуп шайлана албайт" деп мыйзамда жазылгандай Калмурзаев Марат райондук айыл-чарба департаментинде 3 жыл башкы адис болуп эмгектенген. 2010-жылдын март айынан бери поселкалык Кеңештин депутаты, жогорку билимдүү.
Жогоруда мыйзамда жазылгандай соттолгон адам эч убакта поселканын башкаруучусунун убактылуу милдетин аткаруучу жана кеңештин депутаты болуп шайлана албайт. Талапкердин депутаттыкка кандидатурасы коюлганда укук коргоо сот органдарынан кылдаттык менен текшерилет.
Андыктан Калмурзаев Марат эч кандай соттолгон эмес. Калмурзаевдин бул кызматка дайындалышында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелердин баары толугу менен сакталган. Убагында жеке ишкерлик менен алектенип, учурдун талабына ылайык Бишкек-Ош автожолунда 200 орундуу заманбап кафе курдуруп, учурда 20 адамды иш менен камсыз кылып, паселкадагы ар кандай маданий иш-чараларга активдүү катышып, райондук деңгээлдеги спорттук мелдештерде демөөрчүлүк кылып, колдоп келет.
Сиздин гезитиңизде жазылгандай Калмурзаевдин бул кызматка дайындалышына Өкмөттүн аппарат башчысы Н. Момуналиевдин эч кандай тиешеси болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес.
Урматтуу Кубаныч Зайнидинович! Жогорудагы макаланы гезиттин 13-июлда чыккан санындагы макалага тактоо ирээтинде жарыялап коет деп терең ишеничте болобуз.

Сизди жана сиздин эмгек жамаатыңызды
урматтап Токтогул райондук мамлекеттик
администрациясынын убактылуу
милдетин аткаруучу М. Эшматов
P.S. Журналистика мыйзамына ылайык экинчи тараптын да өз чындыгын берип турубуз. Калмурзаевдин жактоочулары анын соттолбогондугу тууралу ИИМден тил кат да алып келишиптир.




ООМАТ КАЗАКБАЕВ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ
же ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК УШИНТИП БАШТАЛАБЫ?...
Оомат Казакбаевдин иштен алынышы кара-балталыктар үчүн чак түштө күн күркүрөп, чагылган түшкөндөй таң каларлык окуя болду. Анткени, эл үчүн күйгөн, шаарды өнүктүрүп-өстүрүүгө чоң салым кошуп, локомотив сыяктуу иштеп жаткан ишкер жетекчинин кызматтан күтүүсүздөн алынышы үч уктаса түшкө кирбей турган жорук эле.

Элдер толкуп ташып, түрдүү сөздөр дуулдай баштады; "Оомат Казакбаевди иштен алуу Президенттик шайлоого карата даярдык, шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн КР Премьер Министри А. Ш. Атамбаев Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Т. Субанбековдун колу менен жайлап, өз кишиси Шабданов Данияр Автандиловичти алып келип койду" десе дагы бирөө "Казакбаевди атайылап жаманатты кылуу үчүн Чүй областык прокуратурасы аркылуу текшерттирип, элдерге тескери таасир жаратып жаманатты кылып туруп, жок кылууну көздөгөн, шайлоодо жеңишке жетүүнүн алдын ала ойлонуштурулган админстративдик ыкманын кара ниеттик формасы болду"- деген нааразылык үндөр жаңыра баштады.
Элди нааразы кылган иштин чоо жайы мындай эле. Көпчүлүк сүйгөн жетекчи, уюштуруучу жана эл баккан ишкер Оомат Казакбаев 2007-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин № 274 Буйругу менен Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Башкармасынын башчылыгына дайындалган. Ал эми 2008-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Жайыл районуна карашатуу Кара-Балта шаардык Кеңешинин №1 Токтому менен Кара-Балта шаарынын Башчылыгына шайланып эл журтка жаккан уюштуруучулук, кам көрүүчүлүк ишмердүүлүгү менен эмгектенип жаткан...
Кара-балталыктардын кыжырын кайнаткан, мыкты жетекчиси үчүн нааразычылык акциясын туудурган жорук бул; 2011-жылдын 8 июлунда Жайыл райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу Таалай Субанбековдун № 493 Буйругу менен Оомат Казакбаевдин кызматтан күтүүсүздөн алынышы жана аны прокуратурага текшертип, эл алдында ар намысына, кадыр баркына көө сүртүүгө болгон кыянат аракеттердин жасалышы болду.
Мыйзамды тепсеп өтүү, шайлоо алдында өз адамдарын каалагандай кызматка кое берүү биздин өлкөдө кийинки кезде өтө күч алды. Мунун кесепетинен эки жолу төңкөрүш болуп, бул азыркы бийлик ээлерине сабак деле болду окшойт. Эми минтип шайлоо алдында прокурордун жазганы боюнча элдин башын адаштырып, Оомат Казакбаевди кызматтан кетирүүнүн артында эмне жашырынып жаткандыгы даана байкалып калды.
Оомат Казакбаевди жумуштан кетирүү үчүн төмөндөгүдөй жагдайлар болушу керек эле;
1.О. Казакбаевдин кызмат абалынан пайдаланып же башкача кылмышка тиешелүү нерселер менен алектенип, мыйзамга каршы жасалган иштерин прокурор эмес сот адилеттиги аныктайт (сот бул боюнча Аныктама же Чечим чыгарган жок).
2.О Казакбевди кызматка койгон КР Президентинин 2007-жылдын 10-декабрындагы № 274 Буйругун жокко чыгаруу үчүн чоң аргументтер керек. (Прокурордун жазгандарынан башка андай аргументтер жок. Бирок, прокурор сот эмес)
3.2008-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаардык Кеңешинин №1 Токтому менен О. Казакбаев шайлангандыгына байланыштуу депутаттардын көпчүлүк добушу менен Казакбаевди кызматтан алыш үчүн Кара-Балта шаардык Кеңешинин депутаттарын чакырып, маселени кабыргасынан коюп, көпчүлүк добушу менен О. Казакбаевди кызматтан алыш керек болчу (Андай болгон эмес).
4.Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Т. Субанбековдун "Жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация" жөнүндө мыйзамдын 41-статьясына таянымыш этип О. Казакбаевди кызматтан алууга укугу жок эле. (Ал райондун акиминин милдетин аткаруучу кызматка гана ээ).
Кыскача айтканда Оомат Казакбаевдин кызматтан алынышы көпчүлүк айткандай Президенттик шайлоо алдындагы саясий заказ экендиги ачык байкалууда. Эгерде мындай абал улана берсе үчүнчү жолу төңкөрүш болуп, заказ бергендер Президенттик орун эмес эшигин таппай калышы турулуу иш.
Биз Оомат Казакбаевдин элин кара-балталыктарды колдоп, "Оомат Казакбаевден колуңарды тарткыла. Эртең кеч болуп калат!" демекчибиз.
Акмат
Насирдинов,
Бишкек шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??