PRESSKG.COM



п»ї

  Үзүлбөгөн үзөңгү

Эмилбек Өмүракунов, "The Kyrgyz Investment Group" компаниясынын негиздөөчүсү:
"Мухтарды жоготуу - мен үчүн айыкпас жара"
Өткөн жылы парламенттик шайлоого киришип жатып 19-июль күнү белгилүү коомдук ишмер, "Замандаш" саясий партиясынын лидери маркум Мухтарбек Өмүракунов партиялаштарын, үй-бүлөсүн, досторун, жакын санаалаштарын чогултуп, туулган күнүн белгилеген эле. "Кечээ көргөн бүгүн жок" демекчи, биз ошол элдин уулун ошол даталуу күнүндө эскерүү иретинде биртууган агасы Эмилбек Сүйүналиевичке экооз собол салдык.

- Эмилбек мырза, Мухтарбек Сүйүналиевич өз кезегинде "менин эң ишенимдүү адамым - агам Эмил"-деп маалымдаганы бар. Андыктан сиз иниңизге карата кандай пикир айтат элеңиз?
- Иним Мухтарбек эл оозуна алынып, саясатчы катары таанылганча көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. "Элге кызмат кылам" деп коомдук ишке киришкенге чейин тигүү цехин иштетип, миграцияда жүрүп, Россиядагы мигрант кыргыздардын тарткан түйшүгүн кошо тартты. Ошол чет жерде кор болгон замандаштарынын тагдыр талабынан улам "Замандаш" коомдук фондун негиздеген. Ушул фонд аркылуу коомго активдүү аралашты. Натыйжада, "Замандаш" ассоциациясы түптөлүп, "Заманадаш" саясий партиясы жаралды. Ал эми "Замандаштын" аты аталган иштердин бардыгына калайык калк өзү күбө.
- "Замандаш" партиясынын жаңылануусу тууралуу айтсаңыз?
- Мухтар акыркы сапарга чыгар алдында, апрель айында "Замандаш" партиясынын съездин өткөрүп, анда партияга жаңы күчтөр, жаңы адамдар кошулуп "Замандаш-Современник" деген ат менен жаңыланып жана партиянын реформалык стратегиясы кабыл алынган. Ал стратегия - партияны шайлоо үчүн гана колдонбой, бардык мезгилде эл менен үзгүлтүксүз иш алпарып, коомдук көйгөйлөрдү реалдуу чечүүнү камтыган өзгөчө багыты бар жаңы типтеги партиянын түзүлүшү боюнча зор чечим эле.
- "Замандаш" саясий партиясы чоң жоготууга учураган соң, партиянын "жоюлуп" кетүү коркунучу боюнча пикирлер арбыды. Сиздин жообуңуз кандай?
- Эми, партия лидеринен ажырагандан кийин коомчулукта, саясий элитада ар кандай сөздөр айтылып кетти. Азыр "Замандаш-Современник" саясий партиясында кандайдыр ич-ара келишпестиктер жок. Тескерисинче ички кыймыл-аракет күчүнө кирип, чыйралып, жаңы кадамдарга чечкиндүү бет алды деп айта алам. Республиканын бардык аймактарында кеңселерди ачып, ошол кеңселер аркылуу эл менен тыгыз кызматташуу, бирдиктүү максатта иш жүргүзүү колго алынат. Ал эми партиянын башкы максаты - бийликке жаңы элитаны алып келүү. Саясатка жаңы кирген саясатчылар бизге кошулуп жатат. Чындыгында жаңы, жаш, таза саясатчылар бийликке келип, өлкөгө сергек кызмат өтөмөйүн Кыргызстан оңолуу жолуна түшпөйт. Мухтар деле "акыйкат бийлик орномоюн оңолбойбуз" деп болгон ниетин таза бийликтин келишине арнаган. Демек, анын партиясы анын ой-тилегин орундатууга милдеткер.
- Партия жетекчилигинде орус тилдүү өкүлдөрдүн пайда болушуна, "Замандаштын" "Замандаш-Современник" болуп өзгөрүүсүнө не себеп же орус бийлиги тараптан атайын кийилигишүү болдубу?
- Себеби жөнөкөй эле. Бизде жашап жаткан ар улуттун өкүлдөрү көп. Кааласак-каалабасак да биздин мамлекеттин жарандары, алар менен аралашып бардык маселелерди чечүүгө мажбурбуз. Ошол орус тилдүү калк катмарындагылар да биз менен бирге коомдун жүгүн көтөрүшсүн, саясий кыйынчылыктарга аралашсын, кыргыздарга күйүмдүү мамиледе болушсун деп "Современник" коштолгон аталыш ыйгарылган. А жетекчиликке ортоктош болгон Станислав Епифанцев болсо, кыргызстандык орустардын орус маданиятына, тарыхына эмгегин арнаган алдыңкы абройлуу өкүлү катары кабыл алынган. Анын Орусия бийлиги менен канчалык катыштыгы бар экенин айта албайм.
- Демек, Орусиянын саясий таасири эмес эле ички улуттар аралык кызыкчылык үчүн жасалган аракет деп билет экенбиз да. Ушул улуттар аралык мамилелердин келечегин кандай элестетесиз?
- Былтыркы түштүктөгү өтө кайгылуу окуялар бизге эмне берди? Улут аралык араздашуунун орду толгус азабын кимдер тартты? Биз бардык нерсеге баа берип, андан жыйынтык чыгарууга үйрөнүшүбүз керек. Улуттар ортосундагы ынтымак канчалык бекемделсе - эртеңибиз ошончолук коопсуз. Кыргыз тилинин кадырын көтөрүү зарыл. Башка улуттагылар үчүн кыргыз тилин үйрөнүүгө 5-10 жылдык чоң программа кабыл алынып, кызыктуу курстар, атайы методикалык окуу куралдары, кыргыз тилчи окуутуучулар ж.б. маселеси чечилип, кызыкчылыгы корголсо натыйжа болот. Бөлөк улуттагылар кыргыз тилин билгенден кийин өздөрүн толук кандуу "кыргызстандыкмын" деп эсептеп калат. Ошондо мамлекеттик тилге болгон урмат сый артып, ынтымак башаты болот.
- Жаратман саясатчы Мухтарбек Сүйүналиевичтин мээнет-дүйнөсүнөн жаралган "Замандаш-Современник" саясий партиясына мындан ары ким лидерлик кылат?
- Апрелдеги съезд чечими боюнча тең төрагалыкка Мухтар менен катар Станислав жана Таалай аттуу жигитибиз чыгып, бирок, Мухтарды партия лидери катары тааныганбыз. Кийин Мухтардын ордуна Сапар Асанов теңтөрагалык милдетин аткарууда. Президенттик шайлоо өткөндөн кийин лидер тууралуу маселеге кайрылабыз. Албетте, партия бир лидердин жетегинде болот. Биздин партиянын ичинде лидер болчу азаматтарыбыз көп.
- Бул суроом үчүн кечирим сурайм, эл ичинде иниңиз Мухтарбектин өлүмүнөн "саясат" издегендер жок эмес. Кимдир бирөөлөр тарабынан атайылап жасалган жамандык катары шектенүүлөр эл оозунда. Бул боюнча биртуугандык жүрөгүңүз кандай сезимге түрттү?
- Албетте, Мухтарды жоготуу - мен үчүн айыкпас жара да. Ушундай маанидеги суроолор көкүрөктөгү ошол жараны ырбатып турат. "Киши колдуу болду" дегенди кээде гезиттен окуйм, улуу-кичүүдөн угам... Бирок, мен аны чыныгы кырсыкка кабылган деп эсептейм. Анткени анын акыркы мүнөттөрүндө жанында болгондор менин ишенимдүү адамдарым эле. Мага суук кабарды угузгандан тарта менде кенедей да шектенүүгө негиз болгон жок. Биздин жергиликтүү сотмедэксперттер, криминал изилдегичтер да кылмыштык белги байкалбаганын айтышты. Мен жоопкерчиликтүү биртууганы катары Мухтарды кырсыктын гана курмандыгы болгон деп айта алам. Мындан саясат издөөнүн кажети жок.
- Алдыдагы президенттик шайлоодо "Замандаш-Современник" партиясы кандай позицияда болот жана "Атамбаевдин кандидатурасы үчүн иштейт экен" деген имиштин канчалык чындыгы бар?
- Президенттикке кандидаттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп атканы чындык. Биздин партиядан кандидат чыкпаганы менен бизге максаты үндөш башка кандидатты колдоого аларыбыз да мыйзам ченемдүү күтүлүү нерсе. Бирок, ким менен биригерибизди айтууга азырынча эрте. Бул маселе сентябрда болуучу чоң форумда ачыкталат.
- Кандай болгон күндө да "Замандаш-Современник" партиясы баштапкы калыбын сактап, таасирдүү сапаты менен мындан аркы кадамын улайт деп ишендирет экенсиз да...
- "Замандаш-Современник" партиясы июль айынын ичинде сегиз конференция өткөрдү. Бул маанилүү жыйындардын бешөөсү Түштүк жергесинде, үчөөсү Түндүк аймагында уюшулду. Дагы алдыда көптөгөн активдүү иш аракеттер пландашылган. Ушундан улам биздин партиянын ишмердүүлүгүнөн, келечегинен күмөн саноонун зарылчылыгы жок.
- Ар адамдын башында өмүрдүн өкүттүү кечмелигин кечмейи бар эмеспи, ушул мезгилде кайсыл маселе сизди көбүрөк түйшөлтүүдө?
- Инимдин канчалаган жылдар бою жасаган аракетинин үзүрүн эми көрөрдө кетип калганына өкүнөм. Артында жаш балдары, келинчегинин боюнда калып мына-мына төрөлчү ымыркайы... Өзүнүн жаш кыйылган өмүрүн, жаш калган балдарын аяйм. Ошентсе да Мухтардын элдик инсан болгондогу бийик кадыры балдарына, биртуугандарына дем күч берип атканын туюп, кубат алам. А чындап мени түйшөлткөн нерсе Кыргызстандагы саясий кырдаал, экономикалык жоготуулар, жеке керт башынын эле кызыкчылыгын ойлогон айрым саясатчылар, саясий элита менен элдин ортосундагы ажырымдын кеңейип кетиши, социалдык жакырчылык өңдүү кемчилдиктер. Бирок, менде бир "биздин көчөдө да майрам болот" деген ички ишеним жашайт.
- Мамлекеттик кандай кадамдардын тезирээк жасалышын каалайсыз?
- Эң жөнөкөй кыргыздын "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы"-деген акыл-кеби бар. Ушуну тутунуп, сырткы күчтөрдүн таасирин азайтуу керек. Атайын "максат менен" агып келген чоочун программа тамыр жайганы жашыруун болбой калды. Маданиятыбызды колго алып, саясатка акыл-эстүү мамиле кылбасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. Тезирээк элита жаңыланып, тазарышы зарыл.
Азамат КЫЯЗОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??