Сереп

Өмүрбек Суваналиев
"Каттани" атыккан профессионал милиционер, чекист жана саясатчы, генерал-майор Ө. Суваналиев алдыдагы президенттик шайлоого катышып, аягына чейин турса сөз жок, олуттуу талапкерлердин бири болот. Темирбек Асанбеков, Акылбек Жапаров сыяктуу болочок талапкерлер боюнча кеп жок, түндүк регионунда туулуп өскөндүгүн эске албаганда, анын саясий салмагын А. Мадумаров, К. Ташиев өңдүү саясатчылар менен да салыштырып болбос эле. Сөз жок, Ө. Суваналиев алардан бир топ артыкчылык касиетке эгедер. "Комиссар Каттани" делген сыймыктуу кошумча атты бекеринен алып жүргөн жок.

Азырынча премьер-министрлик кызматын, тагыраагы, өлкөдөгү реалдуу мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын колго уучтап тургандыгынан улам А. Атамбаев түндүк регионунан президенттикке реалдуу талапкер саналууда. "Үйрөнгөн адат калабы" дегендей, өлкөдөгү административдик ресурстун бийликтеги Атамбаевдин пайдасына иштөөсү күтүлүүдө. Эгерде, күзүндө кырдаал өзгөрүп, коалициялык өкмөт таратылып, А. Атамбаев премьер-министрлик кызматтан ажырай турган болсо, ал автоматтык түрдө ордун бошотуп, түндүктөгү фавориттикти Ө Суваналиевге алдырат.
Албетте, мунун жетишээрлик себеп жөнү бар. Маселен, чоң саясатка Атамбаевдин аты-жыты белгисиз кезде эле, Суваналиевдин ысымы Кыргызстандыктарга жакшы тааныш болчу. "Атың чыкпаса, жер өрттө" дегендей, албетте, атакты дурус жагына да буруш жагынан да тапса болот дегилечи. Ал эми Ө. Суваналиевдин аты жалаң жакшы жагынан гана чыгып келатат. Учурдагы генерал өз атын чыгарып, популярдуу болууга деле күч үрөбөсө керек. Чындыгында, анын атын өлкөбүздөгү коррупция менен мыйзамсыздык чыгарды.
Коррупция, мыйзамсыздык 1981-жылы СССР ИИМинин Жогорку мектебин бүтүргөн профессионалдын башынан келишкис душмандары болчу. 1992-жылы Ысык-Көл району менен Чолпон-Ата шаарынын ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын майору Ө. Суваналиев мына ошондой кылмыштуулукка каршы келишкис күрөш жасагандыган улам жапа тартып, УКМКнын СИЗОсунда 10 ай камалат. Анткени, бир топ эле чоң кызматтагы чиновник обл. кеңештин төрагасынын уулу аралашкан баңгизат, уурулукка байланыштуу кылмыштын жана курорттук-соода мафиясына тийиштүү былыкчылыктардын бетин ачып, жыландын куйругун тепсеген болчу.
Ошондо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу милиция кызматкерлери нааразычылык митингин уюштуруп, Суваналиев камакка алынгандан кийин кызматташтары Бишкекке келип, "Мафиянын коргоочулары жоголсун!" деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп, аянтка чыгышкан болчу. "Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи, акыры Ө. Суваналиевге каршы жасалма жол менен козголгон кылмыш иши жокко чыгып, акталып, ал мурдагы кызматына кайтып барган.
Ө. Суваналиев 1995-жылы чоң саясатка ишенимдүү кадам таштап, парламенттик шайлоого катышып, №28 -Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланып, ошол депутат мезгилинде дагы кылмыштуулукка каршы иш жүргүзүп, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комиссияны жетектеген. Кийинчерээк, 1997-жылы ал Улуттук Коопсуздук министрлигинин Ош облустук бөлүмүнүн начальнигине дайындалган. Анын жетекчилигинде Ош облустук УКМ бөлүмү террористерди колго түшүрүп, террактардын алдын-алуу, Санк-Петербургдун вице-мэрин өлтүргөн "киллерди" колго түшүрүү сыяктуу, бир топ олуттуу иштерди аткарган. Баарынан да сенсациялуусу - эл аралык деңгээлде чуу чыгарган "курал-жарак" окуясы. 1998-жылдын күзүндө Ө. Суваналиевдин жетекчилигинде УКМКнын ОШ облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Ошко контрабандалык жол менен келип, чет өлкөгө чыгарылып кетмек болгон 20 вагон курал-жаракты колго түшүрүшөт. Бул опурталдуу ишке кыргыз бийлигиндеги үлкөн адамдардын тиешеси бар экендиги, алардын макулдугу менен "соода" жасалгандыгы деле белгилүү болчу. Бирок, Ө. Суваналиев анда мамлекеттик кызыкчылыкты, баарынан бийик коюп, жогоркулардын көрсөтмөлөрүнө кол шилтеп, өз милдетинин өтөөсүнө чыга алган. Анын бул чечкиндүү кадамы ошондо БУУнун алкоосуна арзыганы менен кыргыз бийлиги тарабынан айыпталып, Өмүрбек мырза кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. "Коммисар Каттани" деген сыймыктуу атын мына ушундай тайманбас кадамдары менен бекемдеп келатат.
Ө. Суваналиевдин андан берки ишмердиги 2005-жылдын 24-мартынан кийинки чоң тополоңду басып, Бишкекти тартипке салууга кошкон салым, уюшкан кылмыштуулукка каршы чабуулу, баары көпчүлүктүн көз алдында өттү. Ал табиятынан сөздүн эмес, иштин адамы. Айткан сөзүн, берген убадасын, тутунган принцибин жасаган иши менен айкалыштыра билет. Кыргыздын азыркы көпчүлүк саясатчыларына мүнөздүү болгон курулай популизм, трайбализм илдеттеринен алыс. Мисалы, ал трайбалист болсо, 2000-жылкы парламенттик шайлоодо ысык-көлдүктөр 8 талапкердин ичинен аны тандап, Жогорку Кеңештин депутатыгына шайлашпас эле. Канчалык бут тосушканына карабай, ошол шайлоодо Суваналиев жергиликтүүү талапкерлерди артка таштап, суурулуп чыккан болчу. Анан бийлик "ыңгайсыз" "Каттанини" соттун сок билеги менен жыгууга аргасыз болгон.
ЖК депутаты болгон, министр, губернатор болуп да иштеген Ө. Суваналиев саясий башкаруу тажрыйбасы жагынан да, башка талапкерлерден айырмаланып турат. Идеалдуу ишмер, саясатчы жок. Андыктан Ө. Суваналиевдин кемчиликтери да бар. Ошентсе да , анын коррупционер, же "коммерсант" саясатчы эмес экендигин бүгүнкү күндө өтө зарыл болгон артыкчылык сапат катары балоо керек. Азыркы Конституция боюнча, өлкө президенти экономикалык-чарбалык иштер менен алектенип, социалдык маселелер менен алпурушпайт. Бул жоопкерчилик премьер-министрдин мойнунда. А Президент өлкөдөгү мыйзамдуулукту көзөмөлдөп, ички жана тышкы коопсуздук үчүн кам көрүш керек. Мүмкүн мындай шартта Кыргызстанга дал Суваналиевдей президент керектир.
"Пресс-kg"




Турмушуң кандай, замандаш?
Элдин турмушу барган сайын оорлоп барат. Кайсыл адамга кайрылба, баардыгы жашоосуна нааразы, кымбатчылык, жокчулук, жакырчылыкта жашап атканын айтышат. Эл менен жолугуп, көйгөйүн сурап, аларга жардам берейин деген чиновниктер жокко эсе. Эл турмушун кантип кечирип жатканын өз үнүндө угалык.


Курсанай, 30 жашта, мугалим:
- Азыр кымбатчылык абалда турмуш жакшы деп айта албайм. Мамлекет азык -түлүктөрдүн баасын кымбататкан соң, айлыкты да ошого жараша кошуш керек деп ойлойм. Туура, мугалимдердин айлык маянасын көтөрүштү. Бирок, аларды категориясына карата бөлүп коюшуптур. Мен мисалы төрт жылдан бери тарых сабагы боюнча мугалим болуп иштейм. Мурда төрт жарым миң сом алсам, азыр алты миңдей алам. Бирок, алты миң сомдук айлык менен азыркы кымбатчылыкта канча күн жашаса болот?


Бегимжан, 36 жашта, дарыгер:
- Медициналык билимим бар болсо дагы өз кесибим менен иштечү эмесмин. Азыр мамлекет айлыкты эки эсеге көтөрүптүр дегенинен кайра жумушка орношуп жатам. Буга чейин жеке бала бакчаларда иштечүмүн. Азыр кээ бир жаштар балдарын баккандан коркуп, балалуу болушпай жүрүшөт. Россияны алып карасак азыр ар бир үй-бүлө эки-үчтөн балалуу. Анткени мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилген. Бизде да жок дегенде бала бакчаларды ачып, же балдарга жөлөкпул төлөп беришсе жакшы болмок.


Шая, 24 жашта, юрист:
- Мен Ош шаарынан келгениме бир айдай болуп калды. Бишкектен жумуш караштырып жатам. Өз кесибим боюнча юристмин. Тилекке каршы жумуш жок болгондуктан, бошмун. Дегеле бир жерге жумушка орношуу абдан кыйын экен. Буга чейин мындай кыйынчылыктарга туш болгон эмесмин. Азыр жумушка кирүү үчүн бирөөгө акча беришибиз керек же сөзсүз түрдө таанышың болуш керек экен. Жумуштап кирип калсаң дагы "кимден келдиң"- деп сурашат экен.


Абдурахмон,
27 жашта,
- Кудайдын буйругу менен жашоо өтүп жатат. Убакытты уттурбай пайдаланып калалы деп аракет кылып атабыз. Эки жыл Мосвада курулуш иштеринде иштеп келдим. Москвадан иштеп акча таап, бутка туруп алууга болот. Бирок, Кыргызстандагыдай эркин жүрө албайт экенбиз. Учурда чакан жерде нан жасап, сатып иштеп жатам. Эртең менен жумушубуз саат беште башталат да, кечки сегизге чейин иштейбиз. Тапкан акчабыз баскан-турганыбызга, ичкен жегенибизге жетет.


Жолдош, 25 жашта, малдоктор
- Мен агрардык университеттин "ветеринария" бөлүмүн бүтүргөм. Дагы башка окуу жайга тапашырсамбы деп ойлоп аткам. Бирок, акча жагынан кыйналып жатам. Мен азыр күндүзү "Народный" соода борборунда кайтаруучу болуп иштейм, түнкүсүн болсо авто жуучу жайларда, машина жууйбуз. Ошентсе деле тапкан акчам, бат эле короп кетет, эч нерсеге жетпей калат. А мен алдымда чоң пландарым бар, үй курушум керек.


Бахтияр, 32 жашта, айдоочу:
- Турмуш кудайга шүгүр. Бишкек-Каракол жолдорунда айдоочу болуп эртеден кечке иштейм. Азыр сезон башталгандыктан тынымсыз иштеп жатабыз. Учурда айдоочуларга абдан кыйын анткени, жолдун абалы начар, жүрүүдө кыйынчылыктарды жаратат. Мамлекет башчылары же бул тармакты көзөмөлдөгөн адамдар көңүл буруп коюшса абдан жакшы болмок. Буюрса туристтердин баары келе баштайт. Жолго өзгөчө көңүл буруш керек деп ойлойм.


Даярдаган Нургүл ИБРАЕВА