PRESSKG.COM

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Марат Султанов:
"Президент финансылык мыйзамдарды билиши шарт"
- Марат Абдразакович, президенттикке ат салышып атасыз, кандай негиздерден улам?
- Өзүңөр көрүп атасыңар көптөн бери президенттик абал абдан чоң коогалаңга учурады. Тилекке каршы эки президентибиз тең качып кетти. Менин президенттикке чыгышыма башкы негиз-бул Кыргызстандын келечектеги өнүгүшүнүнө, келечекте кандай Кыргызстан болушуна менин өзүмдүн жеке көз карашымдын бардыгы. Президенттин дагы максаты, коомдогу орду, көз карашы болуш керек. Ошол көз карашымды, ой-максатымды Кыргызстан жана анын жарандарынын жаркын келечеги үчүн жумшасам деген ой менен баратам. Ушул философияны эске алып, бийликтин жаңы маданиятын, жаңы өңүтүн көрсөткөнгө ат салышканы жатам.
- Кыргыздарда "мен кыйын" деген ит-оору бар. Айтсаңыз сиз такталашта кимди татыктуу жана күчтүү атаандаш деп ойлойсуз?
- Эң негизги атаандаш белгилүү эле. Бул Алмаз Атамбаев. Муну жарышка чыккандардын бирөөбүз дагы четке кага албайбыз. Бул кишинин бир топ мүмкүнчүлүктөрү бар. Эл ичинде кадыры дагы жогору. Бирок, ошону менен бирге эле алсыз жактары да жок эмес. Андан тышкары Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Омурбек Текебаев, Өмүрбек Субаналиевдерди мен күчтүү атаандаш деп эсептейм. Эми ким билет, дагы мындан да күчтүүлөр чыгып калышы мүмкүн. Америкада деле президенттик шайлоого чейин бир жыл мурда Обама анчалык деле таасирдүү эмес болчу. Ал жакта "каралардан президент болот" деген ой жок эле да.
- Атаандаштарыңыздан кандай өзгөчөлүгүңүз бар? Кандай артыкчылыктар менен алардан озуп чыгып, жеңишке жетесиз?
- Биринчиден: менин өзгөчөлүгүм, биринчиден Кыргызстандагы бөлүп-жаруу деген адаттан алысмын. Менин ата-тегим алыскы Алайдан. Өзүм Бишкекте төрөлгөм. Балалык күндөрүм Алайда өткөн. Мектепти болсо Бишкектен бүткөм. Апам болсо Чүйдүн кызы. Келинчегим Таластын кызы. Андыктан мен эч убакта кыргызды бөлгөнгө же ажыратканга аракеттерди таптакыр жасабайм. Экинчиден: экономикада саясатта, финансы багытында көп тажрыйбам бар. Азыркы Президент сөзсүз финансылык мыйзамдарды билиши шарт. Саясат негизинен мыйзам аркылуу өтөт, ал эми мыйзамды парламент бекиткен соң президент кол коюп маселеге чекит коёт. Андыктан Президент өкмөткө, парламентке экономика, финансы, бюджет жаатында туура багыт көрсөтүшү шарт.
Үчүнчүдөн: менин эл аралык мамиле тармагында тажрыйбам чоң. Менде эл аралык уюмдар жана биздин эң негизги боордош мамлекеттер менен сүйлөшкөнгө саясатта таасири күчтүү жоро-жолдошторум бар. Ошондуктан, алар менен мамилени күчөткөнгө, Кыргызстанды көтөргөнгө, Кыргызстан үчүн жакшылык алып келгенге мүмкүнчүлүгүм бар. Эң негизгиси Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүш үчүн, Кыргызстандын жарандары бай жашаш үчүн биз традициялык жол менен эмес, башка жол менен кетишибиз керек. Инновациялык технологиялар боюнча менин билимим чоң, микроэлектроника боюнча иштерди жакшы билем. Бул тармакта дагы илимий иштерим бар. Бул дагы мага жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Мен дайыма жаш муундарга, жаш балдарга мисал келтирем. Кыргызстандагы эң бай деген "Кумтөрдүн" капиталдаштыруу деңгээли 1 млрд. 400 млн.доллар. Мындан беш алты жыл мурун АКШда 3 жаш эле бала "Google" деген компания ачышкан. Азыр анын капитализациялык деңгээли 170 млрд. доллар. Башкача айтканда биздин "Кумтөрдөн" 90 эсе чоң. А биздин ички дүң продукциядан 25 эсе чоң. Ошондуктан билим жана иновациялык багытты да өзүбүздө өнүктүрсөк эң сонун болот. Мен башкалардан айырмаланып, инвестицияны сактап коргоого өзгөчө көңүл бурам. Аларга ылайыктап мыйзамдарга дагы бир топ өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.Мамлекеттештирүү деген түшүнүктү алып салыш керек. Инвесторлор мамлекеттештирүү дегенден коркушат. Сот системасын кандай багытта өнүктүрүш керек деген ойлорум бар. Ошол эле социалдык багытта, бажы биримдигине кириш керекпи, кирбеш керекпи? Бардык ушул маселелер боюнча өзүмдүн көз карашым бар. Мен бул ишти аткара алам деп толук ишенем.
- Бүгүнкү күндө түндүк-түштүк деген оору бар, сиздин тек жайыңыз түштүк аймагынан болгондон кийин түндүктүн кайсы мыкты чыкмасы менен тарапташ болосуз?
- Эми ачык эле айтайын. Эзелтеден бери пикир алышып келе жаткан, бирге жүргөн Нариман Түлеев жана ошондой эле Темир Сариев, Феликс Кулов, Акылбек Жапаров, Равшан Жээнбеков ж.б. менен тарапташмын. Андан башка да ар тараптан күндө телефон чалып атышат, көпчүлүк саясатчылар менен тил табышуу мен үчүн оңой.
- Айтып атпайбызбы "парламенттик республика болдук" деп. Чындап толук кандуу парламенттик республикабызбы?
- Парламенттик республика десе эле партиялар баарын жиликтеп алышып, ар-бири ар кандай бийлик ишканаларды бөлүп алып атышат. Мен буга каршы чыкканмын. Эгер биз Кыргызстандын өсүп өнүккөнүн көргүбүз келсе, биз эң негизги багытты да өзгөртүшүбүз керек. Партияга тиешелүүлүгүнө карабашыбыз керек. Бирок, парламенттик системанын терс жактары азырынча көбүрөөк көрүнүп калды. Баардыгын мыйзам жолу менен өз нугуна койсок болот. Азыркы күндө "толук кандуу парламенттик агымдабыз" деп айта албайм.
- Парламенттик республикада президенттин укуктары кыйла эле чектелүү болоору шарт. Анда эмне үчүн президенттикке ашыгып атасыңар?
- Туура, азыркы президенттин бийлиги мурдакы президенттерге караганда алда канча чектелүү. Бирок ошону менен бирге биздин президент мисалы үчүн Англиянын ханышасы эмес. Кайсы бир деңгээлде ыйгарым укуктары бар. Азыр айрымдар айтып атпайбы. "Бизге күчтүү президенттик бийлик керек" деп. Бирок, биз президенттик катуу бийликти эки жолу орнотуп көрдүк. Абдан интеллигенттүү адам деле бир жыйынтык менен бүттү. Менин колуман баары келет, керек болсо автомат менен атып коргойм деген адам деле бир финалга келди. Бул кыргызга жарашпагандан кийин эмне кереги бар(?) үчүнчү жолу эксперимент кылып. Менин оюм боюнча кээ бир жерлерде президенттин ыйгарым укуктарын күчөтсө болот. Мисалы, эл аралык багытта күчөтүш керек. Эмне үчүн? Анткени, накта парламенттик системага өтүш үчүн кандайдыр бир убакыт керек. Партиялар өнүгүп, стуктуралар пайда болуп калыш керек. Алардын өздөрүнүн традициялары болушу зарыл. Ошого чейин бир чоң проблема болушу мүмкүн. Мисалы башка мамлекеттер менен келишимдерди жүргүзгөндө, кээде абдан тез чечим кабыл алыш керек болуп калат. Мына ушундай тез чечимдерди президенттин кароосу зарыл. Эгер президент мурункудай бүт бийликти алып алса, ал аны сапаттуу жүргүзө албайт. Бийлик жакындарына өтө баштайт. Ага жол бербеш керек.
- Биздин саясатчыларыбызда аламан жарыш алдында чет өлкөлөргө барып бата алып келмей салтка айланып калган. Сиз кайсыл мамлекетке таянасыз?
- Эң биринчи элимден бата алайын деп атам. Кыргыздын салты болгондон кийин өз жерибиздеги элден бата алышыбыз керек. Анан да "алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" деген сөз бар. Мен да жакынкы коңшулар менен жакшы мамиле болсо Кыргызстанга пайдалуу болот деген ойдомун. Кыргызстан кичинекей мамлекет биз баары бир автомобилди өзүбүз чыгара албайбыз. Же чыгара турган болсо кимдир бирөөлөр менен кооперацияга баруубуз керек. Демек, соода сатыктарды өнүктүрүшүбүз керек. Чоң мамлекеттер деле экспорт импорт алакына өтүп атат. Сооданы ким аркылуу өткөзөбүз, коңшу Россия, Казакстан жана башка мамлекеттер аркылуу, Чыгыш жагыбызда Кытай, батыш жагыбызда Өзбекстан менен Тажикстан эгер бул мамлекеттер менен мамилебиз начар болуп калса, бул Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Биздин эң негизги өнөктөшүбүз бул коңшу Россия менен Казакстан. Эмне үчүн дегенде биздин эспортторубуз негизги ушул эки өлкөгө кетип атат. Экинчиден биздин жарандарыбыз ушул өлкөлөрдө иштеп, акча таап, өзүнүн жанын да багып, Кыргызстандагы туугандарына жардам берип, Кыргызстандын экономикасына салым кошуп, инвестиция киргизип атышат. Ошол өлкөлөрдөгү 500миң жаран ишсиз калса ошол жактан келген 1,5 млрд. доллар бизге кирбей калса чоң катастрофа болот. Ошондуктан эки мамлекет биз үчүн стратегиялык мамлекет болуп эсептелинет. Биздин Дордой, Кара-Суу соода базарларыбыз Кытай менен соодалашып жашашат. Биздин эсебибиз боюнча убагында 250 миң киши бул тармакта алектенет экен. Эгер кытай чек аралары жабылып калса, бизге чоң залакасын тийгизет. Ошондуктан үч мамлекет менен биз дайыма жакшы мамиледе болушубуз керек. Мен муну мамлекеттик негизги багыт катары эсептейм. Өзбекстан менен Тажикстанга дагы көз жумбашыбыз керек.
- Шайлоого көп каражат кетээри белгилүү. Каражатыңыз барбы?
- Эгер бир нерсени туура эмес уюштурсаң пулуң жетпейт. Мен көп мекемелерде иштегем. Эгер туура уюшулган болсо, пулуң да туура чыгышы мүмкүн. Өзүм банк жана финансы системасында көп иштедим. Каражатты эффективдүү колдонуу жолдорун издөөгө көнүп калганбыз. Атын айтпай эле коеюн жакында эле бир атактуу саясатчы президенттикке ат салышка 40 млн. доллар керек деп айтып жатат. Элестетсеңер 40 млн. доллар эмне деген акча? Биздин мамлекет чет мамлекеттерге барып ыйлап сыктап эптеп 10 млн. же 20 млн. доллар алып келишет. Менин оюм боюнча шайлоо кампанияга мындай чоң акчанын кереги жок. Мен өзүмдү кедей адам деп эсептебейм, бирок чириген баймын деп айтпайм. Бирок ишти баштаганга акчам жетиштүү. Мага жардам берем дегендер да бар.
Маектешкен
Кубаныч
Зайнидинов





кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"




а ­е¦Є.НҐй«