PRESSKG.COM



п»ї
Жолдошбек Жанжигит уулу, "Учур" театрынын актеру:
Гастарбайтер, Москвадагы
Кыргызча той жана театр
"Учур" театрынын актеру Жолдошбек Жанжигит уулу жакында эле Москвага иш сапары менен барып, жагымдуу жаңылыктары менен кайтып келди. "Учур" театры Чехов фестивалына катышып, Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол"спектаклин коюп москвалыктарды тамшандырышты.


"Киного тартылууга
мүмкүнчүлүк алдым"
- 27-июнда Москва шаарына жакшы тилек менен аттанган элем, ошол тилегим ишке ашып, биз барганда Сергей Дворцовойдун кинопробасы бүтүп, жаңы съемка башталганы турган экен. Рустам Сапиев жана ошол жерде окууга өтүп, ал жакта жашап калган 3 бала бар эле, алар менен биргеликте барып көрсөк, мени бир көрүп эле "профессианалдуу актер экен" -деп, дароо эле кабыл алышты. Баштапкы съемкасына, репитициясына катыштым. 30-июнда кайра чакыруу келсе, биринчи августтан тарта фильмди тартуу башталат.


"Кинодо "гастарбайтерлердин"
көйгөйү чагылдырылат"
- Бул фильмде негизинен гастербайтерлер тууралу, алардын жашоосундагы көйгөйлөрү жөнүндө чагылдырылат экен. Мында бир гана кыргыздар эмес, бүтүндөй КМШ боюнча Россияга көр оокаттын артынан "акча таап, бутка турам" деген максат менен барып, ал жерден кыйналып, каттоодон өтө албай, кандайдыр бир фирмалар менен келишим түзүп алып алданып калган, же болбосо тапкан акчасын уурдатып жиберген, банкротко дуушар болгон адамдар жөнүндө кеңири көрсөтүлөт. Бул фильм эки жактуу: гастарбайтерлердин жашоосу жана адамдарды алдап, ортомчулар аркылуу акча өндүрүп жаткан Россия милиционерлеринин кылган амалдары жөнүндө болот. Бул фильмдеги ролум өтө чоң эмес. Бирок, биз үчүн чоң аренага чыгууда кичине эпизод болсо да чоң жетишкендик деп айтууга болот.


"Москвада да тамада болдум"
- Россияда кадимкидей өзүнүн бизнесин ачып, бутка туруп, өз махабатын таап, баш кошуп жаткан адамдарыбыз да көп. Ошолордун ичинен таластык жигит нарындык кызга үйлөнүп, Москвада чоң той берип жатышыптыр. Ал кечеге тамада болуп, Москвалык кыргыздардын тоюна күбө болуп келдим. Кадимкидей эле чыныгы кыргыз тою болду. Жигити калпак, кызы шөкүлө, улуттук орнаменттери бар оймо - чийме чапандарды кийип, беш бармак тартылып, айтор той бийик деңгээлде өттү. Кызыгы, бул эки жаш кыргыздын улуттук кийимдерин кийип алып Кызыл Кремлде басканда элдер, туристтердин баары экөөнү токтотуп алышып, кечке тизилип сүрөткө түшүп, эл жери, ата - теги жөнүндө сурап жатышты."Туулган жердин топурагы алтын" дегендей, мен да барган күндүн эртеси эле өз жеримди сагынып, кетким келип баштады.


"Сыймык жана сыйлык"
-Кыргыз театр тарыхында дүйнөлүк Чехов фестивалына биринчи жолу "Учур" театры катышты. Буга чейин түркмөндөр, тажиктер катышкан. Бул жылы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз биз тандалдык. Бул фестивалдын дүйнөлүк орду чоң. Мына ушул жерге Япония, Америка, Кытай, Лондон, Италия ж. б. катышкан. Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" аттуу пьесасын койдук. Абдан жакшы болду. 3 күн ойнодук, 3 күн бою аншлаг менен өтүп, бүткөндөн кийин көрүүчүлөр, туристтер, жалпы театр сүйүүчүлөрү ошол жерден кетпей, ыйлап, каалоолорун айтып жатышты. Биз менен кошо эле башка залда лондондуктардын "Золушканын коду" деген спектакли коюлган эле. Элдер бизге келип, "алардыкы жөн эле шоу экен, ал эми силердики болсо, көз менен көрүп, жүрөк менен тааный турган спектакль экен"-деп айтып жатышты. Бул биздин театрдын он жылдык юбилейине жакшы белек болду. Ошол жактан да чоң продюссерлерден кийинки жылга жакшы сунуштар, чакыруулар түштү. Сыймык менен барып, сыйлык менен кайтып келдик. Кыргыз маданиятына да чоң салым коштук деп айта алам.

даярдаган Нургүл ИБРАЕВА




Оо, "Ойгон.kg" ойгонду!
Интернет булагында "Ойгон kg " деген аталыштагы жаңы сайт ачылды! Сайттын багыты эл аралык ынтымакты бекемдеп, улуттар аралык биримдикти ширетүүнү максат кылат. Интернационалдык үй-бүлөлөр тууралуу кызыктуу маалыматтар жана алардын турмуштагы өзгөчөлүгү, эң кызыктуу тагдырлары чагылдырылат. Ошентип, "Ойгон kg" жаш муундарга, жалпы замандаштарга адамзаттын жашоо образы, тагдыр бакыты улутуна карай айгинеленбесин жайылтат. Эмесе, миң уккандан бир көргөн деп, сайтка өзүңүз көз жүгүртүп, ийгилигине ортоктош болуңуз.








кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??