Адылкан Бекболотов, бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу:
"Кыргыз боксуна өзгөртүү киргизебиз"
Кыргыз боксу… Бул спорттун Кыргызстанга келгенине сексен жылдан ашуун убакыт өтүптүр. Бул аралыкта кыргыз боксчулары бирде эл аралык мелдештерде алтын тагынып, чемпион аталышса, бирде чейрек финалдан өтпөй, максаты суу кечпей калган учурлар болгон…

- Адылкан мырза, Советтер союзунда кыргыз боксу мыкты өнүккөн эле. Эмнегедир азыр солгундап кетти. Себеп эмнеде?
- Советтер союзу кезинде Кыргызстандын бокс боюнча курамасы эң күчтүү командалардан болгон. Себеби ал кезде өлкөдө мыкты машыктыруучулар, жаңы спорт залдары, өспүрүмдөр үчүн атайын балдар мектептери иштечү. Ошол жерден мыкты мушкерлер чыкчу. Мына Сидней олимпиадасын карасаңыз, Кыргызстандан беш мушкер ошол олимпиада оюндарына лицензия алышкан. Кыргыз мушкерлеринин беш лицензия алышынына, мушкерлерибиздин СССР кезиндеги бокс мектебинен тарбия алгандыгы себеп болгон. Андан бери бир топ убакыт өттү. Азыр бул спорт да аябай өстү. Өзгөчө Азия мамлекеттеринде кулачын кенен жая алды. 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиада оюндарында он бир салмак ченинен беш алтын медалды Азиянын мушкерлери жеңип алышты. А Кыргызстан курама командасынын мындай ири мелдештерде жеңе албаганынын себеби, мурдагыдай машыктыруучулар жок, машыгуучу залдардын эскилиги жеткен, СССР кезиндегидей тажрыйбалуу адистер аз. А Союз мезгилинде машыктыруучулар жетишээрлик маяналарды алышчу. Азыр андай эмес. Окууну жаңы бүтүп келген жаш машыктыруучунун алган айлыгы эки жарым, үч миң сомду түзөт. Анан ал алган акчасына үй-бүлөсүн багыш керекби же балдарды машыктырыш керекби. Баардыгы ушунун айынан болап жатат.
- Демек бул тармактын аксап атышына каражат гана кедергисин тийгизип аткан турбайбы?
- Мына мен Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштегениме эки жарым жылдан ашты. Жаңы келип иштеп жаткан мезгилимде мен кыргыз боксун СССР кезиндегидей эле элестетип, өзүм машыгып жүргөн жылдардай мүмкүнчүлүктөр бар, анча-мынча кыйынчылыктар болбойт, шарттар түзүлгөн деп ойлопмун. Көрсө андай эмес экен, көп кемчиликтерибиз бар экен. Мына учурда Кыргызстандын курамасы машыгып жүргөн "Спартак" залын алсаң, кырк жылдан бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошого карабастан биз ошол жерде машыгууларды өткөрүп турабыз. Жакшы ийгиликтерди көрсөтүш үчүн биринчиден балдарга керектүү шарттарды түзүп, жаңы спорт залдарды куруп берүү зарыл. Канчалык көп зал болсо, ошончолук мыкты спортчулар чыгат. Мына биздин мезгилде бир залга миңдеген балдар келип турчу. Ошолордун арасынан саналуу бирок сапаттуу мушкерлерибиз чыкты. Алар Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков сыяктуу бокс дүйнөсүнө жаңырык салган чеберлерибиз. Андыктан өкмөт көңүл бөлүп, колдоо көрсөтсө жогорудагы мушкерлерибиздей спортчуларыбыз бизден көп чыгарына толук кепилдик бар.
-Кыргызстан боксун коңшу Казакстан менен салыш тырып көрсөк. Албетте, Казакстан экономикалык жактан Кыргызстанга салыштырмалуу бир топ жогору турат. Ошентсе да спорт мамлекеттин экономикасынан көз каранды болобу же аларда СССРден калган бокс мектеби толук сакталып калганбы… Алардын мушкерлери биздин спортчуларга салыштырмалуу күчтүү. Маселе эмнеде?
-Эми чындыкты айтып кетейин. Алсак, Казакстанда илгерки СССР кезинде иштеп жүргөн машыктыруучулар дагы деле өз милдеттерин аркалап, балдарды тарбиялап жатышат. Анткени алар ошол мезгилде маянаны кандай алышса азыр деле ошондой акчага эмгектенишүүдө. Алардын алган акчасы биздин машыктыруучулар алган айлыктан он эсе көп. Ошол эле союз мезгилинен калган бокс мектеби дагы деле улантылып жатат. Андан башка дагы себептер бар. Мен алардын башкы машыктыруучусу менен ар кандай эл аралык мелдештерде жолугуп, сүйлөшүп калам. Алардын айтымында өкмөт менен федерация бокска аябай чоң көңүл бурат. Чоң өлчөмдө акча бөлөт. Анан акчадан бөлөк башка дагы жагдайлар бар. Алар бокстун өнүгүшү үчүн жаңы залдарды куруп, керектүү шарттардын баарын түзүүдө.
- Бизде жаңы салынган залдар барбы?
- Бир дагы жаңы салынган залды көрө элекмин. Залдын салынбашынын себеби катары каржы менен колдогон адам жок. Патриот инсандар аз. Залдарды куруп, мыкты спортчуларды чыгарыш үчүн аларды колдогон патриоттор болуш керек. Ошондо гана өлкөдө спорт өнүгүп, олимпиада чемпиондору чыгат.
- Сөздү өзүбүздүн курама командага бурсак. Олимпиада оюндарында болбосо да Азия оюндарында ийгилик жаратсак болмок. Бирок, эмнегедир ал жакта да керектүү жыйынтык чыгара алган жокпуз…
- Өзүңөр көрдүңөр, Гуанчжоу шаарында он алтынчы Азия оюндары өттү. Мен курама команданын башкы машыктыруучусу катары айтып кетейин, биз колдон келген аракетти жасадык. Спортто дүйнөлүк аренада ийгилик жаратыш үчүн убакыт керек экен. Мен өлкө курамасын машыктырып жатканыма эки жарым жыл болду. 2009-жылы башкы машыктыруучу болуп келгенимде, ошол курама командада Таласбаев, Карипов, Бакиров сыяктуу мушкерлер болгон экен. Азыр болсо мен алардын баарын алмаштырып жаңы курамды түздүм. Азыркы курамда баары жаңы балдар.
- Муну кандай түшүнсө болот. Сиз Карипов, Таласбаев, Бакиров сыяктуу мушкерлерди курамдан чыгарып, алардын ордуна өзүңүздүн балдарды алып келдиңизби? Же муун алмашуу болдубу?
- Жок алардын доору өтүп, муун алмашуу болгон жок. Алар деле азыркы курамда машыгууларын уланта берсе болмок. Бирок, менин талабыма жооп берген жок. Мен машыктыруучу болуп келгенден кийин алдыма максат койгом. Ал максатым үзгүлтүксүз машыгуу жасап, эмгектениш керек. Азыркы курамда баары жаш балдар. Учурда алар менен машыгууларды өткөрүп, эл аралык мелдештерде өлкө желегин желбиретели деген максатыбыз бар. Анүчүн талыкпастан эмгектенүү зарыл. Кыргызда сөз бар го "иштесең тиштейсиң" деген. Ошон үчүн күнү-түнү иштөөдөбүз.
- Тажрыйба алмашуу жааты кантип жатат?
- Балдардын өсүшү үчүн 26-июлга Орусиянын биринчи баскычында боксташып келген мушкерлерин Ысык-Көлгө чакырдым. Алардын арасында Бээжинде өткөн олимпиада оюндарынын жана дүйнө чемпиондору, эл аралык класстагы жана эмгек сиңирген спорт чеберлери менен бирге 2010-жылдагы дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу Николай Хромов келишет. Мен аларды чакыруу үчүн үч айдан бери чуркап жатып, акыры алардын макулдугун алдым. Буюрса алар менен биргеликте биздин балдар он беш күн бою Ысык-Көлдүн Тамга айылында жайгашкан Коргоо министрлигинин санаторийинде машыгууларды өткөрөт. Жалпысынан Орусия тараптан Кыргызстанга отуз бир адам келишет.
- Орусия курамасын чакырууга эмне негиз болду?
- "Биздин мушкерлер дүйнөнүн мыкты мушкерлери менен машыгып, алардан тажрыйба алсын, бизден да Олимпиада чемпиондору чыксын" деген тилек менен иштөөдөмүн. Экинчиден коңшу турган Казакстандын мушкерлерин чогуу машыгууга чакырсам, алар: "Адылкан, биз бара албайбыз. Себеби, Украина менен Грузиянын мушкерлерин өзүбүзгө чакырдык. Алар менен машыгууларды өткөрөбүз, кечир" деп койду. Анан аябай ызаландым. Мурдараак эле Кыргызстанга барабыз деп айткан казак мушкерлери бизди тең көрбөсө дедим да, Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштадым. Акыры максатыма жетип, орустардын макулдугун алдым. Казактарды карасаң алар Орусияны бир ирет да чакырган эмес, анткени орустар казактарга өздөрүнүн сырларын айтпайт. Эки мамлекет бирдикте бир да жолу машыгуу өткөргөн эмес. Себеби, орустар алар менен бирге машыгууну каалашпайт. А казактар биздин курамды алсыз сезип, чакыргысы келген жок. Буюрса биз кыргыз боксуна өзгөртүү киргизебиз. Биздин боксчулар менен башка мушкерлер да эсептеше турган кылабыз. Азыр ушул максатта баардык иштеримди таштап, болгон күчүмдү курама командага, мушкерлерибизге жумшап жатам. Ал деңгээлге да жетебиз.
Алмаз Калназаров




Жарнама
"Puxel" студиясы видео, фото,
слайд-шоу кызматтарын аткарат.
тел.: 0 543 03-42-52, 0 778 68-67-90

Вагон жана нива автоунаасы сатылат.
Баасы келишимдик негизде.
Байланыш тел.: 0 550 23-60-35

Кол арабалар сатылат.
Байланыш тел. : 0 550 23-60-35

Бильярд столун, тир мылтыктарын сатып алабыз.

Байланыш телефону: 0778 85 18 93
Алыкул, Жолон, Турарды окуйсуңбу?
Урматтуу поэзия сүйүүчүлөрү. "Нурборбор" чыгармачыл жаштар бирикмеси сиздерге арнап, кыргыз поэзиясынын лөктөрү болгон Алыкул Осмоновдун "Ата Журт", Турар Кожомбердиевдин "Мен тоолордун уулумун", Жолон Мамытовдун "Издейм сени" деген аталыштагы үчилтик чакан чөнтөк китебин "Бийиктик" басмаканасынан басып чыгарды. Китепти түзгөн Нурлан Калыбеков. Поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, залкар акындардын лирикаларынан татууну каалаган замандаштар, дегеле китеп сүйүүчүлөр. Бул үчилтикти алууну кааласаңыздар "Кереге" гезитинин редакциясына же 663721 телефонуна кайрылыңыздар. Үчилтиктин баасы 200 сом.