Ташка баткан тамгалар

ТАЛАСТАН табылган таш бетиндеги байыркы кыргыз жазууларынын окулушу
(1896 - 1982 - жылдарда)

Тарыхый - маданий эстеликти каттоо, сактоо, даңазалоо - мекенчилдин милдети!
№1 таш жазуу. 1896 - жылы жазында Таластагы Дмитриевский кыштагынан (азыркы Талас шаары) 8 км түштүк чыгыш тарабындагы Айртам - Ой деген жерде (Олуя Ата уездинин Кеңкол болуштугунда) белгисиз жазуусу бар таш жатканы жөнүндө ойозго кабар угулган. Ал таш ошол жылдын ноябрында Таластагы мугалим Гастев, арачы сот (мировой судья) И.В.Аничков жана Олуя Ата ойозу В.А.Каллаур тарабынан табылган. Алынган көчүрмөсү Ташкенттеги жаңы түзүлгөн Археология ынтызарларынын ийримине кабарландыруу үчүн жөнөтүлөт. Ал жактан 11- декабрдагы жыйындын чечиминин негизинде ал көчүрмө Петербургдагы окумуштуу В.Р.Розенге окуп таанышуу үчүн жөнөтүлгөн. Бирок, ал тексттин алгачкы котормосун 1899- жылы В.В.Радлов берген. Борбору Ташкент болгон Түркестандагы археология күйөрмандарынын ийрим мүчөлөрү (ТКЛА - 1896 - 1917- жылдары) 21 жыл иш жүргүзгөн. Андан соң (1920-ж.) Түркомстарис, анан (1925-ж.) Средазкомстарис ишти улаган. 11-декабрдагы жыйындын чечиминин негизинде бул таш Олуя Ата (кийинки Жамбыл, азыркы Тараз) шаарындагы ойоздун бак - чарбагына чийне менен жүктөтүлүп жеткирилген. Кийин, 1931 - жылдан соң Ленинграддагы (азыркы Санкт - Петербург) мамлекеттик Эрмитажка алып барылган. Ошентип, аны 1896 - жылы Петербургдук окумуштуу В. Р. Розен, 1897 - жылы 25 - февралда П.М.Мелиоранский, 1898 - жылы 6 - майда фин окумуштуусу Г.И.Гейкель (1865 - 1937), 1899 - жылы В.В. Радлов (1837 - 1918), 1925 - жылы М.Е.Массон, 1926 - жылы Ю. Немет, 1936 - жылы С.Е.Малов, 1939 - жылы түрк окумуштуусу Х.Н.Оркун, 1971 - жылы И.А.Батманов карап, окуп көрүшкөн.
Илимдин түбү чексиз деп айтылат эмеспи. Менде булардан ашайын деген ой жок. Бир топ убакыттан берки жеке даярдыктан соң, түп нусканын өзүн болбосо да , сүрөт көчүрмөлөрүн, эстампаждарын карап, өйдөңкүлөрдү оңдоюн деген оюм болбосо да, ушул 2011 - жылдын 20 - июнунда жаңыча окууга дитим барды. Жазуу төрт сапка сыйган.
1.Атызым - Итип, эр атым - Одун (а) эсиз (а).
2.Катуны (а) Биттим (а) тул(л)ы (а) калмыш (а) .
3.Инилери (а) - Кара Барс (а), Огыл Барс (а).
4.Өзим (а) - Ишинек (а).
Азыркыча мааниси -
1. Коюлган атым - Итип, атагым - Одун азиз, 2. Айалы (мырза айымы) Биттим тулга отуруп (тулдуу) калды. 3.Инилери - Кара Барс, Огыл Барс. 4. Өзүм (жазууну жазган киши) - Ишинекмин.
№2 таш жазуу. 1898 - жылы январда ойозго мурдагы табылган ташка жакын аралыкта, батыш тарабында жаткан жазуусу бар дагы бир ошондой таш жөнүндө кабарландырылат. Бирок, ойоз жазга чейин ага кайрылып барууга пурсаты болбойт. 1898 -жылы 5 - майда жергиликтүү тургун Д.Бердыкожиндин жардамы менен ойоз В.А.Каллаур биринчи эстеликтен 500 метрче түштүк батышынан, "Алтыбай" аталган орундан бул №2 ташты тапкан. (Ушул эле жерде дагы бир жазуусу бар сай таш кошо табылган. Булардын биринде 6, экинчисинде 11 сап текст болгон. Кийинкисин, (табылган ташты) фин окумуштуулары (Г.И.Гейкель, К.Мунк, О.Доннер) бир ташты 1899 - жылы Финландиянын борборуна уруксат алып ташып кетишкен. 1896 -1898 - жылдары мындай жазуулар сай таштан, борчук беттеринен ошол эле чөлкөмдөн баш - аягы бешөө табылган. Мурда, 1897 -жылы 4-июнда да ойоз В.А.Каллаур мугалим Гастев экөө Таластын Терек Сай аталган колотунан вертикалынан жазылган 38 саптуу согду жазуусунун бурчунан эки сап ушундай жазууну (№3) табат. Ойоздун көрсөтмөсү менен ушул эле жылдын сентябрында тилмеч Бекчуров жана татар М. Файзырахманов экөө барып экинчи ирет көчүрмөсүн алышкан. (Эскертүү - Ушул эле чөлкөмдөн кийин 11 тамгадан турган №13 жазуу табылган. №14 жазууну 1977-жылы майда Талас өрөөнүнүн Ленин колхозунун Тынбас деген чөлкөмүнөн Четин Жумагулов, кийин 1981 - жылы күздө Таластын Куру Бакайыр деген өрдөшүндөгү аска боорлорунан №16, №17 жазууларды окумуштуулар Четин Жумагулов менен И.Кожомбердиев табат.(1982 -жылы мурда жоголду деп жүргөн, 1898-жылы В.А.Каллаур Айртам - Ойдон тапты делген № 4 жазуу таш кайра табылып, изилдөөгө алынат. 1962-жылы мурда жоголду делген № 2 таш кайра табылып, Фрунзедеги (азыркы Бишкектеги) тарых музейине жеткирилген. Кийин, мугалим В.Д.Сердюков Таластын Ленин колхозундагы сүт - товар фермасынын аймагынан ээгине жазуу түшүрүлгөн (№18) кишинин таштан жасалган баш кебетесин тапкан. Ал эми, №12 жазуу 1962-жылы баягы эле Айртам - Ой деген жерден археолог Д.Ф.Винник тарабынан табылган болчу. Азыр ал олчойгон жазуу таш Бишкектеги тарых музейинде турат.
1898 -жылы №2 жазууну П.М.Мелиоранский (1848 - 1906), 1918 -жылы Г. Гейкель котормосуз эле жарыкка чыгарышкан. 1926 - жылы Ю. Немет, 1936 - жылы С.Е.Малов, 1939 - жылы Х.Н.Оркун, 1971 - жылы И.А.Батманов, 1962 - жылы жана 1982 - жылы эки ирет Четин Жумагулов окуп, котормосун берип көрүшкөн.
2011 - жылдын 10 -май жана 17 -июнь күндөрү ал ташты Бишкектеги тарых музейинин сыртында күнсүп жаткан жеринен кармалап карап, тигилерден итабар бөлөк окуганыма өзүм да таң калдым. Жазуу сегиз сапка чийилген. Экинчи саптан кийин өтө майда жазылган, мүмкүн согдуча арип менен берилген эки сап окула бербейт. Бул эки сап тиги сегиз саптан мурда жазылганы баамдалат. Бул сегиз сап жазуудагы бир артыкчылык - датасы берилгенинде! Менин окуганым 1. Отуз Оглан сагдычлары! Пичин илтег эрмиш. 2.Эр атым - Кара Чора, йагы аты - Кара Йазмыз эрмиш. 3.Алты уй асыг айы эркиде сиңилик өлмиш. 4. Кар(а) Чора - атум, кулы - Кара Йазмыз. 5.Кар(а) Чора эсиз өзиге, уйаларына адырылмыш. 6. Атасы аты - Тоган, оглы аты -Кар(а) Чора. 7. Амаз оглы аты - Сү Чора. 8. Огуш аты - а(гуш).
Азыркыча мааниси - 1. Отуз Оглан жоокерлери! Мечин жылы (732 -жыл) эле. 2. Даңаза атым - Кара Чора, душманынын аты - Кара Йазмыз эле. 3. Уй асыг айынын алтысында (19 - февраль) бир боорубуз көз жумду (өлдү). 4. Кар(а) Чора - атым, кулу - Кара Йазмыз. 5. Кар(а) Чора азиз (маркум) өзү арбын бир боорлорунан айрылды (бөлүнүп кетти). 6. Атасынын аты - Тоган, уулунун аты - Кар(а) Чор(а). 7. Анын уулунун аты - Сү Чора. 8. Уруусунун аты - а(гуш).
№ 9, 10, 11 таштарды 1961 - жылы күздө Д.Ф.Винник, Ү.Асаналиев, К. Ашыралиев, Ч. Жумагуловдор таап (мурдакы №2 таш да ошондо жазуусу бар жак бети көмкөрүлүп салынган жеринен кайрадан табылып), изилденген. (Ошо жылы күздө, бул таштардан саал мурда, тактап айтканда 1961 - жылы августта археолог П.Н.Кожемяко тарабынан № 8 таш жазуу да табылган болчу).
№9 таш жазуу. Бишкектеги тарых музейинин ичинен 17 -июнда түп нускада окудум. 1. "Кутлуг өзинте эсиз өзиге. 2. Кутлуг огланыну алтык". (Азыркыча мааниси - "Кутлугдун өзүн дагы, азиз (маркум) өзүн - 2. Кутлуг Огланды алды (өлүм алып кетти)".
№10 таш жазуу. - 1.Сү Чора агуш - аты (а). 2. Ынал агуш - атысы (а). 3. Отуз Оглан (а) сагдычы (а). 4. Амагы аты - Кыйаган (а). 5. Атасы аты - өтэган. (Азыркы мааниси - Жоокер (Аскер) Чора агуш - өз аты. 2. Ынал агуш - титулдук (чиндик) атагы. 3. Отуз Огландын жоокери. 4. Энесинин аты - Кыйаган. 4. Атасынын аты - өтэган). (17 - июнда Бишкектеги тарых музей ичинен таш бетиндеги түп нускасын окудум).
№11 таш жазуу. Бишкектеги тарых музейинин сыртынан түп нускада таш бетинен 2011 -жылдын 17 -июнунда окудум. Буга чейин жазуусу начар көрүнгөндүктөн окулбай турган. (Эскертүү - Бул таш № 7 жазуу таш болушу да мүмкүн) 1. "…(Т)аркан оглы Ай… … ин эсис сиңилиниң өзинай отуз(у) 2. оглан сагдычы анада 3. (к)алмыш". (Азыркыча мааниси - "Таркандын уулу Ай … … ин азиз (маркум) бир боорубуз өзинай, Отуз Оглан жоокери, энесинен ажырап калды (бөлүнүп кетти)".
Кабылбек Жумабаев, Кочкор району,
22 - июнь, 2011 - жыл,