PRESSKG.COM



п»ї
  Сандан-санга

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ
Япон кереметинин сыры
Киргису
шакаи
Нурмамбет Токтомаматов агабыз кыргыз мамлекеттик агенттигин жетектеп турганда Кобеге келип, кыргыз студенттери менен долугушуп жатып: "Жүзүңөр жумшарып, япондорго түспөлдөшүп калыпсыңар"-деп күлдүргөн. Анын сыңарындай, канга-жанга сиңген кулк - мүнөздөрдү, адаттарды өзгөртүү оңой болбосо да, баары бир, чөйрө адамга өз таасирин тийгизет экен.
Японияда иштеп, окуп жүргөн бир канча мекендештерибизди билем. Кубандырганы алардын арасында илим - билими, жумушка мамилеси, жоопкерчилиги, сабырдуулугу жагынан "япондорго түспөлдөшсө" да, насили ала - тоолук экенин унутпай, элибизди, маданиятыдызды япондорго колдон келишинче тааныштырып жүргөн мыкты улан - кыздарыбыз бар.
Айрым аймактардагы кыргыздардын "шакаи - синин" ич ара ынтымагын, бири - бирине болгон күйүмдүүлүгүн көрүп, Жартканга шүгүр келтирем. Бир гана мисалын айтсам, Япониянын Кансай аймагы делген Осака, Хиого, Нара, Киото префектураларында жашаган бишкектик Байбосунов Назым, Абдурахман Акшоокум, баткендик Арапов Алмаз, нарындык Жалил кызы Мунара, оштук Шамшиева Назгүл, көлдүк Омокеев Улук, жалал - абаддык Болатакунова Нурзат деген жаш мекендештерибиз тим эле бир үй - бүлөдөй болуп катташып, тамак жасап чакырышып, бири - биринин маселесин бирге чечип турушканын көрүп, ичимен "көз тийбесин" деп коем. Аркы - беркини көргөн, билими жана акылы бийик бул уул - кыздарыбыздын адамгерчилиги жана ыйманы да ыраазы кылбай койбойт. Канча дасторкондо чогуу отурдук, бирөөсү да ичимдмк ичпейт. Булардын күжүрмөндүгү, уюшкандыгы жана убадага тактыгы кудум эле япондордой. Ошол эле мезгилде атайын кечелерди, презинтацияларды, сабактарды уюштуруп, япондорго да кыргыз салттарын, тамактарын үйрөтүп, тарыхы, жаратылышы тууралуу айтып жүрүшкөндөрүнө күбө болом.
Кыргызстанда мен мурда көрүп, билбеген бул ини - карындаштарым менен азыр бир туугандай болуп калдым. Анткени биз бөтөн эл, бөтөн жердеги "киргису шакаибиз", бири - бирибизге ушунчалык муктажбыз. Ата журтубузду сагынып, эне тилибизде сүйлөшкүбүз келет. Кыргыз табиятын, кыял - мүнөзүн айттырбай түшүнгөндөргө зарыккан күндөр болот. Ошондо дасторкон жайып, кыргыз даамын татып, чер жаза маектешебиз. Кыргыз обондорун эч ким жана эч качан түшүнбөйт. "Ынтымагы бар элдин ырыскысы түгөнбөйт" деген сөз бар го...
Вандамдай
болгум келчү...
Жакында эле Кобе университетинин аспирантурасына кабыл алынган тажик курбум Мирзосаид өзү тууралуу көп нерсени айтып берди. Анын өмүр баянын угуп отуруп ой менен ниеттин чоң күчүнө дагы бир жолу ынандым. Ал: "12 жашымдан тарта Жан - Клод Вандамдын фильмдерин көрүп, суктана берчүмүн. Мен да өзүмдү Вандам сыяктуу күчтүү, баатыр сезчүмүн. 20 жашымда каратэ боюнча кара курдун ээси болдум. 14 жашымдан баштап Дүйшөмбү шаарында үйлүү болуп, эл аралык уюмда иштеп жүргөнүмдү элестетчүмүн. 22 жашымда күтүлбөгөн жерден япондордун Эн - Эйч - Кей телеканалынын Борбордук Азия жана Ооганстандагы өкүлчүлүгүндө жакшы маяналуу жумушка орношуп калдым. Андан тапкан кирешеме Дүйшөмбүдөн батир да сатып алдым. 21 жашымдан тартып колго алып жүрмө компьютер көтөргүм келчү. Быйыл 29 жашымда 1 эмес, 2 компьютерди сатып алууну Жараткан атаа кылыптыр, - дейт, копьютерлерин көрсөтүп. -Чет өлкөдөн илимдин доктору деген даража алууну эңсеп ниет кылчумун. Мына, буюрса, Кобе университетинин аспирантурасына кабыл алындык. Менде чоң ойлор пайда болгонлон тартып ишке алганга чейин ортодо 7 -8 жыл өтөт. Азыр келечекте миллионер болгонду элестетип жатам. Бул оюмду да аман болсом эч качан таштабайм", - дейт Мирзосаид. Анын бул айткандарын мактаныч катары кабыл алган окурмандар да болуш керек. Бирок ал бул сөздөрдү акысын университет өзү төлөй турган негизде аспирантурага өтүп, ушунчалык кубанып турганда айткан эле. Анан калса, кеп анын мактаган - мактабаганында эмес, ошол айткандарынын чындап эле болуп келгендигинде.
Өткөн жылдын аяк чендеринде Мирзосаиддин бөлмөсүнө кирсем, "2008 - ЖЫЛЫ, БУЮРСА, МИЛЛИОНЕР БОЛОМ!" - деп ак кагазга бадырайта жазып, дубалга илип коюптур. Жаңы 2009 - жыл мына кирем деп босогодо турганда мындай ишенимде болуу апендинин жоругу деп айтчулар да чыгар. Баарынан кызыгы - Мирзосаид 2008 - жылдын 31 - декабрында лотореядан 1 миллион япон ийенин утуп алып жатпайбы. Ал ойдун күчүнө абдан ишенет. Ошон үчүн келечек, өмүр, башка адамдар тууралуу жалаң гана жакшы нерселерди ойлонгонго аракет кылат. Жашоодо мүмкүнчүлүктөр чексиз деп эсептейт. Өзү да жаны жай албаган эмгекчил жигит.
Кыргызстанга
суктанган япондор
Япондор - кандай гана апаат учурларды башынан кечирген эл. Бирок эч качан духун түшүрүп, эртеңки күнгө болгон ишенимин жоготкон эмес. "Мүмкүн эмес" деген сөздү алар акылынан чыгарып коюшкан Окинавада семинарда дарс окуган Хирошима университетинин профессору Юужи Уесуги япон мүнөзүн: "Эч качан "мүмкүн эмес" деп айтпагыла. "Мүмкүн эмес" деген ой кетти дегиче, чыгармачылык ой токтойт", - деп бир эле кеңеши менен таамай түшүндүргөн. Болочок ийгиликтерге болгон ушундай ишенимдин күчү менен аз гана убакытта кандай гана ишенүүгө "мүмкүн болбогон" ийгиликтерди жаратканын түшүнүү үчүн, алардын экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки тарыхына үстүртөн гана көз жүгүртүү жетиштүү.
Ушул күдөрү Кыргызстанда оң маанайдагы ойлорго кандай гана муктаж. Өткөн сапар сукура тууралуу жазып жатып, кыялдануунун маанисинде токтолгонум да ошондон. Биздин өлкө деле Сингапур, Япония, Корея, Малайзия сыяктуу батыл өөрчүп, бай өлкөгө айланарына ишенеличи. Ошентип чогуу кыялданалы. Мирзосаид айткандай, азыр кыял, оюбуз барган жерге жакын арада өзүбүз да барып калышыбыз ажеп эмес. Ишенимдин күчү роботко жеткен ойдой 7 - 8 секундда болбосо да, бир нече жылда сезилер, жемишин берээр. Тоолор курчап, деңизге чыгууга жолубуз болбосо, туш тарабы музит менен курчалган бул мамлекеттерге тең келүү кайдан дегендер болсо, биздей эле кургак жерге оролгон Африкадагы Ботсвана өлкөсүн өрнөк кылсын дээр элем. Географиялык шарттары ыңгайсыз экенине карабай, жакынкы жылдарга чейин дүйнөдөгү эң тез өнүккөн экономикалардын катарына кирди. Японияда Ботсвананын экономикалык моделине кызыккандар да арбын.
Күн Чыгыш өлкөсүндө жогоруда аты аталган мамлекеттерден келген канча адамдар менен жолугушуп, таанышып, достошуп жүрөбүз. Алардын бизден эч кандай айырмасы жок. Болгону кыйын кезеңдерде мыкты келечекке ишенип, жакшы ой - ниеттери жана ынтымагы күчтүү болгон экен. Анан, албетте, иштин көзүн билип, көп эмгектенишкен.
Азыркы Кыргызстандагы кээ бир кыйынчылыктар да өтөт, кетет, "Азаматка мал бүтөт, аргымакка жал бүтөт" дегендей... Мындан ары кандай болорубуз өзүбүдөн: ички ишенибиз менен ой жүгүртүүбүздүн күчүнө жана сапатына жараша. Япондордун көбү биздин ордубузда, балким, ушундай ой жүгүртүшмөк.
Айтмакчы, өнүккөн японияда өнүгүп жаткан Кыргызстанга суктангандар да бар. Кансайдагы Кыргыз - Япон коомунун катчысы Мунара Жалиловага бир япон мугалим: "Силерде баары алдыда, өнөм, өсөм десеңер, канча мүмкүнчүлүктөр турат. Биз болсо өтө эле аша чаап кетип, жетчү чекке жетип, мындан ары кайда бараарыбызды билбей турабыз", - дептир. Биздин өзүбүздүн ар бирибизде ушундай ой жашаса, алдыдагы далай белестерди ашууга дем - кубат болмок.
Жараткан деле бирөө тууралуу жаман сүйлөөгө, ал тургай, жаман ойлонууга тыюу салыптыр. Ушак кепти угуп туруу да Жаратканга жакпай турган нерсе экен. Ушуларды айта келип: "Бир адамдын тогуз жаман сапаты, бирок бир гана жакшы жагы болсо, ошол жакшы жагын гана көрө бил", - деп кеңеш бериптир Али Ибрагимов деген аалым жакшы ойдун касиети тууралуу жазган макаласында. Чындап эле чыпалагыңды маңдайыңа жакындатсаң, ыраактагы тоодон да чоң болуп көрүнөт эмеспи. Ала - Тоонун алгылыктуу жактары терс жактарына караганда алда канча көбүрөөк..








кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??