PRESSKG.COM



п»ї
Роза Аманова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
"Чыныгы өнөр баары бир бааланарына көзүм жетти"
Кыргы Республиканын Эл артисти Роза Аманова салттуу музыканы даңазалап, жакында эле Курманжан Датканын 200-жылдыгына жана мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгына арнап, Кыргызстандын жети областын кыдырып, элге жагымдуу маанай тартуулап келди.

"Апам он эки баласын
жерге берген аял"
- Кичинемден таенемдин колунда өстүм. Апамдын (мени баккан таенем ) аты Мария (Маржангүл), он эки баласын жерге берген аял. Ушул кишинин көңүлүн оорутпаганыма ыраазы болом. "Дүйнөдө эмнеге ыраазы болосуң?"- десе мен ушинтип айтат элем. Эстелигин койгондо да көпкө ойлондум. "Уулуң болуп ууз сүтүң эмгенмин, Кызың болуп кымыз сүтүң эмгенмин. Эл алдында комуз кармап ырдаткан, Апакебай жалгыз сиздин эмгегиң" - деп төрт сап арнадым. Атам болсо, мен алты жашымда эле каза болуп калган. Кемпирдин колунда өскөндүктөн эмгекке бышып, көп нерсени үйрөндүм. Бала кезиңде алган тарбияң кийинки жашооңо пайдубал болот экен. Ал адамдардын айткан ар бир сөздөрү менин эсимде калды. Апам менен атам экөө тең чыгармачыл адамдар болчу. Алардын ырдаган ырлары, черткен күүлөрү, айткан дастандары мага чоң уютку болду. Азыр алардын жетпей калган ийгиликтерине аз да болсо, менин жетип жатканымды көрсө болбойт беле деп ойлойм.
"Дискотекага
барган жокмун"
- Өзүм эмгекчил болуп өскөндүктөн училищага келгенде он эсе эмгекчилдик талап кылынды. Эртеден кечке чейин окуу менен алпурушмай. Студент кезимде бир дагы жолу дискотекага барып, башкалардай болуп ойноп-күлгөн эмесмин. Адамдын өзүнөн эле болсо керек, андай нерселерге кызыккан жокмун. Жатаканада жашайт элек, Курмангазы Азыкбаев саксофонун чертип, таңкы саат 5.30 да будильник болуп бизди ойготоор эле. Ал убакта азыркыдай сотка, будильник деген ар бирибизде жок эле да. Эми биздин убак менен азыркы студенттердин жашоосун салыштырып болбойт.
"Устаттар менен …"
- Эгер жараткандан берилген өнөр адамынын таланты, табигаттын колдоосу, терметкен өнөр бешигинин ээси, мындайча айтканда, таптаган устатты тагдыр туура жолуктурса, ошол өнөр адамына кудай таалам эмгекчилдикти ыроолосо, тарыхта кала турган улуу өнөр инсан болорунан шек cанабайм. Залкар инсандар Эстебес Турсуналиев, Асек Жумабаев, Болуш Мадазимов аттуу адамдар менин чыгармачылыгымдын ар тараптан өсүшүнө түрткү болду. Бул адамдар менен бирге жүрүп, ырдоонун, комуз чертүүнүн, дастан айтуунун, обон чыгаруунун, репертуарды тандоонун, сахнада, эл алдында өзүмдү алып жүрүүнүн кереметтүү сырларын өздөштүрдүм. Алардын айткан сөздөрү, кеп кеңештери мен үчүн чоң сабак болду. Кыргыздын залкар инсандары менен бирге Кыргызстандын аймактарын аралап концерттерди берип, жолугушууларды өткөргөнбүз.
"Өнөр адамдары
жана өкүт"
- Болуш Мадазимовдун, Асек Жумабаевдин, Эстебес Турсуналиевдин, Ашыраалы Айталиевдин дүйнөдөн өтүшү кыргыз салттуу музыкасынын тамырына доо кетеби деген коркунуч алып келет. Канча деген өнөр адамдарынын өнөр сандыгы ачылбай, өзү менен кошо кетип жатат. Бул да болсо, кайталангыс таланттардын, улуу устаттардын кыргыз өнөрүнө кошкон салымын жетиштүү деңгээлде баалай албаганыбыздын белгиси десек болот. Чынында, биздин муун көптөгөн өнөр ээлеринин кадырына толук жете албай калдык. Биз ушундай таланттарыбызды жоготуп, аксатып алуунун алдын алышыбыз зарыл. Ал үчүн биз бүгүнкү жаңы замандын реалдуулугуна байланыштуу өнөр ээлерин тарбиялап, социалдык маселелерин чечүү менен алардын талантынын өркүндөөсүнө шарт түзүшүбүз керек.
"Мен сени
сагынгым келет"
- Акын А.Өмүркановдун сөзүнө чыгарган "Мен сени сагынгым келет" аттуу ырым обончулук чыгармачылыгымдын туу чокусуна айланды. Ырда сүйгөнүн бүтүндөй жан дүйнөсү менен сүйүү менен бирге күлгөн күлкүсү, ырдаган ырлары, черткен күүлөрү да сүйгөн адамга арналганы тууралуу айтылган. "Бакыттын бул мелт-калт толгон кесесин, эч бөксөртпөй ээлеп тургун жыргалым"- деген ыр саптары менен анын обону бири-бирине куюлушуп, ойлоруна ой кошкон сөздөр ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ырда эстөө, эңсөө сезимдери толук берилип, абдан жакшы чыгарма жаралган. Ошентип, бат эле "Мен сени сагынгым келет" аттуу ырым элге сиңип, 21-кылымда чыккан обондордун классикасына айланган.
"Кайгы муңга, арманга
жык толгон ыр"
- Обончулардын, төкмө акындардын, композиторлордун лирикалык, арноо, санат, термелерин ырдап, дастандарын айтуу менен бирге "Ынтымак", "Ооган ыйы", "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо", "Карлыгач" аттуу ж.б. жаңы аваздык боектордогу, ыргактардагы, обондорду чыгарганбыз. Алардын ичинде кайгы муңга арманга жык толгон "Ооган ыйы" аттуу ыры болгон. Анткени, Совет доорундагы Ооган согушунда өлсө көмөөр, тирүү болсо багаар, көзгө басаар тукумун улоочу жалгыз уулунан айрылган эненин оор тагдыры баяндалган. Ушул ырга толугу менен берилип, согушту көргөн адамдай болуп, терең тасирдүүлүктө чыгарган обон болуп эсептелинет.
"Кесип изи"
- Мен 1998 -жылы Курмангазы атындагы Казак консерваториясынын "казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө" кафедрасынын аспирантурасына тапшырдым. Андан соң 2007-жылы кыргыз элдик салттуу ырлары боюнча кандидаттык дисертацияны ийгиликтүү жактап, искусство илимдеринин кандидаты болдум. Кийинчерээк Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин консерваториясынын жетекчиси болуп, мугалимдик кесипти да аркаладым. Ал эми 2004-жылдан баштап, Бишкекте "Салттык музыка тарыхын сактоо жана өнүктүрүү маселелери" деген темада эл аралык илимий конференцияларды өткөрүү аракетиндебиз.
"Коммерциялык
"жылдыздар"
- Музыкалык билим алыш үчүн канча деген убакыт керек. Азыркы жаш ырчыларыбыз комерциялык жол менен "жылдыз" болуп калышты. "Жаш ырчылар лампочка" -деген куудулдардын сатирасы мага аябай жаккан. Чынында ошондой болуп, компьютердин жардамы менен үндөрүн бийиктетип, кошчу жерлерин кошуп ырдап жатышпайбы. Биздин убактагыдай комиссия болсо, балким мындай болмок эмес. Убакыт баарын ордуна коет эмеспи. Жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарды биз салттуу музыканы, элдик мурастарды дагы сүйүүгө үндөшүбүз керек. Азыркы убакта каалаган музыканы угууга жакшы шарт түзүлгөн. Музыканын кандай гана түрлөрү болбосун, джаз, рок-н-ролл, рэп жана башка болобу, айтор угуучунун өз эрки. Бирок, кыргыздын салттуу музыкасын дагы сактай билүү керек. Азыркы жаш ырчыларыбызга "өнөр" деген татаал жолду тандап алгандарына ыраазы болуу менен бирге аларга ийгилик каалайт элем.
"Эл дастандарды,
фольклорду, элдик
ырларды сагыныптыр"
- Кыргызстандын ар бир аймагын, алыскы Баткенден баштап, Таласка чейин кыдырып, элге жагымдуу маанай тартуулап келдик. Жалпы жонунан тогуз концерт болду. Мени коштоп, "Маржан" тобу жана "Кыргыздын салттуу музыка" фондусунун ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулашты. Баш-аягы отуздан ашык адам гастролдо болдук. Кыргыз элим дагы бир жолу өзүнүн пейилин көрсөтүп, кучак жайып тосуп алышты. Эл да дастандарга суусап, фольклорду, элдик ырларды сагынып калыптыр. Кыргызстандын ар бир бурчун кыдырып концерт коюп, уюткулуу элде чыныгы өнөр баары бир бааланарына көзүм жетти.


Даярдаган Нургүл ИБРАЕва









кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??