КУДАЙ СҮЙГӨН КУЙРУЧУК
(Эркалы Өскөналынын китебинен үзүндүлөр)
Куйручук чечен жөнүндө айтпасам болбостур... Ал улуу сөз отуна табынган киши! Сөз дулдулун таптаган киши! Өзүнө чейинки чечендерди жүрөгүнө сактаган киши! Улуу Тоголок Молдо атам Куйручук чечен жөнүндө минтип айтат:
"Куйручук каражаак чечен... Ал кандай шартка кабылса да, башын төмөн салып багынбаган, куюлуштуруп сүйлөсө жаңылбаган, оттой жалындаган адам болгон. Сөзү кылычтай курч, тили тибирткелүү эле. Сөзүнүн күчтүүлүгү жана сөз тапкычтыгы боюнча Куйручукка кыргыз элинде эч ким жеткен эмес!"
Атайы Жумгалга арзып келип, Куйручуктун көзүн көрүп, сөзүн угуп, акбатасын алган атактуу Шаршен куудулдун жана да минтип айтканы бар:
"Өзү укмуштай ырчы экен, көрөгөч сынчы экен. Бет алган тарабынан кайра тартпаган, бир да киши астынан кыя баспаган адам экен. Куйручук сөзгө өтө бай, чечен! Беттешкендер Куйручуктун сөзүнө куйкаланышкан экен эчен! Сырбилгилигине дабаа жок, жок нерсеге күйпөлөктөгөн санаа жок. Адамдын сырын көзүнөн билген, айтууга сөзү белен, каражаак, көкжал киши экен!"
Эми, Куйручук куудул жөнүндө учкай сөз... Улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун балбан калеми төмөнкүдөй жазат:
"Байыртан бери алпка, жоокерге күч берген куудулдук күлкүнү Көкөтөйлөр, Куйручуктар улады. Куйручук күлкүсү тек элдир-селдир кеп, серең-сураң кыймылы менен кишини кытыгылабады. Ал мезгилиндеги коомду, кишилердеги кемчиликтерди, терс жоруктарды сын кароолуна алды. Куйручук бей-бечаралардын, алсыздардын муң-зарын бөлүштү. Каражемсөө атка минерлердин, алдамчы сүткорлордун, чаламолдо динбузарлардын, акынсынып ыр касиетин качыргандардын, куудулсунуп айыл арасында ит кубалагандардын чекесине тийген ок болушту кеменгер Көкөтөйлөр, асыл Куйручуктар!
Куйручук күлкүсү куудулдук гана эмес, акылмандык касиетке ээ болуп келген!"
Ооба, Түкөм айткандай, Кукем куудул атка конгону элди күлдүрмөккө айыл арасында ит кубалабаптыр. Жата калып, ат үркүтпөптүр. Ырас, ал дагы бала чагында "тентек күлкүлөрдү" жараткан. Ал эми өскүлөң Куйручук сөз күчү аркылуу гана эл-журтка шаткүлкү чачкан.
Бул жарык дүйнөдө эриш-аркак болмоюн эр жаралбайт. Кыргыз журтунун калкагар тоодой кадырманы, эл даанасы Байзак баатыр Кудайберген аттуу "куйругу жок" жигиттен болочокто Чоң Адам чыгарын алдын-ала көргөн. ашкан акылман, сөзгө балбан, бараандуу саясатчы Байзак баатыр Кудайбергенди Куйручук атка кондурган. Ал жаш Куйручукка жарыгын чачкан. Нуска, санатын айткан. Таалым үйрөткөн. Канатын күүлөткөн. Аш-тойлорго, топторго ээрчиткен. Акылын телчиткен. Байзак баатыр жаш Куйручукту дайыма Кожокыдырдай колдогон. Бу көзүнөн нур тамган, сөзүнөн ыр тамган жигиттин туужыгар тулпарлыгын болжогон. Жаш Куйручук жаңылып жаза басса, Баатыр кечирген, жакшына жолго көчүргөн.
Куйручук узун бойлуу, керекарыш жаактуу, сөөк-саактуу, жазыдалы, жайыктөш киши экен. Чоң балбан экен! Жигит чагында онжети жолу балбан күрөшкө түшүптүр. Оналты жолу жыгып, бир жолу жыгылыптыр. "Мен жыгылып да байге алгам!"-деп, өзү күлүп калуучу экен.
Куйручук баатыр да экен! Баатыр эмей эмине! Ал беш ирет эр сайышка түшүп, намыска жараптыр. Эр сайышка өлүмдөн коркпогон, башын канжыгага байлаган эрлер гана түшкөн эмеспи. Куйручукка кол берген ак-талаалык акын Абдыкалык Чоробаевдин айтымы боюнча ал: "Эрсайышта найза жеп, маңдайында так болгон, манаптын шагын сындырып, маскаралап ат койгон!"
Ооба, ал дагы жашоо-өмүрдүн өңгүл-дөңгүлүн өрдөгөн. куйручук дароо эле Куйручук боло калган эмес. Жаш чагында жаңылган, түн жамынган. Уурулук кылган. Урунуп,ы беринген. Булганган, кирдеген. Анан, жылдар дайрасында жышылып, тазаланып агарган!
Бейиттеги үн
Соң-Көл жайлоосу сангүлдөрүн чычаладай жайнаткан маал. Аймелмел жашыл талаа жыпаржыт жыттанат. Көл жарыктык Күнжарык алдында мемиреп, жүрөктү кытыгылайт. Кылаа бойлоп, атчан бастырсаң, жашоо-өмүргө кумарың артылат. Миң жыл бою өлбөй жашагың келет!
Табыят керемети гүлдөгөн чакта Жараш байдын үйүн чак түштө күүгүм чалды. Ыңкыган байдын миңден ашуун кой-эчкиси, үч жүз жылкысы, үч куржун көзү толо алтын-күмүшү жалгыз баласын ажалдын суук тырмагынан арачалап, алып кала албады. Байдын көзүн жаш, көкүрөгүн арман уялады.
Байдын эрке токолу Эркайым күнсайын бейитке барат. Ыйлап-сыктайт. "Ала жат кулунум!"-деп, мүрзөнү кучактайт. Жаман адат тапты. Агайын-туугандарынын, абысын-ажындарынын, атургай, Кулмамбет молдонун кой-ай дегендерине көнбөйт. Тил албайт. Күнүгө бейитке барып: "Ала жат балам!"-деп, мүрзөнү кучактап, боздойт.
Капырай, эми мүрзөнү кучактап, ыйлап атып уулун тирилтип алмак беле!.. Ой, обу жок катын!.. Ушинтип, айыл-ападагылар аны жактырышпайт.
Кудайберген бала "Эркайым токолду экинчи ошоякка жологус кылайын" деген ойду ойлонду. Биркүнү бейитке токолдон озунуп барды. Ак шейшепке оронду. Бети-башына көө сүйкөндү. Жараш байдын уулу түбөлүк жай турагын тапкан мүрзөнүн жанындагы эски күмбөзгө кирип кетти. Токолду күтүп отурду. Тегеректе как эткен карга, кук эткен кузгун жок.
Обу жок катын аттан ооп түштү. Шолоктоп ыйлап, уулунун мүрзөсүнө илкип басып келди. Жаман жоругун дагы баштады. Мүрзөнү кучактады:
- О кулунум! Мендей шордууну ала жат!
Ушу учурда аппак кепинчен уулунун арбагы токолдун көзүнө чалдыкты. Ал ишенбегендей, көзүн бардап карады.
- Апа, апакебай! Кел бери, эми ала жатайын!
Арбак колун сунуп, энени көздөй жайбаракат басты. Эне уулунун арбагын даана көрүп, бакырып алды. Жалгыз талга байланган Торкашка: "Мени таштап кете бересиңби?" дегендей, кошкулагын тикчийтип, чалынып-булунуп, жыгылып-коюп, качып бараткан аялзатты көзү менен узатып, окуранып турду.
Ал өң-алеттен кетип, бозүйүнүн босогосун аттап барып, узунунан сулк жыгылды. Тил-оозу буулду. Кулмамбет молдону чакырып, дем салдырышты. Байдын көрөр көзү он чакты күнү төшөктө жатып, араң зорго тилге келди. Жараш бай түлөө өткөрдү. Кудайберген бала да түлөөнүн этинен жеп, эл арасында жүрдү.
Анжыянга жол сапардан
Бууракандык Сыдык болуш утуру төшөк жаңыртып, үч катын алат. Байманасы ташыгандан эмес, зайыптарынын согончогу канабай, айчалар эрин бушайманга салат. Эр ортону элүү жаштан ашкан эрдаананын "Куубаш өтөмбү?" кыязындагы сарсанаасы койдой жайылат. Кайбирде, көмүскөдө көзүнүн жашы агылат.
Үкүлүү үмүттү ээрчиген киши Үч-Теректеги атактуу Сыдык акеге да барат. Олуядан ак бата суранат. Бирок кереметтүү киши төгөрөктү байкайт, башын чайкайт, болушту минтип жайкайт:
- Экөөбүздүн атыбыз уйкаш турбайбы... Бу жолкумда менин сөзүм Кудайдын кулагына жетпейт... Жакында менин соңуман, кыргызга бир олуя жигит келет... Ошол сенин тилегиңди эптейт!
Сыдык аке Сыдык болушту ушинтип узатат. Агыйык акенин айтканынан үч жыл өтөт. Болуштун тынчы кетет. Ал жаш олуянын чыгышын күтөт, үкүлүү үмүтү үлпүлдөйт. Жүрөгү бүлкүлдөйт. Жаш олуянын ким экендигин жанкиши билбейт.
Анжыянга жол сапары карып, эки жолоочу жолдо термелишти. Көзгө тааныш тоолорду көрүштү. Кетмен-Төбө өрөөнүнө келишти. Алар Толук тоолорун көздөй токтолбой кете беришмек... Аттары да тыныккан, бу жолго кыныккан эле, жаныбарлар! Атээ, жок болбостур! Эми, береги Бууракан айылына да кайрылышат. Сыдык болуштун көңүлүн жай кылышат.
Ооба, Кудай сүйгөн Куйручукка көктөн аян түштү. Көзүнө Нурбелги жылт этти, көкүрөгүнө Сырбелги кылт этти. Көк Теңири колдоду, Көкжал карышкыры жолдоду. Ак сөз! Ушундай чактарда аны Көкжал бөрүсү ээрчип алат. Айранкөз бүркүтү жандап учат. А кайбирде жылаңач Нурбаласы айланчыктап, чуркап келе калат! Ооба, Кудай сүйгөн Куйручукка аян түштү.
Куйручук Сыдык болушту, Сыдык болуш Куйручукту тааныйт. Үч жыл башта, Суусамырдын эң жакшысы Түркмөндүн үйүндө конокто чогуу болушкан. Ошондо Кукең, кетмен-төбөлүктөрдүн боорун эзген, айжаркын күлкү сепкен. Күлкүсү күндү батырган, тамашасы таңды атырган. Деген менен бууракандык болуш Куйручуктун олуялык ооматын жакшы биле бербейт эле...
Эки бейтааныш киши айыл аралады. Сыдык болуш үйүндө экен. Болуш кудайы конокторун жакшы саламы, жарык кабагы менен тосту. Жайланып, чайланып отурушту. Куйручуктун суранымы боюнча үй ээси үч аялын жаш олуя менен маңдайлаштырды. Үй ичи жымжырт боло түштү. Кудай сүйгөн Куйручук кереметтүү кебин баштады:
- О Сыдык болуш!-деди, ал үрпөйгөн үч зайыпты тиктеп.-Кеп чынынан бузулбайт! Азырынча, бойдок экенсиң! Кайран кабыланым ай! Кумга сийип жүргөн турбайсыңбы? Бу ургаачыларга кылычыңдын датын кетир! ...Ушу өз айылыңда жалжагай оз, сол эмчегинде калы бар, карадалы бир кыз сага ылайык! Каратамандын кызы дебей, курулай намыстанбай, ошо кызды алсаң... Ал сага үч уул, бир кыз төрөп берет!
Куйручук чөк түшө калып, кыбылага жүз буруп, алакан жайды. Бул күнү жолоочулар жатаконок болушту. Жарык дүйнөнүн жарык таңы атты. Сыдык болуш сыйчылдыгын билгизди. Куйручуктун алдына сарытаман ат тартты, айдалысына сарпайы тон жапты. "Куттуу үйдөн куру кетпейт!"-деп, Кулга кунанчыкма жетелетти.
Куйручук олуя Сыдык болушка аксанатай батасын арнап, кудуреттүү Кудайга ак кызматын өтөдү. Кул экөө үзөңгү кагыштырып, Жумгалды көздөй суржыландай козголгон жолдо термелип баратышты.
Сыдык болуш Куйручук айткан жалжагай ооз, сол эмчегинде калы бар, карадалы Сайрабүбүнү тапты. Жыл айланды. Уулдуу болушту. Атын Сатар коюшту... Болуштун "төл башы уулу" майкөтөн бала аталды. Өзүнүн соңунан эки ини, бир карындашын ээрчите келди... Кудай Сыдык болуштун эңсеген тилегин берди.

МААНИСИ ЗОР
МААРАКЕ
"Теңир-Тоо ынтымагы" коомунун жобосуна ылайык элге эмгеги сиңген инсандарыбыздын ысымын даңазалоо озуйпасын аткаруу максатында 2011-жылга Төркеңеш тарабынан талкуу жүргүзүп, атайын иш болжом кабыл алынган. Ошонун ичинде Куйручук атанын 145 жылдыгын жалпы облустук деңгээлде белгидөө бар эле. Бирок жумгалдык туугандар бир кыйла алдыга кетип, бул мааракени өкмөттүн деңгээлинде өткөрүүгө жетише алышты. Себеби, 2010-жылы эле той беребиз дешип, жарыя кылып, эл-журттун кулагын гана көтөрбөстөн, Куйручук атанын арбагын да козгоп коюшкан. Мына эми намыскөй теңиртоолуктар тилектерине жетип, болгондо да айтылуу Соңкөлдө аталган мааракенин маанилүүлүгүн далилдеп жатышат.
Мааракенин мааниси ушунда - заманга, каатчылыкка шылтоо кылбай, күнүмдүк түйшүктөн чыгып, жети дубандагы элдин башын бириктирип, ынтымакты уютуп, ырыскылаш болгонду жандандырганда. Эзелтен келаткан салтты улап, бири бирине сый көрсөтүп, ар кандай себептер менен алыстап бараткан адамдарды жакындатууга кылган аракет катары түшүнсөк болот. Ал эми ушул мааракеден сасык саясат жасагандарга ачык эле айталы: "Куйручук атанын 145 жылдыгынан эч кандай күдүк ой, купуя сыр издебей эле койгула". Анткени бул маселе Төркеңеште үч жолу талкууга салынган. Тойдун даярдыгы, ырааты боюнча кеңири сөз болуп, тийиштүү адамдардан маалыматтар угулган.
Мааракени май-июнь айларында белгилейбиз деген кезде, жайдын ортосунда Соңкөлдө өткөргөнүңөр оң деген сунушту Д. Берикбаев, А. Салымбеков, Б. Болотбеков ортого таштаган жана токтомго киргизишкен. Кокусунан каржы жагынан кемчил боло турган болсо - Аскар Салымбеков көмөк көрсөтүүгө алдын ала макулдугун берген. Демек, мааракенин маселелери ийне-жибине дейре такталып, майда-бараттарына чейин айтылып, март-апрель айларында эле каралып бүткөн. Ошондуктан уюштуруу иштери жолго коюлуп, үстүбүздөгү жылдын 20-21-июлунда Куйручук атабыздын мааракеси өз максатын жүзөгө ашырууда.
Ушул жерден өзгөчө белгилеп кетсек болот. Төркеңештин мүчөсү, Жумгалдын кулуну, "Билим, илим ордосу" саясий партиясынын төрагасы - Турдубаев Съездбек Жумашалиевичтин иш аракети өзүнчө эле мактоого татырлык. Ал Куйручук атанын мааракесинде жоопкерчилик менен чоң жумуштарды аткарды, ар дайым эмгегин элине арнап келет. Атабыздын эстелигин жасоодо жана Боз үйлөрдүн кароо-сынагын өткөрүүдө тикесинен тик туруп, күн тынымын алган жок. Өз эсебинен кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык берип, кыргыздын кол өнөрчүлүгүн сактап аткандарга таазим этти. Ошондой эле Кочкор-Жумгал-Суусамыр жолдорун оңдотуп, тирдик (социалдык) үй куруу ишин сырттан жөлөмпул таап келүү аркылуу ишке ашырып жатат.
Ылайым ишибизди ийгилик коштосун, Куйручук атабыздын арбагы колдосун! Куйручук атабыздын 145 жылдык мааракеси - теңиртоолуктардын бир жолку эле иш чарасы эмес. Алдыда дагы далай мааракелер бар.
Ишенбек Осмонов,
"Теңир-Тоо ынтымагы" коомунун
жооптуу катчысы