кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0720_1.htm on line 72

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0720_1.htm on line 72

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0720_1.htm on line 72
п»ї



  Күныргак

Бензин безге сайды!
Күйүүчүү майга болгон тартыштык кымгуут кырдаалды жаратты. Бензин кризисине кептелген автоунаалар"Газпром Нефть Азия" ишканасынын Бишкектеги башка май бекеттеринде "пи-пи-лешип" шыкалып, моторлор ызып, шоопурлардын "кызыл чеке" соодасы кызыды. Бир сутка ичинде мунай баалары 4-5 сомго кымбаттады. Мындай кескин кымбатчылыкка туруштук берүү канчага уланары белгисиз. Эс алуу үчүн же чукул иштери менен алыска барууга мажбур болгон жарандарга кыйынчылыктар туулуп жатат. Эми чурулдаган көпчүлүк Атамбаев менен Бабановдун дарегине "бомба жардыра" баштады. Жыл башынан тарта өкмөт башчылар күйүүчү майга кымбатоолор болбосун саймедиреп келишкен эле. Бу сапар атың өчкүр алдооч баштыктын түбү жыл этегине жетпей тешилди. Бакиевдин тушунда 19 сомдук бензин 24 сомго көтөрүлгөндө андагы оппозиция акең "бийлик бизди өлтүрдү" таризинде айгай салган. Эми Отунбаеванын "отун калагандар" карапайым алданма элди эмне кылып жатат, ыя? Бир тамчы бензин "дары" болуп атса, парламентибиз тайраңдап тонналаган авиамайды "сууга агызып" Индонезияны итерип жүрөт. Деги, түшүнүп болбойт, кыйрап бараткан Кыргызстанга...


"Кереге-ПРЕСС"






Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0720_1.htm on line 107

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0720_1.htm on line 107

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/0720_1.htm on line 107


а ­е¦Є.НҐй«