PRESSKG.COM

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Ким бул,ой?

Өмүрбек Суваналиев-
Саясатта булганбаган... Тартипке, эрежеге бекем... Эр жүрөк...
Алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Саясатта салмагы бары да, жогу да астыртан кызуу даярдык көрүп, алдыдагы ажолук таймашка кам көрүүдө. Ооба, конституцияга ылайык бардык Кыргызстандын жараны перзиденттикке ат салышууга акылуу. Эл жүгүн көтөргөн эр уулдарын ажо кылып көтөрүп алуу-бул элдин колунда. Ошол ажолукка ат салышкан азаматтарга элден, саясатчылардан сурамжылоо жүргүзүп, алардын пикирин билүүнү колго алдык. Бул сапар эл элегине "Комиссар Каттани" атагы барӨмүрбек Субаналиев түштү.


Шамшыбек Медетбеков,
коомдук ишмер:
- Өмүрбек Суваналиев - мен сыйлаган саясатчылардын бири. Анын иш дегенде жеген ашын жерге койгон дилгирлигин билем. Суваналиев менен бир партияда чогуу иштешип жүрдүм. Ал кыргыздын чыгаан жигити. Мамлекет үчүн, эл үчүн күйгөн патриот десем жаңылбайм. Саясатта өз орду, потенциалы бар. Ажолукка татыктуу азаматтардын бири. Эгер, ал бийликке келсе адеп коррупцияны жоюп, тартип орнотмок.
Дастан Жумабеков,
ЖК депутаты:
-Өмүрбек Суваналиев кыргыз улутунун "Каттаниси" аталып жүрөт. Ал бул атакка тегинден ээ болгон жок. Өзүнүн элге кылган кызматы, жасаган иштери менен бул атка конду. Коррупция менен күрөшүп жүрүп "Каттани" аталды. Келечекте, эл кызыкчылы үчүн күрөшүп, "Каттанилигинен" жазбай кызмат кылат деп ишенем. Ал сөзүнө бекем турган жигит. Саясаттын ыплас оюндарына аралашпаган, таза инсан.
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" партиясынын
төрагасы:
- Суваналиев кыргыздын мыкты жигиттеринин бири. Саясий аброю бар. Кесиби боюнча да өзүнүн мыктылыгын көргөзө алган. ИИМ арасында аброю жогору. Бул тармакта кызматта турганда көп алгылыктуу жумуштарды жасап, эл алкышына арзыган. Тартипти сүйгөн, баарынан акыйкатты жогору койгон жигит. Өмүрбекти инсан катары, саясатчы катары сыйлайм.
Кусейин Исаев, мударис:
- Мындан көп жыл мурда Чолпон-Атада тартип бузуучуларга каршы күрөшкөн. Ошол эмгеги үчүн "Каттани" аталган. Өмүрбек өтө адептүү жигит. Бостериде келинчеги катуу ооруганда күнү-түнү чуркап дарылатып, аягына чейин катуу турду. Накта эркектик, кожоюндук сапатын көргөздү. Тилекке каршы аялы каза болуп калды. Көп азап чекти. Көзмө-көз сүйлөшпөсөм да, аны сыртынан жакшы билем. Нарында губернатор болуп турду. Ага иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, бийлик тарабынан кысым токтобой койдубу, айтор, өз эрки менен кызматынан кетти. Ошто иштеп жүрүп Афганистанга бараткан курал-жарактарды ачып, экинчи ирет дүң болду. Ош коогалаңында тартип орнотууга жиберилип, 7 күндөн кийин кайра кетти. Суваналиев-саясаттын ыпластыктары менен булганган эмес. Мамлекеттин мүлкүн, жерин саткан эмес, уурдаган эмес. Өзүнө дүнүйө-мүлк жыйнаган эмес. Президентикке талапкерлигин коёрун уктум. Ал үчүн Суваналиев бир идеяга курдаштарын чогултуп, башка саясатчылар менен биргеликте иштеш керек. Эл үчүн, мекен үчүн күйгөн жаштарды асабасынын астына бириктирсе Суваналиевден көп жакшылыктарды үмүт кылууга болот.
Рыскелди Момбеков, улуттук
тил комиссиясынын төрагасы:
- Өмүрбек Суваналиев менен саясатта 10 жылдан ашуун чогуу болдум. Аны саясатчы катары да, жеке адамдык сапаттарын да жакшы билип калдым. Баарынан да убадасына бекемдигин сыйлайм. Сөз бердиби, бүттү. Өз кызыкчылыгына ылайык келбесе да аягына чейин аткарат. Айтканынан тайбаган көкжалдыгы бар. Тартипке, эрежеге бекем, принципиалдуу киши. Кандай милдет болбосун майын чыгара аткарат.
Марат Казакбаев,
саясат таануучу:
- Суваналиев-дасыккан саясатчы. Акаев, Бакиев учурунда саясатта өзүн жакшы алып жүрдү. Кандайдыр чыр-чатактарга аралашып алган учурлары бар. Өз ишин мыкты билген профессионал. Саясатчы катары абройлуу. Менин оюмча Суваналиев жеке өзүнчө аракеттенбей кандайдыр саясий партияга, саясий күчтөргө кошулса жакшы болот.
Жумакадыр Акенеев,
экономист:
- Өмүрбек Суваналиев менен бетме-бет сүйлөшүп көргөн эмесмин. Ал кишини сыртынан гана тааныйм. Ал тууралуу элдин жылуу пикирлерин, мактоолорун көп угам. Билишимче Ысык-Көлдө жаңыча иштейм деп умтулуп жүрүп негизсиз иштен бошотуп салышканда калайык-калк жактап чыккан. "Суваналиевди эч себепсиз кызматтан айдашты" деп бийликке нааразы болуп, ачкачылык жарыялашкан. Ошто КГБда иштеген учурда айрым жетекчилер аралашканына карабай 2 вагон мыйзамсыз куралдарды ачыкка чыгарган. Нарында Жетим-Тоодогу кытайлар менен чыр-чатакка 1 сутка ичинде чекит койду. Ушу сыяктуу чекиндүү кадамдарды көп жасайт.
Сапалкан Арипов, журналист:
- Суваналиев Кыргыздын Каттаниси деп аталып жүрөт. Берген убадасын аягына чейин так аткарган, эрки күчтүү жигит. Күч структураларында иштеп жүргөндө, Нарын облусунун губернатору болуп турганда бир топ ийгиликтүү иштерди жасап, элдин ыраазычылыгын алган. "Жакшы иштеп жатат" деп эл баалаган саясатчылар чанда эмеспи. Суваналиев кызматы менен мындай баага татыктуу болгон. Ош коогалаңы башталганда тартип орнотуп, чын дилден чуркап жүрдү. Ошондо УӨ менен келише албай калдыбы, айтор кандайдыр себептер менен Суваналиев 1 жумадан кийин кызматын тапшырып чыга бергени маалым . Болбосо коогалаңды анчалык создуктурбай, көп кыргызды сактап калмак деп өкүнгөндөр болгон. Эр жүрөктүгү, кашкөйлүгү менен айырмаланып турат.
Эдил Байсалов, "Айкөл Эл"
партиясынын төрагасы:
- Саясатчы катары, инсан катары сыйлайм. Өлкөдөгү кылмыштуу топтор менен, кылмышкерлер менен катуу күрөшүп келет. Саясатка тээ 90-жылдардан бери эле аралашып жүрөт. Айтканын аткарган, эл үчүн күйгөн таза инсан. Кыргыз мамлекетине кызмат кылчу потенциалы чоң.
Турат Акимов, саясатчы:
- Суваналиевди бетме-бет тааныбайм. Сыртынан тартипке бекем, убадасына турган инсан катары билем. Мени кызыктырганы Суваналиев ОПГ мүчөлөрүн "крышевать" этип турган деген маалымат. Ал Феликс Кулов менен достук мамиледе. Ал эми Куловду кылмышкер Батукаев менен байланыштырып жүрүшөт. Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого аттанаарын уктум. Эгер бул чын болсо, каражатты кайдан алат, балким "каралар" көмөктөшөбү? Бул суроонун тегерегинде жооп издеп жатам.
Даярдаган Анара Дыйканова








кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"




а ­е¦Є.НҐй«