"Ата-Журт" мекенчил саясий партиясынын теңтөрагасы
Камчыбек Ташиевдин курултайда сүйлөгөн сөзү
"эл күчтүү мамлекетти курууга жөндөмдүү жаш лидердин
бийликке келишин күтүүдө"
(Уландысы. Башы 4-бетте)

Албетте, биздин фракция тарабынан парламент трибунасынан ар дайым көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп келе жатат. Ачуу чындык биздин депутаттар тарабынан көп айтылат. Биздин бул элдик позициябыз көпчүлүгүнө, айрыкча, президентке, өкмөт жетекчилерине жакпасы бышык. Дал ошол себептен да "Ата-Журтту" жаманатты кылып көрсөтүү аракетин күчөтүп жатышкандыгы бышык.

Урматтуу делегаттар
жана коноктор!
2010-жылдын апрелинде кыргыз элинин жашоосунда жаңы барак ачылгандыгын буга чейин бийликте олтургандар тынбай кайталап, барган жеринде мактанып айтып жүрүшөт. Анда калыстык үчүн, ошол жаңы тарых бизге эмне тартуулаганын талдап көрбөйлүбү? Мен парламент трибунасынан бекеринен 7-апрелдеги окуялардын хронологиясын түзүү керектигин көтөрүп чыккан жокмун. Бул элдин талабын президентке түздөн-түз угузганымдын кесепети кандай болгондугун бардыгыңыздар көрдүңүздөр. Чын кепке чычалаган бийлик болбогон жерден кылмыш ишин токуп, менин саясий карьерама бут тосууга аракет жасады.
Чынында 7-апрелде эмне болгон? Буга ошол күндөрдөгү хронологияны түзсөк гана жооп табылат. Кимдин кайсы саатта кай жерде болгонун биле турган болсок, көп нерсеге көзүбүз ачыла түшмөк. Ооба, эгерде бакиевдик режим чектен чыгып кетпегенде, төңкөрүш болмок эмес. Булардын үй-бүлөлүк туура эмес саясатынын жыйынтыгы ушуга алып келди. Албетте, бул режимдин башында тургандар жоопко тартылышы керек. Ошол эле учурда, элди ишендирип, көчөгө алып чыккан оппозиция мүчөлөрү да бейкүнөө адамдардын канынын төгүлүшүнө жоопкер. Ушундай болуп кетерин алдын-ала билип, өз жактоочуларын сактап калуунун чараларын көрүшү керек болчу. Аянтта кан төгүлүп жатканда булардын бири да басып келип, жамгырдай жааган октон оолак турууга чакырган эмес.
Ошо кандуу окуядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн иш-аракетине бааны эл берди. Лидерлери бийликте олтурган партиялар парламенттик шайлоону уттуруп жибергенине күбөбүз. "Бизди эл колдогон",- деген ооз көптүрмө сөз экени билинди. Эл апрелде колдосо, жарым жылдан кийин да колдомок. Убактылуу өкмөттүн тушунда экономика ылдыйлап кеткени жашыруун эмес. Ушу кезге чейин банктардын кутучаларынан алынган миллиондогон каражаттар үчүн эч ким жооп бербеди. Эң негизгиси - Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өзбек сеператисттери менен достошуп, аларды саясий аренага бош коё бергендигинин кесепетинен Түштүк коогалаңы чыгып олтурат.
Бир эмес, бир нече комиссия өз корутундусунда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн күнөөсүн далилдеди. Бирок, булардын бири да, эч болбосо саясий жоопкерчиликке тартылган жок. Түштүктө шайлоочулар менен жолугушуу учурунда элдин койгон конкреттүү талабы - былтыркы июнь коогалаңынын күнөөкөрлөрүн таап, жазалоо болууда. Бийлик каргашанын бир жылдыгында да, ага чейин да бул тууралуу бир ооз да сөз айтпады. Эмнеге? Жеке мен жакшы билем - бул тема козголгон сайын бийликтегилер өздөрүн ыңгайсыз сезишип, аны көтөрүп чыккан адамдарды жек көрө башташат. Парламентте президент Отунбаевага да муну ачык айтып, эл талабын билдирдим эле. Жооптун ордуна колунда бар күчтөр менен куугунтук уюштуруп жаткандарына караганда, бийлик чындыктын чыгып кетишинен коркуп турат. Менден журналисттер көп сурашат, "эгерде президент болуп калсаңыз, биринчи кайсы ишти бүткөрөсүз?" маанисинде. Президенттик Кудай маңдайына жазган адамга гана буюрат. А мен, ким болбоюн, ушул маселени аягына чыгарам! Бул жолумдан мени эч ким артка кайтара албайт. Себеби мен ошо каргашанын чок ортосунда жүргөм. Атасын, энесин, эже-сиңдисин, ага-инисин, жакынын жоготуп зар какшаган адамдардын ыйын көргөм. Көпчүлүгү менен жакындан таанышып, арыз-муңун уккам. Ошондо бийликтеги аткаминерлердин бири да басып келбей койгондо, эки элди арачылап, өз өмүрүмдү тобокелге салган учурларым болду. Мына ушунун баарын баштан өткөзгөн адам катары, бу жерде адилеттүүлүк тебеленип жатканда, жөн гана карап тура берүү менин принцибиме такыр туура келбейт!
Эсиңиздерде болсо, урматтуу "Ата-Журт" партиясынын мүчөлөрү, биз парламенттик шайлоо алдында апрель жана июнь окуяларын толугу менен иликтеп чыгууну убада кылганбыз. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи олтурумунда биздин партиянын демилгеси менен депутаттык комиссия түзгөнбүз. Түштүктөгү коогалаңды бир нече комиссия иликтөөгө алган. Анын ичинде улуттук комиссия жана Эл аралык көз карандысыз комиссия бар. Бирок, түштүктөгү коогалаң боюнча чындыкты бир гана биздин демилге менен түзүлгөн парламенттик комиссия алып чыккандыгын баса белгилеп коюушубуз керек. Башка комиссиялар тыянагын чыгарганда эл ичинде канча уу-дуу кеп жүргөн. Ачык эле, эл ичинде бүлүк салган тыянактар чыгарылган болчу. Мына ошолордун арасынан, "Ата-Журттун" талабы боюнча иш алып барган депутаттык комиссиянын бүтүмү алда канча жогору турат. Чындыкты көзгө сайып көргөзүп бердик. Дагы кайталайм, биз өз убадабызды жерге таштаган партия эмеспиз. Июнь окуяларын элге убада бергендей, калыс изилдеп чыктык. Депутаттык комиссиянын бүтүмү кандайдыр бир деңгээлде, июнь окуяларында жакындарын жоготуп, сай-сөөгү сыздап олтурган адамдардын көкшүнүн суутту десек болот.

Урматтуу курултайдын
делегаттары!
Урматтуу коноктор!
Бийлик элдин ишеничин актаган жок. Коомдун кайсы тармагы болбосун, сезилерлик жылыштар болбой жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Парламенттик башкарууну киргизүү боюнча эксперимент өз жемишин бербегендигин бул жерде баса белгилеп коюуга милдеттүүбүз. Мунун натыйжасында бийлик институттары толугу менен талкаланды. Бийликтин таасири жоголду. Борбордун буйругу жер-жерлерде аткарылбай жатат. Ошонун баары жалпы экономикалык абалга таасирин тийгизип, инвесторлорду чочуткан негизги фактор болуп калды. Бүгүн бакиевдик диктатураны бетке тутуп, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн ката жолун сунушташканы белгилүү болуп калды. Мындай башаламандыкта тартипти талап кылууга да болбой калды. Элдин турмушу болсо начарлагандан начарлап бараткандыгы тангыс факт болуп калууда. Өкмөттүн бюджет, инвестицияларды тартуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, өндүрүштүү жандандыруу багытындагы бир да убадасы аткарылган жок.
Жакындагы эле Бостери айылында болуп өткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургандардын ортосундагы жаңжал - бийликтин дагы бир кеңири рекламалаган кримчөйрөгө каршы күрөшү кандай өңүттө кетип жатканын далилдеди. Криминалдык лидерлер бүгүнкү күндө өсүп келаткан муундун идеалына айланып калгандыгы жашыруун эмес. Алар жаңы маркадагы машинелерди минишет, кийген кийимдери, жүргөн кымбат ресторандары жаштарды ушулардай болууга түртүүдө. Криминал менен күрөш - социалдык маселелерди чечпесек, эч качан жемишин бербейт. Жумушсуздук, жакырчылыкты биринчи жеңиш керек. Ансыз бир да бийлик бул маселени чече албайт. Ошондуктан, бийликтин бул аракетин жөн гана пиар деп айтып койгонубуз дурус.
"Ата-Журт" партиясы өлкөдөгү стабилдүүлүктү баарынан жогору койгондугу үчүн парламенттик башкаруу коалициясына кирген. Биз өкмөттү түзүүгө жардам бердик. А бирок, булар биздин, демек, шайлоочуларыбыздын алдындагы милдеттенмелерин унутушту. Анын ордуна өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына туура келген маселелерди чечүү менен убара болушууда. Мындай темп менен кете беришсе, буларды да Акаев менен Бакиевдин тагдыры күтүп турарын ачык айткым келет.

Урматтуу делегаттар!
Урматтуу коноктор!
Мен өз сөзүмдө өлкөдөгү кырдаалды сүрөттөп өттүм. Албетте, дагы көп нерсени айтсам болмок. Бирок, канча айтпайлы, анын баары өлкө ичиндеги кризиске келип такалат. Мындан улам, эл да чындыгында күчтүү мамлекетти курууга жөндөмдүү күчтөрдүн, болгондо да жаш лидерлердин бийликке келишин күтүүдө. Көпчүлүгү ошондуктан, эртеңки күнүн биздин партия менен байланыштырып жатышат. Ошондой оор кырдаалда, биз сөзсүз, алдыда келе жаткан президенттик шайлоого катышуубуз керек. Биздин андан жеңүүчү болуп чыгарыбызга ишенем!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат! Эли-журтубуздун ичинде аманчылык, тынчтык болсун!