Псориаз -дарысы табыла элек дарт
Дүйнөдө эң оор жана татаал оорулардын катарына кирген псориаз, экзема, дерматит, клен, ассимилит (сөөк кулгунасы) сыяктуу тери оорулары барган сайын күчөп, жайылууда. Анткени, салттуу медицина бул оору менен канчалык күрөшсө дагы анын дабасын ушул күнгө чейин таппай келет. Аталган оорулардын арасынан псиориазды изилдеп, аны айыктууруу жолдорун билүүгө аракет кылдык.

Псориаз кандай оору?
Псориаз- көп кездешүүчү тери ооруларынын бири болуп эсептелинет, (грек тилинене которгондо "psora" -" тери оорусу" дегенди түшүндүрөт ). Организмдин иммундук системасы бузулганда, психо эмоционалдык факторлор жабыркаганда, эндокринологиялык ооруларга чалдыкканда же бөйрөк, боор ооруганда псориаз калыптанышы мүмкүн. Псориаз көбүнчө чыканакта, тизеде, баштын чач өскөн жерлерине кызыл так болуп чыгат да, ушаланып, түлөп, карт сыяктуу болуп турат. Псориаз болгондо териден сырткары сөөктөр жана муундар дагы жабыр тартат.
Эмнеден улам пайда болот?
Псориаз курт кумурскалардын чагып кетишинен, укол алгандан, опперациялык кесиктерден, татуировкалардан, күйүктөн, күндүн жана ренген нурларынан улам пайда болот. Ал эми медицинада тери сезгенгенден, безе- ткилердин чыгышынан жана гонореялык оорулардан, аллергия болуп, кытышуудан, теринин кызарышынан, ыйлаакчалардын пайда болушунан псориаз келип чыгат. Айымдардын ар түрдүү косметикаларынан да пайда болушу мүмкүн. Псиориаз жугуштуу оорулардан да калыптанат. Изилдөөчүлөрдүн берген маалыматына таянсак, ВИЧ- инфекциясы аркылуу да псиориаз келип чыгаары анык болгон. Коңшу Россияда 2 жылдын ичинде эле мындай оору менен жабыр тарткан 13 оорулуу каза болгон. Псориазга чалдыкканда тамакты көзөмөлдөп жеп, диета кармоо керек. Ал эми арак ичип, тамеки тарткан адамдарга псориаз дарты өтө оор болот.
Тукум куучу оору
Псориаз менен эркектер жана аялдар көп жабыр тартышат. Ал башталганда дененин ар кайсыл жерине чыгат. Дарылануучулардын 30-35% тукум куучу оорулар менен жабыркашат. Белгиленгендей эненикине караганда атадан берилген псориаз көп кездешет. Псориаз өмүргө коркунуч алып келбегени менен, психологиялык оорулардын пайда болушуна себепкер болот. Псориаз эркектерде 29 жаштан жогору ал эми аялдарда 27 жаштан өткөндөн кийин пайда болот. Немец изилдөөчүлөрүнүн аныктоосуна ылайык, эгер ата-эненин бири псориаз менен ооруса балага 14-25% берилет, ал эми ата-эне экөө тең жабыр тартса, анда балага 41-60 % өтөт. Кош бойлуу учурунда псориаз менен жабыр тарткан айымдарга өтө коркунучтуу анткени, бала төрөлгөндөн кийин 54% оору ымыркайга берилет. Жаңы төрөлгөн балдарга тери оорулары гана берилбестен, психологиялык жактан да жабыр тартышы мүмкүн.
Изилдөөлөргө ылайык:
Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык жер шаарынын 2-5 % калкы псориаз менен жабыр тартышса 2010-жылга алынган маалымат боюнча дүйнө жүзү боюнча 125 миллион адам псориазга чалдыкканы маалым болгон. Ал эми Россиянын аймагында псориаз оорусу менен 2.8 миллион адам катталган. Бул айтылган сандар жыл сайын эки эсе көтөрүлүп турганын билдиришкен. Псориаз менен жабыр тарткан адамдардын 5% депрессиялык ооруларга чалдыгышкан жана жүрөк, кант диабетине, гипертониялык жана онкологиялык ооруларга алып келерин да айтышкан. Псориазды патологиялык оору деп да айтышат, анткени муундар, сөөктөр, жүрөк, бөйрөктөр жана көздүн көрүүсү да начарлайт.
Түрлөрү:
Псориаз денеге кызыл тактардын пайда болушу менен башталат. Ал кызыл тактардын үстүңкү катмары күмүш түстөгү кытышкан кабыкчалар менен капталган. Ал көбүнчө кышында жана жазында күчөйт. Анын арасында жайкы псориаз да бар. Бул оорунун өнүгүшү баштапкы жана жогорку болуп эки түргө бөлүнөт. Баштапкы бөлүгүндө псориаз эрте пайда болот. Кыздар 16 жашында жабыр тартышса, балдарда 22 жаштан козголот. Псориаз башталганда буттун манжаларында, чыканакта, колдун салаларында, согончокто, тизеде, чачтын алдында, кулактардын ичинде пайда болот.
Ал эми экинчи бөлүгүндө псориаз эки эсе өнүгүп кетиши ыктымал. Ал алтымыш жаштан өткүн соң пайда болот. Экинчи түрүндө буттун муундары жабыр тартат, дененин баардык бөлүктөрүнө жайылып кетет да, өзгөчө балтырларда пайда болуп абдан кычышып, кызарып жана сыртынан ак ыйлаакчалар чыгат. Маал малы менен карт болуп күүлүп түшүп турат.
Башка мамлекеттерде:
Түндүк Европадагы жашоочулардын 1.5% псиориаз менен ооруса, АКШда 1% түзөт. Ал эми Германияда 1.3%, Данияда 2.3%, Кытайда 0,3% болсо, индиялыктардан жана Түштүк Америкада кездештирүүгө болбойт. Дермотологиялык ооруканаларга кайрылгандардын 6.8 % псориаз менен жабыр тартышкан. Дүйнө жүзү боюнча болгону төрт гана мамлекетте Иран, Ирак, Канада жана Японияда псориаз жана башка тери ооруларын айыктыруучу атайын ооруканалар ачылган. Бирок, медицина алсыз болуп, миллиондогон адамдарды дарыласа дагы, ал оорулар кайра беш жыл сайын кайталанып турат.
Дарылоо жолдору:
Заманбап медицинада псориазды айыктыруучу бир дагы аппарат жок. Бул оруну толугу менен айыктырууга мүмкүнчүлүк болбосо дагы аны дарылоо үчүн бир нече ыкмаларды колдонуп келишет. Саламаттыкты сактоо министирлигинин берген маалыматы боюнча, 2010-жылда эле Кыргызстанда псориаз менен жабыр тарткандардын саны 5200 адамды түзгөн. Орулуулар жарым жылда бир келип, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турат. Медицинада биохимиялык, иммундук системаларды жогорулатуучу жана нерв системасын көзөмөлдөп туруучу дары дармектерди кеңири колдонушат. 1991 -жылы окумуштуулар псориазды генетикалык оору деп тапкандан кийин, азыр медицинада аны дарылоо үчүн кан алмаштыруу процессин жүргүзүшөт.
Элдик медицинада:
Элдик медицина менен дарылоо башка дарыларга салыштырмалуу жакшы эффект берери анык болгон. Бирок, псориаз менен жабыр тарткандар элдик медицинаны колдонуудан мурун сөзсүз түрдө дарылоочу диагностикадан өтүүсү зарыл. Анткени, псориаз рак оорусун пайда болушуна алып келет. Элдик медицинада көбүнчө чөптөр менен дарылоого басым кылышат. Мисалы: кара жыгачтын тамырларын кайнатып ичип, жарага сүйкөп колдонушат. Жумуртканын сарысын балга аралаштырып атайын мазь жасап, бир күндө эки жолудан эртең менен кечинде сүйкөөгө болот. Псориазды элдик медицина менен дарылаган дагы бир инсан Албанов Карыбек ажы көп жылдан бери, ислам жолунда жүрүп, дерматит, красная волчанка, демотекес, клең, ассимилит деген оорулардын дарысын тапкан. Тибеттен алынып келинген 33 чөптүн түрүн жана ала-Тоодон чогулткан чөптөрдү кошуп, дарылоону өздөштүргөн.
даярдаган
Нургүл Ибраева




Жарнама
"Puxel" студиясы видео, фото,
слайд-шоу кызматтарын аткарат.
тел.: 0 543 03-42-52, 0 778 68-67-90


Вагон жана нива автоунаасы сатылат.
Баасы келишимдик негизде.
Байланыш тел.: 0 550 23-60-35

Кол арабалар сатылат.
Байланыш тел. : 0 550 23-60-35
Бильярд столун, тир мылтыктарын сатып алабыз.
Байланыш телефону: 0778 85 18 93

Алыкул, Жолон, Турарды окуйсуңбу?
Урматтуу поэзия сүйүүчүлөрү. "Нурборбор" чыгармачыл жаштар бирикмеси сиздерге арнап, кыргыз поэзиясынын лөктөрү болгон Алыкул Осмоновдун "Ата Журт", Турар Кожомбердиевдин "Мен тоолордун уулумун", Жолон Мамытовдун "Издейм сени" деген аталыштагы үчилтик чакан чөнтөк китебин "Бийиктик" басмаканасынан басып чыгарды. Китепти түзгөн Нурлан Калыбеков. Поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, залкар акындардын лирикаларынан татууну каалаган замандаштар, дегеле китеп сүйүүчүлөр. Бул үчилтикти алууну кааласаңыздар "Кереге" гезитинин редакциясына же 663721 телефонуна кайрылыңыздар. Үчилтиктин баасы 200 сом.