Аракка жол жок!!!
Бүгүнкү күндө арак, дегеле спирт ичимдиктерин колдонуу көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелинет. Ал артта өсүп келе жаткан муунга, жаштарга коркунуч туудуруп, алкоголдон коом, ар бир жаран жабыр тартууда. Барган сайын арактын айынан ар түрдүү ооруларга чалдыгып, көз жумгандар көбөйүүдө. Арактын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири туурасында маалымат төмөндө.

Арак эмнеси
менен зыяндуу?
Бир гана арак эмес, баардык спирт ичимдиктери адамдын ден соолугуна абдан зыяндуу. Бул тууралуу көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, макалалар, китептер басылып чыккан жана алардын баардыгы иш жүзүндө далилденген. "Улуттун ден соолугу үчүн" аттуу кыймыл алкоголдук ичимдиктин төрт түрүн: арак, сыра, вино, коньякты изилдеп чыгып, алардын баардыгы адамдын ден соолугуна бирдей таасир тийгизээрин аныктап чыгышкан. Изилдөөчүлөрдүн айтымында арактын канчалык өлчөмдө болбосун, организмге киргенден кийин, кандайдыр бир деңгээлде кан басымдын жогорулашына жана бара-бара жүрөк ооруларына алып келээрин аныкташкан. Ал эми аракты өзгөчө жакшы көргөндөр инсультка чалдыгары, көп убакытка чейин колдонуу онкологиялык жана бөйрөк ооруларына алып келээри анык болгон.

Ичкилик адамды
эрте карытат
Аракты ичкен адамдын мээсинин иштеши акырындык менен алсыз боло баштайт. Көздүн көрүүсү, сүйлөөсү жана кыймыл аракети начарлайт. Сексуалдык каалоосу жоголот. Алкоголду көп ичкен аялдар тукумсуздука чалдыгышса, эркектер импотенция менен жабыр тартышат. Аракты көп ичкенден улам, канда алкогол көбөйөт да, адам физикалык жана моралдык жактан алсырап, дайыма чарчаңкы болот. Анткени, арак баш мээнин клеткаларына таасирин тийгизет да, нерв системаларынын иштөөсүн начарлатат. Организм дайыма алып турган суунун ордуна арак менен камсыз болсо, клеткалар бат өлө баштайт. Арак биринчиден нерв системаларынын жай иштешине, булчуңдардын алсыздыгына, кант диабетине, мээнин кургашына, боордун цирроз, лейкоз оорусуна, депрессияга, ашказан ж.б көптөгөн ооруларга алып келет. Бул оорунун баардыгы бир бөтөлкө арактын аркасынан пайда болушу толук ыктымал. Дайыма арак ичип жүргөн адамдын организми эки эсе бат карыйт да, эрте өлүмгө учурайт.

Аракечтик мутант
балдардын төрөлүшүнө
алып келет
Арактын кандай гана түрү болбосун, баардыгы - интеллектке, ден соолукка, келечекке урган сокку деп түшүнүү зарыл. Арак бир гана адамдын ден соолуна таасирин тийгизип тим болбостон, жаш балдардын келечегине балта чабат. Мисалы: арактын, спирт ичимдиктердин жана наркотикалык заттардын айынан, өлкөдө жарым эс, мүмкүнчүлүгү чектелген, оорукчан, мутант балдар төрөлүүдө. Мындан коом, ар бир жаран жабыр тартып, артта өсүп келе жаткан жаш муунга коркунуч туудурат. Эгер сиздин балаңыздын ден соолугу чың болуусун кааласаңыз, аларга туура жол көрсөтүп, өзүңүз арактан алыс болуңуз.

Жол кырсыктарынын
башкы себепчиси
Алкоголь ичимдиктери өзгөчө айдоочуларга өтө коркунучтуу. Мас абалында рулга олтуруп, жол кырсыктарына кабылгандарды көп эле кездештиребиз. Ички иштер министирлигинин берген маалыматы боюнча жол кырсыгына кабылгандардын көбү мас абалында экендиги аныкталган жана үй бүлөлүк ажырашуулардын 90пайызы арактын айынан болгондугун белгилешкен.

Статистикага ылайык:
Улуттук стат комитетинин берген маалыматы боюнча 2009- жылы Республиканын территориясында 76 алкоголь чыгаруучу имараттар катталган. Ал эми 2010-жылы алардын саны 68 болуп кыскартылган. Учурда Кыргызстандын территориясында мыйзамдуу түрдө 30дан ашуун алкоголь чыгаруучу заводдор иштейт. Алардын ичинен "ШампанВинкомбинат" жана "Бишкек ликер арак чыгаруучу завод" лидер болуп келет. Алар Совет учурунда эле орноп, баардык совет мамлекеттерин арак менен камсыз кылчу. Кыргызстан алкоголь чыгарылыштарын армян, казакстан, молдавия, украина, грузиял өлкөлөрүнө сунуштап келишет. Республикалык наркологиялык борборунун массалык маалымат каражаттарына берген маалыматы боюнча 2010-жылы Кыргызстанда алкоголь ичимдиктеринен жабыр тартып, катталгандардын саны 32668 адам болгон. 2009-жылга 30,395 адам катталган. "Алкоголдук психоз менен жабыр тарткандардын саны да жылдан жылга көбөйүүдө"-дейт наркология жетекчилиги. Борбордо 2010-жылга берилген маалымат боюнча алкоголь ичимдиктеринен жабыр тарткан айымдардын саны 2076 болсо, республика боюнча 3698 аялды түзгөн. Алардын көбү 45 жаштан жогоркулар. Ал эми алкоголь ичимдиги менен жабыр тарткан эркектердин саны 2010-жылга 12145 болсо, республика боюнча 28 970 адам катталган.

Спирт ичимдиктери
жарнамада
Массалык маалымат каражаттары аркылуу берилип жаткан алкоголь ичимдиктери тууралуу жарнамалар мыйзамга каршы болуп эсептелинет. Теле же радиодон берилген алкоголь ичимдиктери тууралуу жарнамалар адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизээри туурасында маалыматтар камтылбай калгандыгы буга мисал боло алат. Эгер кайсыл бир массалык маалымат каражаты алкоголь ичимдиктерин жарнама кыла турган болсо, анын адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизээри туурасында жана жашы 18 ге чыга элек өспүрүмдөргө сатууга тыюу салына тургандыгы туурасында маалымат сөзсүз түрдө айтылып кетиши керек. Биздин ММКлардан жогоркудай эскертүү шилтемеси берилбейт. Бул жарнама мыйзамынын 16- беренесинин бузулуп жатканында. Бүгүнкү күндө республикада эки жүздөн ашуун арактын түрү, винонун 170 түрү, коньяктын 14 түрү жана 30дан ашуун ар башка аталыштагы алкоголь ичимдиктери жасалат. Кыргызстанда арак чыгаруучу 10 компания жана вино чыгаруучу 25 компания болсо сыра чыгаруучу 15 компания иштейт. 2010-жылга Кыргызстанда 837 миң литр спирт чыгарылса, 1288 миң литр арак, 134 миң литр вино, 1890миң литр сыра иштеп чыгарылган.

Нургүл ИБРАЕВА