кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



Айдар + Максим + Хон = ким?
Бу алдыдагы президенттик шайлоо даана шайды оодара турган болуп калды. Анткенинин себеби, жыйырмадан ашуун "президент" чаң ызгыта баштады. Алардын бирин да этегине жуутпагандай түр көрсөткөн Алмазбек Атамбаевдин чачпагын Өмүрбек Бабанов көтөрмөй болду. Көтөргөндө да "грандиозный" көтөрөт экен. Угушубузда тар чөйрөдө күпүлдөгөнү соо адамды нес кылат. Анын акылын пештесек, Кыргызстандагы баардык массалык маалымат каражаттарын жылчыксыз Атамбаевдин үгүт-саясаты ээлейт имиш. Антүүгө Бабановдун "огромный" акчасы жетет экен. Ишикылса, гезиттер, теле, радио дегендер бир гана Бабановдун ырын ырдап, бир гана Атамбаевге сыйынат экен. Эми экендин экинчи бетин карайлы. Бабанов ким? Же Бабанов дегенде кимдерди эстейбиз… Албетте ошолор, "Альянс", Айдар, Максим, Хон… "Абороту" - "РИОМ" базары, "Кыргызстан" банкы… Чатагы - "Манас" авиамайбазасы, "Мегаком" компаниясы ж.б… Акчадан башканы байкабаган Бабановдун тилеги орундалганча алты муун алмашып, алтымыш революция болот го…
















??.??