PRESSKG.COM



п»ї
  Ким бул,ой?

Алмазбек Атамбаев-
Саясатта андан жакшылык күтүүгө болбойт... Адамгерчилиги мыкты...
Алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Саясатта салмагы бары да, жогу да астыртан кызуу даярдык көрүп, алдыдагы ажолук таймашка кам көрүүдө. Ооба, конституцияга ылайык бардык Кыргызстандын жараны перзиденттикке ат салышууга акылуу. Эл жүгүн көтөргөн эр уулдарын ажо кылып көтөрүп алуу-бул элдин колунда. Ошол ажолукка ат салышкан азаматтарга элден, саясатчылардан сурамжылоо жүргүзүп, алардын пикирин билүүнү колго алдык. Бул сапар эл элегине КР премьер-министри Алмазбек Атамбаев түштү.

Исхак Масалиев,
коомдук ишмер:
- Алмазбек Атамбаев жумшак мүнөз, жакшы адам. Ишенчээк, жеңил мүнөздүүлүгү бар. Туруктуулук жетишпейт. Бийлик алмашкандан бери премьер-министр катары чоң жоопкерчиликти аркалап келет. Жаңы бийлик орнотордо элге көп убада, сөздөрдү беришкен. Бирок, бир жылда көп деле өзгөрүү байкалган жок. Атамбаевге саясатчы катары жана жеке адамдыгына жакшы эле баа берем. Болгону туруксуздугу, жеңил мүнөзү сыяктуу кемчиликтери бузуп турат.

Гүласал Садырбева,
ЖКнын депутаты:
- Атамбаев көп саясатчыларга караганда саясий деңгээли жогору. Дооронбек Садырбаевдер менен чогуу жүргөн. Эки экс-ажонун бийлигине каршы чыгып оппозицияда болгон. Жакшы иштөөгө аракет кылып жатат. Бирок чечкиндүүлүгү жетишпейт. Бир эле мисал катары "КыргызНефть" ишканасынын чуусуна 7 айдан бери чекит коё албай келет. Ал жерди жетектеп турган жигитти эл колдогонуна карабай кызматтан алып, сырттан башкаруу киргизип койду. Чечкиндүү болуп, ойлонуп отурбай эл тарапта болуп койгондо туура болмок. Жакын кишисине, партиялашына, жакын санаалашына тартпай калыс чечим чыгарыш керек эле. Кыргызстанда башкаруу системасы өзгөргөндөн бери өкмөт башчынын милдеттери жогорулаган. Аны №1саясий фигура десек болот. Андыктан чечкиндүү болуусу зарыл.

Мукар Чолпонбаев,
коомдук ишмер:
- Атамбаев саясатчы катары ички, тышкы ресурстарын жеп бүттү. Саясатта кандай иштерди, кандай максат менен жасагандары туура баамдай алгандарга түшүнүктүү болгону менен, муну байкай албагандар да бар. Саясатта андан жакшылык күтүүгө болбойт. Жеке мүнөзү тууралуу адамгерчиликтүү, ак пейил экенин билем. Бирок, саясатчы катары сыйлай албайм.

Мелис Эшимканов,
экс-депутат:
- Ар бир саясатчынын жакшы тараптары да, кемчиликтери да болот. Атамбаев тууралуу жеке көз карашымды айтсам-ал кишинин жакшылыгын көп көрдүм. "Бир жолу туз таткан жериңе миң жолу ийилип салам бер" дегендей Алмаз Шаршеновичтин жакшылыгын көргөн соң жамандап ушак деңгээлине түшкүм келбейт. СДПК партиясы менен чогуу жүрдүм. Ошентсе да, Алмаз байке жакын агам болгону менен чындык өйдө. Учурда бийликтин кадрдык жана экономикалык саясатына ичим толбой турат. Кесе айтканда мамлекетибиз жардын кырында турат. Буга өлкө башчысы Отунбаева, өкмөт башчы Атамбаевдин да күнөөсү бар. Эгерде бийлик элге жүзү менен бурулбаса, өлкөнү кыйынчылык күтөт. Атамбаевдин, анын командасынын бүгүнкү саясаты элдин купулуна толбой жатканы чындык.

Турсунбек Акун,
Акыйкатчы:
- Атамбаевдин көп жакшы сапаттары бар. Ак көңүл, кудайды ооздон түшүрбөйт. Ал бийликке экономика оор кырдаалда турганда келди. Бардык саясий күчтөр, саясий партиялар менен биргеликте иштеш керек эле. Ошол жагынан аксап калууда. Ошондой эле айрым саясий фигура, лидерлердин дарегине такталбаган сындарды айтып алмайы бар. Өкмөт башчы болгон соң мындай учурларда тактап, байкап сүйлөсө болмок. Парламентте Атамбаевдин мыйзамдар, консепциялар менен иштөөдө аксап жатканын сынга алышты. Бул да туура. Системалуу, көп структуралуу иш алып баруусу зарыл. Ал эми адамгерчилиги тууралуу айтсам ак пейил, маданияттуу киши. Акыйкатчы катары мага колдоо көргөзүп, эсептешип турат. Спикерчесинен залдан айдап чыкмай оройлугу жок.

Азамат Араппаев,
ЖК депутаты:
- Парламентте болгон соң мамлекеттин абалын, экономикасын, саясий кырдаалды жакшы билебиз. Атамбаев оор кырдаалда бийликке келди. Колдон келгенин жасап жатат. Түркияга барып 50 млн. доллар карызды кечирип, грант алып келди. Өкмөт башчы катары жакшы эле иштерди жасоодо. Адамгерчиликтүү, кең пейил киши катары баалайм.

Алым Токтомушев,
журналист:
- Атамбаев табиятынан саясатчы эмес. Диплому гана болбосо, анын табияты адабиятчы, акын. Көбүнчө прагматикага эмес, аң-сезимге, эмоцияга ылайык иштейт. Маселен, өткөн президенттик шайлоодо "Мен президент болсом, Нуракенин астына чөгөлөсөм да Каркыраны кайра алып берем" деп убада берген. Бирок, колунда конституция, бийлик турганда ал убадасын эстеп да койбоду. Премьер-министр болуп турганда "Түркмөнстандан Кытайга тартылган газ түтүгү Кыргызстан аркылуу өтмөй болду. Мен сүйлөшүп койдум" деп элди кубантты эле. Бирок, ал Казахстан аркылуу өтүп кетти. Ушу сыяктуу ишке ашпаган сөздөрдү карапайым деңгээлде сүйлөй берет. Ал эми адамгерчилиги боюнча мыкты киши. Адамдарды туура түшүнө билет, колдон келген жардамын берип жүрөт.


Шерназар Шүкүров,
журналист:
- Азыркы бийликтеги көп саясатчыларга караганда Атамбевдин орду өзгөчө. Эл арасында да аброю жакшы. Анткени, болгон аракетин жумшап мамлекетти оңдоого, экономиканы көтөрүүгө далбастап жатат. Мурдакы ажолор тып-тыйпыл бошотуп кеткен казынаны ар кайсы жактан гранттарды таап калыбына келтирүүгө аракет кылып, чын дилден иштеп жатканын көрүп жатабыз. Ал эми Атамбаевди сынга алып, айың чыгаргандарга кошулгум келбейт. Саясатта турган соң ар кандай кеп илеше берет эмеспи. Атамбаев саясий оюндарга аралашпай эле иштөөгө умтулуп жатат. Болбой эле аны саясий оюндарга аралаштырып жатышат.
Даярдаган
Анара
Дыйканова








кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??