Өмүрбек Суваналиев:
"Парламенттик башаламандыкты
президент токтото алат.
Ошол үчүн - шайлоого баратам"
Ойлоп көрсөңөр, революциячыл бийлик бир жылдан ашык убакыттын ичинде айтышы керек болчу: "Кыргызалтында" мына мынча алтын уурдалып келиптир, биз аны мамлекетке кайтарып бердик деп. Ширшов деген неме энергосектордон мынча акча солочу экен, ал схеманы талкаладык, мына акча дешпейби. Бирок дале акча жок! Америкалык аскердик самолётторго куюлган авиамай -дагы бир схема, бирок акча казынага кетпей, жеке структурага түшүп жатат. Ушундан эле жыйынтык чыгарса болот: схемалар мурдагыдай эле иштеп жатат, болгону катышкан кишилер мурдагыдан да көбөйдү. Мурда бир үй-бүлө маарып келсе, азыр партиялык тиешесине жараша бөлүнө баштады.
Эгерде Камчы Көлбаев башкы наркобарон болсо (бийлик анын жолун буудук деп атышпайбы), анда эмнеге наркотрафик буулган жок? Азыр ал жерде ким "олтурат"? ИИМдин анабашы Зарылбек Рысалиев Кыргызстанды "кызыл республикага" айландыргысы келгенин бир айтып бир, эки айтып эки койбойт. Муну кантип түшүнсө болот - мурда "каралар" кылып келгенди эми укук коргоо органдары кылат деппи? Анда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн түпкү мааниси ушунда экен да? Өлкөдө коррупция мурдагыдан да аябай гүлдөп өстү. Атүгүл эл аралык эксперттер Кыргызстанга "натыйжасыз өлкө" деген жарлык тагып салышты.
-Сиздин оюңузча укук коргоо органдары өзгөрдүбү?
- Өзгөрдү, бирок жакшы жагына эмес. Эки жолку мамлекеттик төңкөрүштөн алган сабакты эске алсак, жаңы кыргыз бийлиги өз ишмердүүлүгү менен, жүргүзгөн саясаты менен укук коргоо органдары мындан ары саясий оюндарга катышпастыгын көрсөтүшү керек эле. Бул аткарылган жок. Азыр бардыгы билип да, көрүп да турат: ИИМдин, УККнын жетекчилиги бийликти гана тейлеп калды. Мурдагыдан бир айырмасы - бул монополияны коалициядагы үч партия өздөрүнчө бөлүштүрүп алышкан. Кадрларды коюуда телефон аркылуу маселе чечүү мурдагыдан да кенен кулач жайды - болгону азыр партиялык тиешесине жараша жүрүп жатат.
-Өзүңүз билгендей, катардагы жаранга милиционердин кайсы партия үчүн иштеп жатканы маанилүү эмес да, эң башкысы ал аны коргошу керек, кемсинтпесин, тонобосун...
- Туура, бирок жетекчи кадрлар профессионализми боюнча эмес, "өз киши" деген жарлыгы боюнча тандалса, чынчыл, таза, билимдүү укук сакчы кайдан чыгат? Албетте, мындай жол менен келген жетекчилер кол астында иштегендердин арасындагы коррупция менен күрөшүүгө, өз тармагын реалдуу түрдө реформалоого кызыкдар болбойт. Убактылуу иштегендер стратегиялык ой жүгүртө албайт, алар мурдунун учундагы маселелерди гана чечкенге маш. Ошондой эле алар мамлекеттик кызыкчылыкты партиялык кызыкчылыктан жогору койгонго кудуреттери жетпейт. Атамбаев менен Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүсүн эскерте кетейин - эсиңердеби, кимди бажы башчылыгына коюш керектиги боюнча урушуп кетишпеди беле? Анан тиги Бекназаров түртмөлөгөн жигиттин үйүнөн 3,5 миллион доллар уурдалган болчу. Ал жигитте мынча акча кайдан? Кадр тандоодогу мындай "революциялык" ыкмалар эч жакка кеткен жок - болгону азыр өтө жашыруун колдонулуп келет.
Жогорку жактагы башаламандык укук коргоо органдарынын эң төмөнкү катмарына чейин түшүп жатканына таңкалычтын кереги жоктой. Катардагы кызматкерлер реалдуу абалды беш колдой түшүнүп турушат, ошондуктан жетекчилерине ишеним артышпайт. Алар апрелдеги төңкөрүштөн кийин өз жыйынтыктарын эчак эле чыгарып коюшкан - революционерлер укук коргоо органдарына кандай мамиле кылышты? - генералдарды сабап, катардагы кызматкерлерди өлтүргөнгө чейин барышты го. "Биз менен бирге эмессиңер" деген шылтоо менен. Анан Убактылуу өкмөт күч структураларына таяна албай, альтернативалуу топторду түзө баштады - банктардын ячейкаларынан алынган акчалар менен каржылап, ар кандай элдик кошундарды түзүшпөдүбү.
Ал оңой акчалар эмес болчу, ячейкалардан 29 миллион эмес, 100 миллион доллар алынган, азыр ушул сумма айтылып жатат го. Бул сумма менен парламенттин спикери Ахматбек Келдибеков Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн коркутуп кирди, бардык далилдерим бар деп. Эгерде ал акчалардын ээси табылып калсачы? Азыр алар жок дечи, бирок пайда болуп, соттон утуп алышса, Убактылуу өкмөттүн мурдагы финансы министри Темир Сариевдин айтуусу боюнча мамлекеттик казынадан төлөп берүүгө туура келет. Көрдүңөрбү, колунда эбегейсиз бийлиги бар Убактылуу өкмөттүн маанисиз башкаруусунун дагы бир жыйынтыгы эмнеге алып келет?
- Убактылуу өкмөт-бул кечээги күн. Бүгүнкү күндөгү саясий абалга кандай баа бересиз -парламенттик республикада жашап жатабызбы?
- Парламенттик беш партия көшөгө артындагы оюндарга көмүлүп калды, менимче, алар өлкө жөнүндө ойлобой эле, таасирдүү тармактарды бөлүштүрүү менен гана алек. Алар күн сайын коомду козутуп жатышат - баш көтөрбөй иштегендин ордуна, коалиция кулайбы, кулабайбы деп талаш-тартышка түшүп калышты. Мындай оюндар да өлкөнү башаламандыкка, бийликтин алсыздыгына алып келип жатат. Анткени бийлик - бул министрлер кабинети эмес, бийлик - бул эң биринчи кезекте жер-жерлердеги жетекчилер: айыл өкмөтүнүн башчылары, акимдер, губернаторлор. Бардыгы асылган абалда турушат. Коалиция өзгөрдүбү, алар да алмашат. Эмнеге Ички иштер минитсрлигинде тартип орнобой жатат? Анткени 2005-жылдан бери он чакты министр алмашып кетти. Ал эми Нарын облусунда эле 5 губернатор алмашты. Кээ бир райондордогу акимдер андан да көп алмашып жатат. Бардыгы кызматтарында убактылуу олтургандарын жакшы билишет. Ал эми убактылуу олтургандар сөзсүз уурдашат, уурдабай да коё алышпайт.
Кыргызстанда парламенттик республика орнотобуз деген аруу тилекти таш капты, үмүтүбүздү актай алган жок. Азыркы парламенттин курамы дагы. Андагы депутаттар да өздөрүн ишенимдүү сезе алышпайт, дегеним - бул 5 партияга шайлоочулардын 32%ы гана добуш берген, калган 68%ы башка саясий күчтөргө, башка кишилерге берилген. Парламент башкы суроолорго жооп бералган жок: Маевкадагы улут аралык бычакташууга, түштүгүбүздөгү граждандык согушка ким күнөөлүү? Ал эми апрелдеги окуяларды талкуулагандан да коркуп калышты... Өлкөбүздө баягы эле абал - кылмыш бар, күнөөкери жок. Анткени эң аягында корпоративдик (кесиптештик) кызыкчылык жеңип кетти-ӨЗ КИШИЛЕРДИ сатпаш керек да! Азыр ал жакта, парламентте дегеним, бардыгы-өз кишилер. Кечээки эле элдешкис душмандар-КСДПнын, "Республиканын", "Ата-Журттун" лидерлери-эми ынак достордой кечтерди бирге өткөрүп калышты. Эсиңердеби, учурунда Убактылуу өкмөт мурунку бийликтин канча аткаминерине расмий издөө салды эле? Көбү азыр парламенттик жыйындарда олтурушат... Эми мага издөө салынган жогорку кызматтагы аткаминердин атын атагылачы, жаңы бийлик кимисин өлкөгө кайтарып, сот жоопкерчилигине тарта алды? Бирөө да жок.
Кыргызстанда парламенттик республиканын орной албай калган себеби - ал элди алдоо жолу менен түзүлгөн. Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга канча жаран добуш берди дейсиңер? Аз эле - өзгөчө түштүгүбүздө, референдум күнү сөөктөр муздай элек болчу, өрт өчүрөлек, жоголгон кишилер табылалек болчу. Мен башынан эле бул башмыйзамга каршы элем - анан менин коркконум келип жатпайбы.
-Анда азыркы президент эмне кыла алат-укуктарынын баары кыркылып турса?
- Атүгүл азыркы укуктары менен президент өлкөдө тартип орното алат. Анткени ал Куралдуу күчтөрдүн башчысы (Коргоо министрин дайындайт), өлкөнүн коопсуздугу үчүн жооп берет (УККнын жетекчисин дайындайт), мыйзамдуулуктун сакталышын карайт (генералдык прокурорду дайындоо менен), казынадагы каражаттардын коротулушун көзөмөлдөйт (Эсеп палатасы), финансылык көзөмөл жүргүзөт (Улуттук банк). Ошондой эле башмыйзамдын кепилдигин карайт. Эң башкысы-ал партиялык, жердешчилик, кландык жана этникалык кызыкчылыктан жогору турушу кажет. Бул сапаттар менде бар деп эсептейм.
-Кайсы партия Сизди көрсөткөнү жатат?
- Мен көз карандысыз талапкер катары чыкканы жатам. Менин көз карашымды бөлүшкөндөр, өлкөдө биринчи иретте тартип, мыйзамдуулук, тынчтык болушун каалагандар менин колдоочуларым да, пикирлештерим да боло алышат.
-Шайлоого пулуңуз барбы? Саясатта азыр акча каражаты башкы орунга чыкты го?
- Чын эле башкы орунда дейсиңерби? Бир мисал келтирейин: акыркы парламенттик шайлоодо саясий партиялардын бири (атын атабай эле коёюн) Бишкекте эле шайлоо кампаниясына 1 миллион доллар коротту... алганы 10 миң добуш. Республика боюнча 20 миллион доллар коротту да, бул партия 6 пайыздан бир аз көбүрөөк добуш алды. Көрсө, бизде бардыгы эле сатылбайт да, сатып алынбайт да экен.
Ал эми шайлоочулар-өзгөчө жер-жерлерде-азыр аябай саясатташып кетишкен, ар бир талапкерди аябай жакшы билишет. Кимиси алдамчы, кимиси жегич-мыкты билишет. Азыр "Тек, менде акча бар-демек, президенттикке барам" деген сөз модага айланып кетти. Ой, ал акча каяктан? Экономикабызды көтөргөн, өз күчү менен каражат тапкан бизнесмендерибиз бар чыгар. Бирок алар өз иштерин кылып, саясатка кийлигишкен жок. Ал эми саясатка ээр токугандар - жакшылап карасаңар-Акаев менен Бакиевдин тушунда боз-ала схемалардын катышуучулары. Башкача айтканда, алардын капиталдары-коррупциялык жол менен табылган. Анан ошондой президенттен эмнени күтсө болот? Бир гана жаңы коррупцияны. Чачканын кайра чогултушу керек болуп калат.
Менде акча жок, мен эч качан уурдаган эмесмин-муну бардыгы билишет. Булганбаган репутация-менин башкы көзүрүм. Ошондуктан биздин командага көп деле каражаттын кереги жок-биз аны сатып алууга эмес, агитацияга жумшайбыз. Добуштарды сатып алууга биз муктаж эмеспиз.
www.alaman.kg