PRESSKG.COM



п»ї
Жаркынбек Касымбеков, "Элиме" коомдук бирикмесинин төрагасы:
"БШКнын жаңы курамы ээрге кыйшык отурду"
- Жаркынбек мырза, Борбордук шайлоо комиссиясынын тегерегиндеги талаш-тартыштар күчөп турат. Дегеле анын шайлануу тартиби, мыйзамдуулугу боюнча оюңуз кандай?
- БШКнын жаңы курамы жана алардын шайланып келиш жолдору кийин чатакка айланары анык эле көрүнүп калды. Бул боюнча, Президенттин айткандарында жүйө бар. Чынында эле, боло турган шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгон талапкер же саясий топ, сөзсүз бул маселени көтөрүп чыгат да, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт же тааныбаганга негиз катары колдонот. Муну Президент айым ачык эле алдын ала кооптоно айтып жатат.
- Себептерин чечмелеп кетсеңиз?
- Биринчиден, бир эле курам эки башка мыйзам аркылуу шайланып келишти: 8 мүчөсү парламенттин көпчүлүгү жана оппозициясынан чыккан талапкерлер болуп, алар жаңы мыйзам кабыл алына электе, ал эми Президент тарабынан шайланган 2 мүчөсү жаңы кабыл алынган мыйзам аркылуу шайланышты.
Экинчиден, эки шайлоо ар башка процедура менен өткөнү да ачакей маселе жаратат. Ооба, Жогорку Кеңеш каалагандай шайлоо процедурасын тандайт, бирок бир эле маселеге эки башка процедураны колдонушу кийинки талаш-тартыштарга сөзсүз алып келет.
Үчүнчүдөн, конституциядагы теңдик шайлоо принциби бузулуп жатат. Үч субъект (Парламенттин көпчүлүгү, азчылыгы жана Президент) БШКнын төрагасын шайлоодо жогорудагы принципти бузушту. Анткени, Президент тараптагылардын саны толук курамынын үчтөн бири эмес, алтыдан бири гана болуп атат. Ооба, формалдуу түрдө кворум бар, иштегенге толук мүмкүнчүлүк да бар, бирок кынтыксыз иш жүрсүн дешсе бардык маселелерге эринбей кайра кайтып келүү керек. Болбосо, отурганда эле БШКнын жаңы курамы кыйшык отурушту.
- Демек, баарын кайра башынан жүргүзсө эле оңдолуп кетет дейсизби?
- Али кеч болуп кете электе, ЖКнын 8-июлга белгиленген кезексиз сессиясында бул маселеге кайрадан кайрылып, БШКга мурунку, кийинки болуп шайланып өткөн мүчөлөрдүн баарын чакыртып алып, алардын шайлоосун бир процедура аркылуу (жабык же ачык добуш берүү, бир тизме же персоналдуу түрдөбү) кайра шайлашы керек. Жаңы мыйзамга Президент 30-июнда кол койгон. Демек, ошондо баары легитимдүү болот. Президент айым да сунуштап жаткан мүчөлөрүн карап чыкса, анткени алардын акыркы сессияда жарым жартылай өтүп-өтпөй калышы-бул кандайдыр бир белги. Демек, кээ бир мүчөлөргө депутаттардын дооматы бар чыгар. Бул жолу тирешүүдөн эч ким жеңбейт. Башкы максат-алдыдагы Президенттик шайлоону таза, так, ачык-айкын өткөрүп алуу. Ал шайлоо Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү жаңы, жаркын этабынын башаты болуп калышына толук ишенем.
Маектешкен
Данислан
Асамадинов




  Соболтөр

- БШК башчылыгына Туйгунаалы Абдраимов келди, азыркы БШК өз милдетин көз карандысыз аткара алабы?

Темир Сариев,
"Ак-Шумкар"
саясий партиясынын төрагасы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын акыйкаттуу, элдин ишенимин аткарган, эки тарапты бирдей караган, адилеттүү иштөөгө бардык шарттарды түзүп берди. Мен ойлойм эми БШК көз карандысыз иштөөгө аргасыз. Бийлик тарабынан кысымга алынбайт. Кандайдыр бир башаламандыкка жол берилбейт деп толук ишеним менен айта алам. Анткени БШК акыйкаттуу түрдө иштеп бергенге аргасыз.


Жолдошбек
Зарлыкбеков,
журналист:
- БШК өз милдетин көз карандысыз аткара албайт. Негизи Туйгунаалы Абдраимов ызы-чуу менен жүргөн адам да. Ал баары бир өз кызыкчылыгын көздөп, бийликтеги адамдарга иштеп берет. Убагында Жеңишбек Назаралиев менен тамеки чегип, мушташып жүргөнүн билем. БШКга келгени да жөн эмес. Ал акыйкатттуу иштей албайт.


Бегалы
Наргозуев,
экс-депутат:
- Азыркы курам бардык документтерге жана нормаларга ылайык жакшы түзүлдү. Ага депутаттардан, башка ар түрдүү тармактардан жана президенттин өкүлдөрү да киришти. Менин оюмча БШК эми ачык айкын, калыс иштейт. Былтыркы шайлоодо эки айга чейин созуп карап, жакшы иштеген эмес. Мен азыркы БШК төрагасын колдойм.


Бекболот
Талгарбеков,
экс-министр:
- БШК башчылыгына Туйгунаалы Абдраимов келгени дурус болду. Ал тажрыйбалуу жетекчи. Акыркы жылдары Түштүк Кореяда элчи болуп да иштеп жүрдү. Өзүңөр билгендей ал жерде принцип абдан катуу. Мен азыркы шартта БШК өз милдетин көз карандысыз аткара алат деп ишенем. Анткени, бийлик тарабынан заказ берилген күндө да алар адилеттүү иштешет. Себеби, БШКга оппозиция, бийлик жана башка тармактын да өкүлдөрү биригип иш алып барышууда. Эми система оңолуп, таза, калыс иштейт деп айтууга болот.


Кубан
Абдымен,
саясий серепчи:
- Мамлекеттин кайсы тармагы болбосун баары өз алдынча адилеттүү түрдө иштей алышпайт. Бардык мамлекеттик кызматта олтурган адамдар көз карандысыз иштей алат деп айтууга болбойт. Бийлик тарабынан сөзсүз түрдө кысым болот. БШК шайлоолорду акыйкаттуу аткарганга алдары келбейт. Бийликке иштеп беришет.


Даярдаган Нургүл ИБРАЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??