Жоопкайрык

саргайтпайт бизди сахна
"Эл сурак" рубрикасында жарыяланган суроолорду дарегине жеткирип жообун алып берүүгө мүмкүн болушунча дараметибизди жумшап жатабыз. Буюрса, аракетибиз текке кеткен жок. Элдин суроолорунун негизинде "ойгончулар" ойгонуп, кыймыл жанданды… Албетте, чындыктан буйтап, жооптон качкандары да бар. Антсе да, калың журттун соболдоруна келген жоопторду болгонун болгондой жарыяладык.


Бек Борбиев:
"Сахна менен эч убакта коштошпойм"
Гезитибиздин №4 санында (22.06.2011) Бишкек шаарынан Каныкей Анарбекова "Качанкыга чейин алдайсыз?"- деген суроо менен эстрада ырчысы Бек Борбиевге кайрылган. Соболдо Бек мырза эки жыл мурун "сахна менен коштошом"- деп акыркы концерт берип, көп убакыт өтпөй кайра концерт берип жүргөнү тууралуу айтылган. Суроого Бек Борбиев төмөндөгүдөй жооп берди.

- Биринчиден мен эки жыл мурун "сахна менен коштошом" -деп убада берген эмесмин. Элге туура эмес маалымат берилип калган. Болгону мен Кыргызстандын областарына концерт коюп жүргөндө "Мындан кийин жер-жерлерди кыдырып концерт бербейм" - деп айткан элем. Чындыгында азыр мен 10-20 күндөп гостролдорго чыкпай калдым. Айтканымды аткардым. Бирок, мен сахна менен эч убакта коштошпойм. Анткени сахна менин жашоом. Болгону борбордо чакан концертимди берип турам. Менин да өз күйөрмандарым бар. Эгер менин ырларым жакпаган болсо, аны угууга эч кимди таңуулабайм. Кааласаңыз укпай эле коюңуз, ар кимдин өз иши.




Марат Алышпаев:
"Ремонт жүрүп жатат"
Гезиттин №5 санында (29.06.2011) Бишкек шаарынын тургуну Канат Деркенбаев Кыргыз драма театрынын директору Марат Алышпаевге "Тазалыкка көңүл буруп койсоңуз?"- деген өтүнүчү менен кайрылган. Жообу төмөндөгүдөй:

- Кыргыз драма театрында азыр ремонт жүрүп жатат. Бардыгы жаңылап, сырдап, актап, ичин толугу менен оңдоп жатабыз. Балким сиз мурунку абалын көрсөңүз керек. Ал эми драма театрдын сыртындагы тазалыкты айта турган болсок, тегерек чети тазаланып, фонтандар иштеп, элдер сейилдеп эле жүрүшөт. Ишенбесеңер келип карап көргүлө. Балким бир жумадан бери топтолгон таштандыларды көрүп калсаңыз керек. Аларды атайын машиналар келип, баарын жыйнап кетет.


Сьездбек Искеналиев:
"Мен айткан сөзүмдү аткарам"
Ушул эле №04 санда (22.06.2011) Сокулук айылынан Эльгиза Капарбекова Сьездбек Искеналиевге төмөндөгүдөй суроо менен кайрылган. "Зарлантпа мени Зарбүбү" деген мюзикл жаратам деп убада бердиңиз эле, андан бери эки жыл өттү, айткан сөзүңүздү качан аткарасыз же бул өзүңүздү куру сөз менен пиар кылганыңызбы?"

- "Чындыгында бул мюзиклди жаратуу үчүн чоң суммадагы акча каражаты талап кылынган, ага көп эмгегимди да жумшадым десем болот. Тилекке каршы "мюзикл" жарык көргөн жок. Бирок, анда камтылган ырлардын көбүн азыркы ырчыларга таратып бергем. Өзүңөр байкасаңар кээ бир ырчылар менин ырларымды ырдап жүрүшөт. Бирок, мен айткан сөзүмө турам. Алдыда жакшы пландарым бар, жаңы жылдык кечеге арнап, музыкалык-кино тартайын деп жатам. Балким аталышы "Зарлантпа мени Зарбүбү" болуп калышы мүмкүн. Бирок, ошол учурдун талабына ылайыкташтырып туура ат тандоого да аракет кылабыз. Бул менин өзүмдү ашыкча пиар кылганым эмес, болгону алдыдагы пландарым тууралуу айтып жатканым. Ойлогон оюм ишке ашат деген үмүттөмүн. Сиздин сурооңузга дагы ыраазычылык билдирем"


Замирбек Үсөнбаев:
"Бул иш эмки жылы каралат"
№5 саныбызда (29.06.2011) Бишкек шаарынын тургуну Айгерим Айталиева Улуттук Филармониянын жетекчиси Замирбек Үсөнбаевге "Устатыңыз неден жазды?"- деген суроо салган. Анда филармониядагы Эстебес ырчынын наамындагы топ жоюлуп Алымкул Үсөнбаев атындагы топко кошулаары туурасында айтылган. Бул маселе боюнча Замирбек Үсөнбаев мындай жооп берди.

- Туура, бул маселе бир топ жолу көтөрүлүп чыккан. Мен топтун атын жоюп салайын деген максатым жок. Болгону филармониядагы эки топту бириктирип, бир атты ыйгаруу маселеси козголгон. Аны мен жалгыз чечпестеп, топтун катышуучулары менен биргеликте кеңешип, бир ат коёлу деген ойго келгенбиз. Бирок, бул маселе карала элек, балким эмки жылы кайра көтөрүлүп чыгар. Азыркы күндө эки топ тең өз алдынча иштеп жаткан кези.





Сүймөнкул Чокморовго арналган мемориалдык комплекс курулат
СССРдин эл артисти "Сүймөнкул Чокморов" атындагы коомдук фондунун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов залкар инсандын элесине арналган мемориалдык комплекстин курулушуна арналган долбоорго сынакты ачык деп жарыялады. Конкурстун натыйжасында С. Чокморовдун мемориалдык комплексин курууга эң мыкты долбоорду тандап алышат. Конкурстун шарты боюнча долбоордо С. Чокморовдун эстелиги, 200 орундуу кинозал, сүрөт галереясы, конок үйү, маалымат берүүчү жай, музей ж.б камтылышы керек. Кыргыз Республикасынын сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев "Мындай комплекстин курулушу улуу инсанды дагы бир жолу даңазалап, маданияттын деңгээлин кичине болсо дагы өстүрүүгө салым кошот" -деп билдирди. Эң мыкты долбоорго калыстар тобу тарабынан байгелер берилет. Биринчи орунга 40 миң сом, экинчиге 25миң сом, үчүнчү орунга 15 миң сом жана калган орундарга 10 миң сомдон ыйгарылат.

Кыргыз киносу
эки жаңы тасма менен
толукталды
Кыргыз киносу кыска метраждуу эки фильм менен толукталды. Жаш кинорежиссёрлор Айгүл Баканова "Жамгыр ыры" жана Асель Стамованын "Кагылышпаган жолдор" аталыштагы тасмалар жарык көрдү. Бул кинодо улуттар арасындагы кагылышуулар жана жалгыз калган аялдар жашоосу тууралуу чагылдырылган. Жаш режиссёрлор Лондондун бүтүрүүчүлөрү жана белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классында сабак алышкан. Киномотогрофисттер союзунун берген маалыматы боюнча жаш режиссёрлорлордун тасмалары 7-июнь күнү көрүүчүлөргө тартууланат.

Бетти даярдаган
Нургүл Ибраева




Оо, "Ойгон.kg" ойгонду!
Интернет булагында "Ойгон kg " деген аталыштагы жаңы сайт ачылды! Сайттын багыты эл аралык ынтымакты бекемдеп, улуттар аралык биримдикти ширетүүнү максат кылат. Интернационалдык үй-бүлөлөр тууралуу кызыктуу маалыматтар жана алардын турмуштагы өзгөчөлүгү, эң кызыктуу тагдырлары чагылдырылат. Ошентип, "Ойгон kg" жаш муундарга, жалпы замандаштарга адамзаттын жашоо образы, тагдыр бакыты улутуна карай айгинеленбесин жайылтат. Эмесе, миң уккандан бир көргөн деп, сайтка өзүңүз көз жүгүртүп, ийгилигине ортоктош болуңуз.