PRESSKG.COM



п»ї
Мээ кистасы
КРнын энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборуна, т.а. Жал кичирайонунда жайгашкан балдар ооруканасына баш баксаң наристесин көтөргөн маанайы суз ата-энелерди, чырылдап ыйлаган наристелерди жолуктурасың. Баланын алсырап жаны кыйналып ооруп турганын ар бир ата-эне каалабайт. Ошентсе да эшик алдында дарыгерди тосо чуркай тынчсызданган энелерди көргөндө, аяп, жүрөгүң ооруйт. Ошол эле ооруканада мээ кистасы менен жабыр тарткандар да жок эмес. Мындай оору эмнеден келип чыгарын жана аны дарылоо жолдору туурасында билүүгө аракет кылдык.

Кистанын пайда болуу себептери:
Баш мээ кистасы жаш балдардын арасында кездешкен тубаса оору. Ал онкологиялык ооруларга кирбейт. Киста бир нече себептерден улам пайда болот. Мисалы: бала башынан жаракат алганда, кан куюлуп кеткенде, минингит же ушул сыяктуу ооруларга чалдыкканда. Мындай оорулардын кесепетинен мээнин клеткалары жумшак болгондуктан ээрип кетет да, кийин суу бөлүкчөлөрү козголот. Бирок, суу бөлүкчөлөрү пайда болсо дагы, мээ өз көлөмүн жоготпойт.

Оорунун алгачкы белгилери:
- кан басымынын көтөрүлүшү
- баш оору
- кулактардын начар угушу
- Үндүн өзгөрүшү
- эсин жоготуп коюу
- көздүн көрүүсүнүн начарлашы
- тең салмактуулуктун жоктугу
- кайсыл бир органдын иштебей калышы.

Кистанын түрлөрү:
Кистаны эки түрү бар. Биринчиси арахноидалдык жана (церебральная) мээнин ичиндеги киста.
1.Арахноидалдык киста -бул "arachna - жөргөмүш" деген сөздөн келип чыккан. Бул мээ бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы суюктуктун көбүкчөлөрү. Мындай кисталар көбүнчө баштан жаракат алганда пайда болот. Эгер суюктуктун кан басымы жогорку болсо, анда кийинки кыйын ооруларга алып келет. Арахноидалдык киста дайыма мээнин үстүндө болот. Анын көлөмүн МР- томографиянын жардамы менен аныктоого болот. Эгер кистанын көлөмү акырындык менен чоңойсо, анда мээге кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизет. Мындай учурда кистанын канчалык көлөмдө экенин аныктап, дарылоо шарт.
2. Мээнин ичиндеги киста -өлүп калган мээнин бөлүкчөлөрүнүн жанында суюктуктун топтолушу. Ал суюктук мээнин бөлүкчөлөрүн толуктайт. Мээнин жабыр тартканын төмөнкү белгилер менен аныктоого болот, кан айлануунун аздыгы, инсульт, жаракат, күчөгөн оорулар (энцефалит) жана жаак операциялары. Изилдөө боюнча мээдеги кистанын 90 пайызы балдарда болуп, чоң адамдарда сейрек кездешет.

Алдын алуу жолдору:
Жаш балдардын мындай оорусу бир гана ата-эненин эмес мамлекеттин да мойнунда экени талашсыз. Ата-энелердин көбү өзгөчө айыл жерлердеги жашоочулар жаш кезинен тартып, оор жумуштарды жасап, кыйынчылыкка аралашып, татаал оорууларга чалдыгышат да, үй-бүлө кургандан кийин ал түйүлдүккө таасирин тийгизет. Ушул себептен улам, вирус аркылуу түйүлдүк жабыр тартат да, тубаса ооруга айланат. Бала төрөлө электе эле мээ бөлүкчөлөрдүн көбү жок болуп кетет. Ошондуктан, бала түйүлгөндөн баштап, кош бойлуу энелер каттоого туруп, балдар дарыгерине көрүнүшү зарыл. УЗИ аппараттар абдан жакшы өнүккөндүктөн түйүлдүктүн үч айга чейинки абалын текшерип турууга болот. Эгер баланын башында киста бар экенин билишсе же мээнин ичинде суу толуп турган болсо, ата-энесине түшүндүрүп баланын өсүшүн токтотууга туура келет.




Бакыт Карачев, КРнын энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси:
"Жаш балдардын 14-16%ы
киста менен оорушат"
- Адис катары айтсаңыз, мээге киста кандайча пайда болот?
- Ар кандай жугуштуу оорулардан, мисалы жөнөкөй эле сасык тумоодон вирустар жугушу мүмкүн. Андан тышкары эхинококкоз да пайда болот. Эхинококкоз-айбандардан т.а. ит, карышкыр, түлкү, чөө ж.б. жукчу оору. Айбандардын ичегисиндеги эхинококкоз курттарынын жумурткалары алардын заңы менен сыртка чыгат. Заң кургап, катып калса да көпкө чейин жумурткалар өлбөй, тирүү болот. Көпчүлүк учурда адамдар санитардык гигиенаны сактабайт. Ким болбосун колду 2-3 жолу самындап жууп, жемиштерди да тазалап жууп жесе мындай дарттар болбойт эле. Жуулбаган кол менен сырттагы жемишти тазалабай оозго салганда эхинококктун жумурткалары организмге кошо кирип, ашказандан өтүп, канга кошулуп боорго токтойт, көпчүлүк эхинококкоздор боордо болот. Ал эми майда жумурткалар боордун кан тамырларынан да өтүп, кийинки орган өпкөгө барат. Өпкөнүн тамыры ичкерээк болсо ал жерде калат. Өпкөдөн өткөн эхинококкоздун жумурткалары мээнин кан тамыры аркылуу мээге барат да жумуртка өсүп, мээни эки жакка чоё баштайт. Башка органдарга салыштырмалуу мээнин коробкасы кичине болгондуктан, мээдеги эхинококкоз өтө чоң көлөмдө өсүүгө мүмкүн эмес. Чоңоюп кеткени тооктун жумурткасындай же андан бир аз чоң болот.
- Жуктуруп алган оорулуудан алгачкы белгилерин кантип байкаса болот?
- Бизге көбүнчө оорусу күчөп, ал мээнин төрттөн бир бөлүгүнө жеткенде гана келип кайрылышат. Анткени, челдин ичи суу болгондуктан, мээге көп таасир берип, билинбейт. Кистанын көлөмү чоңоюп кеткенде оорулуу бир жагынан сылтып, шилекейи агып, же бир жагынан шал болот.
- Кандай жол менен айыктырууга болот?
- Биз компьютердик томографиянын жардамы менен текшерип, киста канчалык деңгээлде экенин, кайсыл жерде жайгашканын жана көлөмүн аныктап, диагноз койгон соң дарылоого өтөбүз. Бизде ооруларды текшерип туруучу өзүнчө бөлүм бар. Кээде жаңы төрөлгөн балдарды текшергенде киста бар экенин көрөбүз. Ал чоң киста болсо дагы бала өзүн жакшы сезген учурлар болот. Ал эми бир, бир жарым жаштагы балдарды УЗИ аркылуу текшерип аныктайбыз. Эгер киста абдан чоң болсо операция жасайбыз. Кистаны кичинесинде алсак орду толукталып, мээ толук калыптанат. Ал эми операция кеч жасалса мурдагы мээдеги кистанын ордуна суу толуп, шал болгон колу-буттар толугу менен ордуна келбей калуу коркунучу бар. Ал эми кичинекей көлөмдө болсо, дарылар аркылуу азайтканга аракет кылабыз. Тилекке каршы кистаны толугу менен жоготууга болбойт. Ал өмүр бою дарылап көзөмөлдөп туруучу оору болуп эсептелинет.
- Киста өтүшүп кеткенде кандай болот?
- Киста өтүшүп кеткенде балдар абдан кыйналып кетет. Анткени, мээге күч келип, бала өзүн чарчаңкы сезип, дайыма башы ооруйт, түнкүсүн жакшы уктабайт, талмасы пайда болот. Эгер кичинекей балдардын башында көлөмү чоң киста болсо, бир жак капталы иштебей калышы мүмкүн. Киста мээнин кабыкчаларын жеп салат, аны биз кайра ордуна келтире албайбыз. Учурда алыскы райондордун жашоочулары турмуш шартынга байланыштуу, эч жакка чыга алышпай, оору күч алып, өтүшүп кеткенде келишет.
- Жаш балдардын канча пайызы бул оору менен жабыр тартышат?
- Бизге кайрылган балдардын 14-16% киста менен оорушат. Азыр балдар үйүндө оорукчандар абдан көп, биз дайыма барып кеңеш берип, операция жасап жардам көрсөтүп турабыз. Бирок, ата-энеси жок балага баары бир кыйын болот экен. Ошондуктан мен айта р элем, балалуу болор алдында дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү зарыл.


Нургүл ИБРАЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??