кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



БШК шайланды, эми ажо шайланат
Кыргыздар жедеп, шайлоого машташып бүттүк. Бир мандатпы, көп мандатпы, партиясыбы, ажосубу, айтор, алеки саатта шайлап салып басып кете беребиз. Анан ошол шайлаган немебизди кийинки шайлоого чейин тепкилейбиз. Ага кошуп "мен шайлаган жокмун БШК шайлады" деп, БШКны сөгөбүз,
Эми ошо сөгүш-илкиштин уюгуна Туйгунаалы Абдраимов деген экс-БШКчы кайра барды. Барды да, "мен алдыдагы президенттик шайлоодо "одеалону" кандидаттардын оппозициясына да, хоппозициясына да тартпайм" таризинде жар салды. Токсонунчу жылдардан тарта КСДПда келетканын, "Ар-Намыска" өтпөсө да, арнамысчылардын колдоосу менен БШК төрүнө өткөнүн кошумчалады. Ошентип, күзүндө "төрөлчү" ажобуздун "киндик атасы" Туйгунаалы мырза болуп, "ыңаалаган-кыңаалагандардын" азабын жеке көтөрмөй болду. Эмесе, толгоо башталды…
















??.??