Ким бул,ой?

Камчыбек ташиев-
эр жүрөк, патриот, дасыккан саясатчы
Алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Саясатта салмагы бары да, жогу да астыртан кызуу даярдык көрүп, алдыдагы ажолук таймашка кам көрүүдө. Ооба, конституцияга ылайык бардык Кыргызстандын жараны перзиденттикке ат салышууга акылуу. Эл жүгүн көтөргөн эр уулдарын ажо кылып көтөрүп алуу-бул элдин колунда. Бүгүнтөн тартып ошол ажолукка ат салышкан азаматтарга элден, саясатчылардан сурамжылоо жүргүзүп, алардын пикирин билүүнү колго алдык. Бул сапар эл элегине ЖК депутаты, "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев түштү.


Турсунбай Бакир уулу,
ЖК депутаты:
- Ташиев аныгында эр жүрөк жигит. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда жакшы иштеди. Ал иши менен өзүн көргөзө алды. Жумушсуз жүргөндө деле кол куушуруп отуруп албай эл аралап көмөк көргөзүп жүрдү. Ош окуясында кан кечип, эл менен чогуу болду. Керек болсо кылмергендер (снайперлер) ок атып турган кезде эл менен бирге болуп, башкаларчылап башын катып, же арак ичип жатып алган жок. Ошол каргашалуу күндөрү Ташиев эки элдин ынтымагы үчүн керек болсо БТРдин алдына чыгып, көкүрөгүн тосуп туруп, "Эгер кырылыша турган болсоңор биринчи мени өлтүрүп туруп, анан атышып, кырылыша бергиле. Биз бир мамлекеттин элибиз. Ушуну унутпагыла"-деп, эки жаатты токтотууга жасаган аракети бул жигиттин анык элдик, эр жүрөк уул экендиги эмей эмне? Камчыбек мырза кайсы жерде болбосун ийгиликке жетип жүрөт. Дагы да жете берет. Андыктан, аны күчтүү саясатчы десек болот.

Токтосун Барманов,
экс-аким:
- Ташиев саясатта мыкты лидерлердин бири. Эл арасында өзүн жөнөкөй алып жүргөнү, баарынын муңун бөлүшүүгө даяр сапаты бар экенин билем. Анын жигитчилигин, убадасына бекемдигин сыйлайм. Мүнөзү катуу, бетке айтат. Бир жолу экөөбүздүн жигитче сүйлөшкөнүбүз бар. Мен анда аким болчумун. Савай айыл өкмөтүндө жер астынан чыккан сууларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы менен оңдомокпуз. Ошол иш боюнча Ташиев өзү баш болуп техникаларын алып келбеспи. Мен башка зарыл жумуштарым менен кетип калгам. Ташиев келип "Жоопкер аким өзү кетип калса" деп ачууланып кыйкырыптыр. Бирок, шартты уккан соң, кайра кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алган. Башка министр болсо кечирим сурамак тургай, сөгүнүп-сагынып басып кетмек. Ташиев президентикке татыктуу киши деп ойлойм.

Жыргалбек Касаболотов,
журналист:
- Ташиев түштүктөгү июнь окуясынан көп саясий упай топтоду. Саясатта эмне кылууну, кандай "манёвр" жасоону жакшы билет. Кээде байкабай сүйлөп алмайы, бетке чабар мүнөзү бар. Көпчүлүк учурда эмоциясын жашыра албай калат. Албетте, саясатта бир эсе бул да керек.
Анвар Артыков,
ЖК депутаты:
- Коомдук активдүү ишмер, кыйын саясатчы экенин билем. Эрки күчтүү. Максатына жетүү үчүн кандай аракет жасоону билет. Саясатта болобу, коомдо болобу өзүн көргөзө алган лидер.


Топчубек Тургуналиев,
коомдук ишмер:
- Ташиев менен көзмө-көз сүйлөшүп кезиккен эмесмин. Ошентсе да, анын чыныгы жигитчилигин, эр жүрөктүгүн билем. Бакиев учурунда саясаттагы жылдызы жанып дагы, анан кайра куугунтукталып жүрдү. Ош жана Жалал-Абаддагы июнь апаатында эл үчүн бекем турду. Бүгүнкү күндөрү кыргыз саясатынын дээрлик бир капталын капшырып да турганын жашырып, танбашыбыз керек. Мындан тышкары Камчыбек кыргыздын бирден-бир чыгаан, патриот уулу деп айта алам.

Жусупжан Жээнбеков,
экс-депутат:
- Саясатта өзүн көргөзө алган лидерлердин бири. Ак көңүл, жакшы жигит. Келечеги кеңири. Болгону бир аз токтоорок болсо. Талаш-талкуу жаралган жерлерде өзүн кармана албай, кызуу кандуулукка алдырып жибермейи да бар. Өзүн сыйлаган жигит ириде башкаларды сыйлайт. Өзүнүн талабын таңуулаган кашкөй тарабы бар.

Бекен Назаралиев,
журналист:
- Камчыбек Ташиев кыргызда айтылгандай "камчыга сап боло турган" жигит. Түштүктөгү кыргында Камчы сыяктуу жүрөгүндө жалы барлар элди сактап калды. Ошол убакта бийликтегилер өз жанын арачалап, ийинге кирип кеткенде Камчы Ташиев эл менен чогуу турду. Кыргыздын президенттикке татыктуу уулдарынын бири.

Арапбай Төлөнов,
экс-депутат:
- Ташиев кыргыздын патриот жигити. Саясатта болобу, турмушта болобу жан дили менен кызмат кылып жүрөт. Ак-караны ажырата билет. Саясатта өз орду бар. Эл ичинде анын дарегине жылуу сөздөр көп айтылып жүрөт. Камчыбек мырза бизнес жаатында кыйладан бери аралашкандыктан экономиканы да жакшы түшүнөт. Ар убак эл аралап, эл ичинде жүргөндүктөн калктын социалдык абалы менен да жакындан тааныш.

Манас Осмон,
"Эркин Тоо" гезитинин
редактору:
- Камчыбек Ташиевдин саясатта өз орду бар. Акаевдин, Бакиевдин убагында ачуу чындыкты айтып турганы маалым. Андан запкы да тартты, көп кысым көргөн жигит. Андан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда жакшы иштерди жасады. Жакшы министрлигин көргөздү. Ташиев сыртынан катаал көрүнгөнү менен мүнөзү ак көңүл жигит.

Анаш Сейитказиев,
"Акыйкат" партиясынын
төрага орун басары:
- Ташиев кыргыз үчүн күйгөн жигит. Патриоттугу бар. Улут, эли үчүн эч нерсесин аянбайт. Саясатта дасыгып келе жатат. Ар кандай маселени ар тараптуу караган чебердигин да бааласак болот. Жеке мүнөзүндө эмоцияга алдырып, катуу айтып жибермейи бар. Бул анын жаштык, курчтугунан улам деп ойлойм.
Анара
Дыйканова