Быс-сымылда

Афганизация
Идеология жөнүндө кеп кылуунун кереги барбы, жокпу - кыргыз үчүн чаржайыт мааниге ээ болуп калды. Анткени, карапайым эл улуттук идеологияга канчалык суусап турганы менен караламан журт башчылар улут өзөгүн бекемдөөчү идеяга баш катырган жок. Натыйжада жарандардын жарымысы - "Манастап" ураан чакырып, Алтайга дейре "ат чапса", жарымысы - Америкага "антеннасын" буруп "евролоп", жана бир даары - тоңкочук атып, намазга жыгылып, айтор, аламан хаос алдында калдык.
Афганизация араанына оп тартылып баратканыбызды канчалык ачык сезип турсак дагы, томуктай тоскоолдук кыла албайт окшодук. "Ишенген кожоң сууга акса, алды-артыңан тал карма" демекчи, "жаңылып калма конституциячы" Өмүрбек Текебаев өлкөнүн өмүр-тагдырын колдоруна тапшырган парламентарийдин кылган-неткени "байыркы легендарлуу парламенттен" ашса-ашып, кемибей калды. Эске салсак, ал "леге.-парла." жарым ай бою "жаран" деген сөздү талкуулап, "алиги, "жара" дегенге окшош экен деп" отура берчү. Азыркы ЖоКе деле ошондой "чача-мачалардан" арыла элек. Улам бир "эксклюзивдүү" эрмек таап алып убакыт чозмойго ыктап алгандай таасир этет. Анысына төрага айткан "президенттик шайлоого даяр эместик, аял ажо менен узагырак эле боло берүү" сыяктуу "глобалдуу" маселелер күбө. Бир капталдан Текебаев "эки ай кечиктирди" деп Отунбаеваны "кемире" баштаса, анысы "өз убагында бүтүрдүм" деп тикилдейт. Баягы эле асылмай менен актанмай, анан, Конституция оңдомой. А эл булардын "шырт" эткен кыймылынан, "бырс" эткен күлкүсүнөн бери "запись" кылып, натыйжа күтүүдө.
Сенсация! Турсунбай Бакирдин амири менен акчанын, азаптын, ажалдын уюгуна айланган акүйдүн ичине намазкана ачылды. Молдокенин айтымында эми акүйдө иштегендердин иши жүрүшөт имиш. "Ар-Намысчы" Акылбек Жапаров баш болгон ончакты депутат катарлаша чөк түшүп, оң-солуна моюн бурап "ассаломалейкум, рахматулло" деп атышканын теледен кайта-кайта көрсөтүштү. Ылайым, молдокебиздин айтканы келип, коррупционерлерибиз тезирек күнөөлөрүнөн арылып, акүйүбүз агарып-көгөрүп кетсе кана! 70 орундук экен, анча-мынча мыйзамчы аялдардан башкасы жапырт кирип намазга жыгылса, андан бетер жакшы болбойбу. Диний ырым-жырымга келгенде, Ахматбек Келдибеков ичкен ашын жерге коёрун өткөндө беш-алты койго бата тарттырып, акүй короосунда Куран окутуп жибергенинен түшүндүк.
Кайсы бир оорунун дарысы жасалса, анын дарты жайылтылган сыңары, Ислам дагы жыйырма жылдан берки жайылган күнөөлөргө кекиртектен баткан кезде жалгыз сактоочу катары жармач өлкөбүзгө ыкчам тамыр жайды. Жайганда да табиятынан тыш, "диний экстремизм" көлөкөсүн ээрчите келди. Ал көлөкө артынан "антитерроризм" кароолун бери каратты. Ээгине сакал эрбейткен, көйнөк-дамбалчан эне сүтү оозунан кете элек бозулан кыргызды карап туруп, кабыргам кайышат. "Таңгөрү, сен экөөбүз окшогон кыргыздардын кадырын туйган президентибиз болсочу..." дейм ичимен. Ооба, жыйырма жыл бою бийликсиз жашадык. Жалаң тоногучтардын курмандыгы болдук. Эзүүнү чексиз көтөрдүк. Сырт душмандан мурда ички "ажодушмандарыбыздан" көрбөгөнүбүз көр болду. Нукура кыргыз бийлиги орноп, саясий сойкулук токтомоюн, "аферист" аткаминерлер абакка тыгылмайын, кайдыгерлик сазынан калың эл суурулуп чыгып сергек акыл-эс күтмөйүн - катып келген шорубуз ката берчүдөй.
Ара-чолодо "мусулман мамлекетпиз" деп баш ийкегилеп келатканыбыз чындык. Бирок, беш миллион калк чогулуп, мусулманчылыкты официалдуу кабыл ала элегибиз да чындык. Демек, диний көз караштар бир бүтүндүктү түзбөйт. Мындайда кандай гана дин болбосун күчтөп таңууланып, мамлекеттик башкаруу системасына аралашуусу шарт эмес. Орусиянын Думасынын ичинде чокунуучу чиркөө жайы бар экенин же Кытайдын бийлик имаратында Будданын ташкелбети орнотулганын билбейт экемин. Андыктан, Кыргызстандын акүйүндө ачылган намазкананын мааниси канчалык экенин Турсунбай Бакирдин көзү менен мактайлы да, Динара Ошуракунованын оозу менен "даңктайлы". Кызыгы, эми акүй жертөлөсүнөн башка дин өкүлдөрүнө да сыйынуу үчүн ижара берилеби? Неси болсо да, дин жамынып саясат жүргүзүү - өлкө бийлигин колуна алгандардын иши эмес. Динге диндей сый керек.
Кыргызстанда таңкала турчу эч нерсе калбай калды. Эртең-бүрсүгүнү "Ар-Намыстын" анабашы Феликс Кулов намазга жыгылып, арабча шарият айтып баштаса деле таң калбайбыз.
Идеологиясыбы, шайлоосубу, бензиниби, маянасыбы, салыгыбы, сотубу, айтор, тиягын карасаң деле, биягын карасаң деле үчүнчү ыңкылаптын үрпү менен ойногондор. Дүүлүктүрүп...
Азамат КЫЯЗОВ




  Улуттук банк ууланды

Асанкожоеваны Отунбаева кысып…
Зина Асанкожоеванын Улуттук банктын башында турганына эки жума болду. Бирок ал Роза Отунбаеванын кысымынан улам башкармалыкты алмаштыруудан коркуп жатат. Бизге белгилүү болгондой, бир жыл бою банктык сектордун тыйпылын чыгарып келген Бактыгүл Жээнбаева так эле президенттин колдоосунан улам, Улуттук банктын жетекчилигинде калууда. Анысы аз келгенсип, эми анын колуна майлуу-сүттүү, көп акча айланган тармакты - банктык көзөмөлдү бергени жатышат.

Мунусун - ал төрт банкты акыры банкроттука биротоло жеткирип, өткөн жылы ишке ашырган АУБдун банкроттугунда калган издерин жашырып кетиши үчүн жасалган аракет катары бааласак болот.
Башкармалыктын калган мучөлөрү болсо, азырынча "милдетин аткаруучу" катары эмгектенип жатышат. Жалгыз гана Жээнбаева расмий түрдө орун басар болду. Аны менен бирге, уламдан-улам бири-бири менен чатакташып, каршылашып, ишти жылдырбай жатышкан башкармалыктын мүчөлөрүнөн бошонуу Асанкожоеванын колунан келеби? - деген суроо чыгууда. Мисалы, Бактыгул Жээнбаева менен банктык чөйрөнү талкалап, Азимбек Бекназаровдун "крышалыгынын" алдында банктык үкөктөрдөн миллиондорду талап кетүү жаңжалына аралашкан Абдыбалы тегин Суеркулду башкармалыкта түштүктөн болгондугу үчүн эле калтыргылары келип жатканын айткандар бар. Улуттук банкта, башка ведомстволордогудай эле, регионалдык принципке карабай, адискөйлүктү баалоо зарыл болгон кезде да агым ушундай.
Башкармалыктын башка мүчөлөрү болсо же ары, же бери эмес. Алар ар дайым күчтүүнун сөзүн сүйлөшөт. Алар Жээнбаеваны жактырышпаса да, анын "крышасы" Роза Отунбаева президент болуп турган убакта ага каршы чыгышпайт. Башкармалыкта бир бош орун бар. Аны тен салмактуулук болсун үчүн түштүктөн чыккан бирөөгө кармап турушат деген кептер бар. Суеркул ар дайым депутаттарга "Улуттук банктын башкармалыгында жалаң эле түндүктүктөр отурушат" деп даттанып келет. Ушундай маанайы менен банктык чөйрөнү өнүктүрүүгө алектенсе кана! Анте албастан бардык күчүн УКМКга тоголок каттарды "тоголото" жазууга, депутаттардын арасында "уу-дуу" ушактарды таратууга жумшай берет.
Натыйжада, Улуттук банктын жетекчилиги эки каршылаш топко бөлүндү. Бир жагында зор "крышасы" бар Жээнбаева жана Суеркул. Экинчи жагында болсо - алардан жүрөгү түшкөн калган кызматкерлердин бардыгы. Зина Асанкожоеванын абалды өзгөртүүгө дарамети жетеби? Жетет. Эгерде аны президентке тең салмак болгон парламент колдосо…
Чынайым Баатырбекова