Азимбек Бекназаров, Президенттин ЖКдагы өкүлү:
"Отунбаева батыштан кызмат караштырып жаткандыр"
Президенттик шайлоо мыйзам боюнча күзүндө тынчтык жолу менен өтөт деген ишенимде элек. Бирок, биз ойлогондой болбойт көрүнөт. Президент тарап шайлоо тууралуу мыйзамга вето коюп, ага депутаттар тырчып, чакчелекей түшүп калышты. Ош кыргынынын, Апрель окуясынын күнөөлүүлөрүн таап жазалоону деги унутушту… Азыр саясатчылардагы жалгыз максат- шайлоо, ажолук так…Ушул кырдаал тууралуу Азимбек Бекназаров менен баарлаштык.

- Азимбек Бекназаров, президенттик шайлоо ноябрдын 3-жумасына болжолдонуп, бирок талаш-тартышты жаратууда. Сиздин оюңузча бул мөөнөт ылайыктуубу?
- Бул 30-июнда чечилчү маселе болуп калды. Вето коюлган эки мыйзам депутаттардын кароосунан өтпөй, бул жумада чечилбесе анда президенттик шайлоо ноябрда өтпөй калуусу мүмкүн. Анткени, ЖК жайкы эс алууга тарап кетип, маселе күзгө калат. Эгерде эле "Койгула, ушу маселени чечип коёлу" деп депутаттар кезексиз сессия өткөрүп ийбесе… Андай болуусу күмөн. Андыктан бул маселе күзгө калып, президенттик шайлоо жылдын аягында же келерки жылда өтүүсү толук мүмкүн.
- Демек, президенттин мөөнөтү узартылуусу мүмкүн экен да?
- Бул маселенин тарыхый жагы бар. Ал - президенттикти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү. Өткөөл мезгилдин президенти ушул эрежени сыйлап, тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берсе жакшы болмок. Тилекке каршы бул күмөн болуп калды. Бирок, мыйзам боюнча өткөөл мезгилдин президенти 31-декабрга чейин президенттикти өткөрүп берүүсү керек.
- Ата-Журт фракциясынын лидерлери Р.Отунбаеванын президенттигин дагы бир жылга калтыруу пикирин билдиришти. Бул эмнени каңкуулайт?
- Кыргызда какшык деген жанр бар экенин билесиңер. Алар "Роза Исаковна мыйзамга вето койду, дагы бир жылга калгысы бар" деп какшыктап жатышат. Мен алардын бул пикирин президенттин дарегине айтылган какшык деп эсептейм.
- Шайлоону жылдыруу баягы эле дүжүр идея эмеспи. Роза Исаковна бийликтин кумарын кыя албай жаткан жокпу?
- Мен андай ойлобойм. Болгону мыйзамга вето коюлган убакыт шайлоону белгилөө убагына дал келип калганы болду. Убакыттын чалкештиги себеп болду. Конституцияга каршы келген мыйзамга каршы пикирин билдирүүгө президент толук укуктуу. Болгону мыйзамга ветону эртерек койгондо балким баары жакшы болмок. Эми бул жагдайдан пайдалангысы келген саясатчылар чыгуусу мүмкүн. Кантсе да бир гана күн 30-июнь калды. Бул күнү маселе чечилбесе күзгө калат. Анда каалайбызбы каалабайбызбы президенттик шайлоо 2012-жылы өтөт.
(Уландысы 5-бетте)




  РОЗА

Король умер. Да здравствует король!
( Le Roi est mort, vive le Roi!-
франсуз сөздүгүнөн)
Кыргызстанда парламенттик система курабыз деп башында шымаланган саясий күчтөр акыркы кезде ал деминен кайтып калгандай. Бир эсе президенттик шайлоонун карааны жакындаган сайын өлкөдөгү аткаминерлердин тынчы кетип тактикадан тактика издеп куурамай болушту. Тигил же бул партиянын өкүлү катары сыналгыдан сүйлөп көрүнүп коймой, саясий упай топтоо максатында популисттик билдирүүлөрдү жасамай аракети - парламенттик чогулуштардын күндөлүк тартибиндеги көнүмүш адат.

Жогорку Кеңештеги чогулуш, жыйындардын ички мазмунуна турнабай салсак талаш-тартыштан башка кеп жоктой. Ал утурумдук президент Роза Отунбаева менен парламент ортосундагы талаш. Сереп салган адамга эки тараптын ушул теңаталык күрөшү - саясатта боло берчү кадыресе атаандаштыктай же бийлик бутактарынын арасындагы саясий дискуссиядай туюлган менен оюнчук талашып урушкан балакайлардын кызганычын, беймаани эрегишин эске салат. Парламент жыйындарында дээрлик күн сайын депутаттар тарабынан президенттин дарегине катуу сындар, ачуу сөздөр айтылууда. Эленип эленбей айтылган кептер ооздон чыгар замат журналисттер президенттин бейнесин туздачу жерин туздап, мактачусун мактап коомго таклип кылууда. Кептин баары, бүгүнкү кыргыз ажосу өзүнүн президенттик кызматын, бийликтин жыргалы менен кууралын, коомдогу өзү тууралуу ушак-айыңдарды, парламенттеги "душмандары" менен "досторунун" оргу-баргы мамилелерин кантип көтөрүп жатат деген маселеде.
Ырас, Роза Исаковна Убактылуу өкмөттүн чылбырын кармап турганда да, расмий түрдө президенттик такка отургандан берки мезгил аралыгында да пенде катары, президент катары жаза тайган кемчиликтери бир топ эле болду. Бакиев бийликтен кеткенден кийинки башаламан кырдаалда, андан кийин түштүк апаатында УӨтүн алдастаган жоруктары баарына маалым. Ал "убактылуу" лидерлердин ар бирине саясий-моралдык жалаа катары жабыштырылып жүрөт. Анткен менен жоопкерчиликти кимдир бирөөлөр эмес, кимдир бирөө моюнга алуусу керектигин эскертип мезгил добулбасын кагып келет. Акаев өз кезегинде Аксы окуясына жол берип, Үзөңгү-Кууштун Кытайга өткөрүп бергени үчүн жооп бербей кутулду. Бакиев Каркыра жайлоосун казактарга карматып, 7-апрелдеги кан төгүүгө "менин тиешем жок" деп азыркыга чейин алакан жайып жүргөнү да сыр эмес. Кыргызстандын үчүнчү утурумдук президенти Отунбаева да Ош окуясына "менин күнөөм бар" деп күймөнгөн жери жок. Убактылуу өкмөттө лидерликте жүргөндөр ооз учунан "биз күнөөлүбүз" деп коогалаңдын саясий-моралдык жүгүн көтөрүмүш эткен менен мезгилдин тегирмени чимирилип "биз күнөөлүү" эмес, "мен күнөөлүү!" деген жооптун авторун издеп келет. Саясат маал-маалы менен, 2005-жылдын 24- мартындагыдай, 2010-жылдын 7-апрелиндей, Ош окуясындагыдай кезеңдерде боркулдап кайнап кетерин көрсөттү. Саясат-саясатчылардын чыныгы жүзүн ачып таштоого маш экенин да далилдеп берди. Бийлик вазийпаларын бөлүштүрүү табигый нерсе. Ошентсе да, Бакиев кеткен соң кызматтарды, мүлктөрдү чөөдөй ыркырашып талашкан жоруктары - "бакиевдерди кетирдик!" деп асаба булгалай кыйкырып бийликке жеткен "оппозициячылардын" абийирин айрандай төктү. Бакиевке каршы күрөшкөн санаалаштарынын оң-тетирисин , жаман-жакшысын, эл билбеген одоно тараптарын Отунбаева айым сопсонун билсе да президенттик калбаатынан жазбай кээде балит деңгээлге түшүп кетип жаткан айрым ынкылапчы-досторуна баам салып гана тим болууда. Мүлк талашкан саясий көкбөрүдөн президент обочо туруп, "сен ит, мен ит" маанисиндеги акыйнектерден алыс болгонго аракет эле кылгансыйт. Бирок, болбой эле "эски дос эстен кетпейт" дегендей өкмөт менен парламент ортосундагы тирештерде ортого түшө калып өкмөт тараптагы "эски досторуна" жан тартып жатканы Байболов - Бабанов күрөшүндө айкын көрүнүп, сезилип турду.
Бийликке каршы жээкте туруп алып бийликти тилдеген кездерде Роза Отунбаеванын саясий ажары ачылып, оппозициялык образы көркүнө чыгып турчу. Азыр бийликте, ал кездеги жөнөкөй Отунбаева эмес, улуу урматтуу президент Отунбаева болуп турган кербези. Анда азыр резиденциясы, жан сакчылары, ашканада тамаш-аш белендеген өздүк ашпозчулары, чачы-башын сулуулап турчу чачтарач, косметологдору пайда болду. Мүнөзү карапайым Роза эже "мунуңарды тим эле койгулачы…" деп ыңгайсызданса деле айтканын эки кылбай заматта аткара турган "алтын балык" кызматтарынын түрү президенттин кол астында. Бул ич күйдүлүктөн баяндалган жок, тек ажолук такка отурган Асанды деле, Үсөндү деле ушундай кереметтер күтөт. Маселе башкада, президенттик кызматтын даамы барган сайын таттууланып баратабы же башка саясий себептер барбы, айтор, Роза айым менен парламент ортосунда Конституциядагы "Кыргыз республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам боюнча түшүнүктүү "түшүнбөстүктөр" болуп жатат. Президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланышкан президенттин каршы пикири парламентте кызуу талаш жаратты. Роза айымдын дарегине айтылган башка депутаттардын айтканы бир тең, спикер Ахматбек Келдибековдун айтканы бир тең болду. Ал: "Мен президенттин каршы пикирин таптакыр түшүнө алган жокмун" - деди.
(Уландысы 10-бетте)