"Темир" мамлекеттик
ишканасындагы
акыйкаттын анык жүзү
"Кереге" гезитине жеке ишкер Гуллаб Шах Муххамед Акбар жана "Эталон трейд" жоопкерчилиги чектелген мекемесинин жетекчиси Хасан Камали Вахидинин берген: "Темир" мамлекеттик ишканасында коррупция гүлдөп жана мекеменин жетекчиси мыйзамсыз төлөмдөрдү алып жатат" деген билдирүүсү төмөнкүлөрдүн негизинде чындыкка жатпайт.

"Темир" МИ монополист катары түзүлгөн деген дооматка ишкана темирди чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык реестрине кирет.
Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сырткы экономикалык иштерди жүргүзүүгө укугу бар. Мекеме ишкердүүлүктүн субъекти болуп эсептелет жана ал ишкердүүлүктү коргоо мыйзамынын негизинде корголгон.
"Темир" МИ жобосунун негизинде мекеме бардык мекемелер, чет элдик фирмалар жана жеке адамдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык келишим түзө алат. Мекеме КРнын мыйзамдуулугуна каршы келбеген келишимдерди, милдеттенмелерди жана дагы башка чарбалык өз ара мамилелерди түзөсүң деп мажбурлоого укугу жок.
Өкмөттүн 2001-жылдын 25-апрелинде бекиткен "түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу" боюнча чыккан убактылуу жобосунун негизинде түстүү жана кара металлдардын сыныктарын экспорттоо боюнча укук "Темир" мамлекеттик ишканасына гана берилген.
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мекеме, ишканалардан чыккан түстүү жана кара металлдардын калдыктары республиканын аймагында жайгашкан "Темир" мамлекеттик ишканасынын кампаларында сатылып алынат жана чогултулат.
Жогоркуда аты аталган адамдар бизге Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугун жана "Темир" мамлекеттик ишканасынын жобосун бузуп, мыйзамсыз түстүү жана кара темирлердин калдыктарын чогултуп жеке монополия түзүүгө аракет жасагандыктары менен белгилүү. Бирок, мындай ишкердүүлүккө ички иштер органдарынын жана каржы полициясы менен биргеликте пландуу текшерүүлөрдүн негизинде бөгөт коюлат. Мунун натыйжасында негизсиз таарынычтар пайда болот.
Текшерүүлөрдүн биринде Камали Хасан деген адам алдоо жолу менен өзүн "Темир" мамлекеттик ишканасынын кампа башчысымын" деп тааныштырып "ТЭК BURANTRANS" жоопкерчилиги чектелген мекемесинен суммасы 52 520 долларлык темир жол кодун алган. Аталган мекеменин арызы бар. Гуллаб Шах Мухаммед Акбар дагы өзүн ушул сыяктуу кампа башчысымын деп тааныштырчу.
Ушундай жол менен Гуллаб Шах Мухаммед Акбар коомчулуктун көңүлүн өзүнүн жердеши-ишкер Ниязулло Хабибуллого жасаган кол салуусун унуткаруу максатында жасап жаткандыр. Ниязулло Хабибулло ушул тапта денесинен жаракат алып дарыланып жатат жана "Гуллаб Шах Мухаммед Акбар өзүнөн жоопкерчиликти алып таштоо максатында пресс-конференция уюштуруп жиберди" дейт.
Баарынан кызыгы "Темир" МИ жетекчилигинин ишине арыздангандардын кээ бирөөлөрү мындай арыз жөнүндө түшүнүгү да жок. Мисалы, Амид Латиф деген адам арыз жөнүндө массалык маалымат каражаттаарынан уккандыгын, ошондой эле түшүндүрмөнү арызда көрсөтүлгөн Моңолбаева Гүлсара Өмүржановна дагы берген.
Азыркы мезгилде "JABAL AL SOWAN Eeneral TRADING LLC" ишканасы Гуллаб Шах Мухаммед Акбар өзүн "Темир" МИ өкүлүмүн деп тааныштырып темир чогултуп беремин деп 50 000 доллар алгандыгы жана акчаны кайтарып бербей жаткандыгы жөнүндө кат жолдогон. Ушул сыяктуу кат Гуллаб Шах Мухаммед Акбардын үстүнөн "ASAD ZILMAV LТD" компаниясынан 57 700 доллар алып, кайтарып бербей жаткандыгы жөнүндө түшкөн.
Аягында жогорудагы аты аталган адамдар "Темир" мамлекеттик ишканасы менен эч кандай байланышта эмес экендигин белгилеп, алардын билдирүүсү мекеменин аброюн түшүрүү максатында гана жасалган иш деп билдиребиз.
"Темир" мамлекеттик ишканасына Абдымомунов Улугбек келгени бюджетке түшкөн акчанын көлөмүн көбөйтүү максатында көп иштер жасалууда.

Мисалы: 2010-жылы салыктардын төлөмдөрү 18756, 60 миң сом.
2011-жылы 5 айында 17491, 3 миң сом.
2010-жылы соц. фондго төлөмдөр 1113,0 миң сом.
2011-жылдын 5 айында 1369,3 миң сом, башкача айтканда өсүш аябай эле көп.
2010-жылы болгону 19869,60 миң сом, ал эми 2011-жылдын беш айында 18860, 60 миң сом.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тийиштүү токтомунун негизинде 2011-жылдын аягында мекеме республикалык бюджетке жылдын жыйынтыгы боюнча таза кирешенин 50%ын которуп бериши керек. Балким жогоруда аты аталган адамдар чет элдик компаниялардын ортомчу адамдары гана болушу мүмкүн.
Мекеменин кирешесин жогорулатуу боюнча көрүлгөн чаралар аларга жакпай жаткандыр, андай ортомчулуктардын бизге кереги жок. Билдирүүдөгү көрсөтүлгөн так эмес маалыматтар мекеменин жана анын жетекчилигинин аброюна шек келтирет.
Биз ошону менен бирге мекеме жетекчисинин аброюна шек келтирген маалыматтарды жокко чыгаруу максатында келтирилген моралдык зыянды калыбына келтирүү үчүн сот тартибинде коргоого өз укугубуздан пайдаланабыз.

"Темир" мамлекеттик ишканасынын директору Улугбек Абдымомунов