Сейрек кадр

Тебетей
Бул тарыхий ирмем фотоаппаратка аз күндөр мурун илинди. "Ар-Намыстын" "суу сатмай" программасынын шарданы менен Акылбек Жапаров Акүйдүн "овальный залына" эл чогултуп, ара-чолодо атасы Турдакун Усубалиевден "официально" кечирим сурады. Жыйынга жарым саат кечигип келген 94 жаштагы карт падыша мындай "публичный" кечирим суроого "кечирдим" деп үн катпады. Зыңкыя отурду да, Кыргызстандагы суу байлыгын пайдалануу боюнча, тээ, качантан жасалган үлкөн эмгектердин үтүр-чекитин калтырбай "балапандардын" мээсине куюп койду. Бир ашыкча тамга айтпады. Падышалык зээринен жанбаган улуу адамдын жанындагылар майдалангандан майдаланып... шөнтүп тебетей көтөрө чуркашты. Дөөлөттүү карылыкка не жетсин!
Адамзатынын ырыс-куту бир гана чындыкка байланганбы дейсиң. Элге-жерге болгон сүйүүң чындык болсо, эл-жериң көтөрүп алат. Шайлоого байланып жалган "сүйсөң" түкүрүп салат. Ооба, Турдакун падышанын биринчи ийгилиги чынчылдыгы болгондур. "Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес" демекчи, ал өлкөнү чеңгелдеп турган чагында өзүнө кабат-кабат хансарай салбады, мамлекеттик имараттарды, завод-фабриканы менчиктеп, базар, супермаркет, казино курбады. Орус бийлигинин алдында туруп, аларга шыйпаңдап, кыргызга кыр көрсөтпөдү. Кыргыздын аска чокусуна "орустун атын берем" деп чуркаган жок. Жерди, сууну, алтынды сатпады. Элди электирсиз, балдарды билимсиз, эмгекчини жумушсуз таштап, тентиткен эмес. Элет жерин аралай чаап мылтык атып, карыяларды кордобогон. Паспорт-саспорту жок эле койдун санын эсеп жеткис көбөйткөн. ХИПИК-мипигисиз эле карызды жойгон. Айыл элинен "канжалап үркүп" кашар ашып качпаган. Кыргызстандык журналистерден нарындыктарын бөлүп алып, аттын этин жедирип, миллиондорду "абищайт" этпеген. Саясий кызыкчылыгы ашынып, алдамчылыкка берилип "эсепчини жут алат" болуп, чайкоочулук сазына батпаган. Эң негизгиси абийирин, абройун таза сактаган кыргыздын бирден-бир падышасы Турдакун эмей ким эле?! Не дейсиң эми? Суусар тебетейди ал кийбегенде сен экөөбүз киймек белек!..
Азаке





Мирлан Бекитаев, Улуттук Конгресстин төрагасы:
"президенттик шайлоо жарыяланса..."
- Чет өлкөдөн билим алып келген жаш муун өкүлү катары айтсаңыз, билимиңизге карап учур бийлиги кызматташууга чакырдыбы?
- Тилекке каршы учурдагы бийлик эски кадрлар, баякы эле саясатчылар менен иштегенди туура көрүп турат деген ой пикирлерге силер деле кошулсаңар керек. Чындап келгенде кыргыздын билимдүү-илимдүү, прагматикалык деңгээлде жаңы доор менен ой жүгүртүп, бир нече тилде билмек тургай, түш жооруган азаматтардын күчү, эмгеги өзүбүз үчүн эмес, өңгөлөр үчүн болуп жаткандыгын айтканда не, айтпаганда эмне. Жеке мага келсем, бийлик тараптан чакыруу болгон. Бирок, кабыл алган эмесмин.
- Эмне үчүн кабылдабадыңыз?
- Биринчиден, ошол учурда парламенттик шайлоо болуп, биз да катышып жатканбыз. Элге шайлоодо убада берип алып кызматка дароо секирик жасаганым бир аз туура эмес болуп калмак. Экинчиден, мени жалгыз чакырышты, бирок, мен өзүм менен кошо билимдүү, жана күчтүү кадрлар менен команда болуп барууну максат кылгам, ошол себептен да баш тарттым десем болот
- Шайлоодон соң түзүлгөн Конгресс куру сөздөр менен эле шугулдангандай таасир берүүдө. Азыркы парламентке альтернативдүү болуп түзүлгөн соң, өзүңөрдүн канча мыйзам, сунуштарыңарды мыйзам чыгаруу бийлигине сунуштадыңар?
- Конгрессте жумушчу топ бар, алар түз байланышта мыйзам чыгаруу бийлиги менен эриш-аркак иш алып барышууда. Учурда кызуу талкууну жаратып жаткан президенттик шайлоо тууралуу мыйзам долбоору боюнча ЖКга тийиштүү комитетке сунушубузду жолдоп, алар менен биргеликте талкуулап жатабыз. Кезеги келгенде дагы кандай иштерди кылгандыгыбызды айтабыз, ага камтама болбой тургула. Баардык нерсенин өз убагы болот деген ойдомун.
- Эриш аркак иш алып баруудабыз деп атасыз. Конкреттештирсеңиз, кайсыл фракция же комитет менен?
- Кандай орчундуу маселе болсо, тиешелүү комитеттер менен. Мисалы, президенттик шайлоо тууралуу сунушубузду ЖКнын конститутция, мыйзам чыгаруу жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жолдодук.
- Айрым саясий лидерлер региондордо эл менен жолугушуп, ажолукка аттанышаарын ачык айтышууда. Конгресс бул жагынан тымтырс. Силерден ажо жарышка таптаган талапкериңерди качан жарыялайсыңар? Болсо ким? Же жокпу?
- Адегенде президентик шайлоо расмий түрдө жарыяланышы керек, андан соң биз өзүбүздүн талапкерибизди жарыялайбыз. Эчтеме боло электе эле чабалактап, өпкө кага бергендин зарылчылыгы деле жок го дейм.
Ийгилик Болсунбаев




"Кыргыз эл биримдигинин"
улуу курултайында
кабыл алынган кайрылуу
(Уландысы. Башы 7-бетте)
Улуу Курултай аткаруу, сот жана мыйзам чыгаруу бийликтерине көзөмөл ишин жүргүзүү менен, толук кандуу эл бийлигин камсыздап, Конституциянын кепилдиги болуп калмакчы. Кыргызстандын эли Улуу Курултайга делегат кылып, өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлоо аркылуу катышат.
Улуу Курултай ошондой эле Улуттук банк, күч органдары, БШК, бажы жана башка мамлекеттик органдардын иштерине ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө тууралуу өкүм чыгара турган эң жогорку орган.
Кысталыштан жол таап, өткөөл кездеги туңгуюктан чыгып, акыбалды турукташтырууга, кыйынчылыктан чыгып кетерине бекем ишенебиз. Элибиздин араздашууга, бийлик талашууга, бөлүнүүгө убактысы да, каалоосу да жок.
Бул үчүн кыргыз элинин мекенчил азамат уул-кыздары таза иштеп, темирдей тартип менен адилет кызмат кылууга, каада-салттын мыкты жактарын мыйзам чыгарууга пайдаланып, экономиканы жана бизнести жакшынакай жолго коюп, эл менен бийликтин ортосундагы ажырымдарды жоюп, коррупциянын тамырын кыркмак. Бюджеттин түзүлүшү ойдөтөн төмөн эмес, ылдыйтан өйдө карай түзүлсө, өлкөбүздө туруктуулук, калыстык жана бейпил жашоо өкүм сүрмөк.
Айтылгандардын негизинде, жалпы журтту бардык тоскоолдуктарды биргелешип жеңүүгө жана кайрадан жаралып, биримдикте, ынтымакта, сабырдуулукта элибиздин өнүгүшүнө көмөктөшкөнгө үндөйбүз. Ошондой эле кыргыздын мекенчил атуулдарын мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтерин жана мамлекеттик ыйгарым укуктардын жоопкерчиликтерин аныктап, эл өкүлдөрүнүн көзөмөлдөө функциясы менен конституциялык өзгөртүүлөрдү референдум аркылуу киргизүүгө активдүү катышууга чакырабыз.
КЫРГЫЗ ЭЛ
БИРИМДИГИ