Жеңишбек Байгуттиев:
"Ганси авиабазасын чыгарууну референдумга алып чыгабыз"
Альтернативдик өкмөт "Америкалыктардын "Манастагы" авиабазасын чыгарыш керек!" талабын коюп коомчулук алдына билдирүү менен чыгышты. Аталган билдирүүдөн соң атаандаш өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Жеңишбек Байгуттиевге азын-оолак суроолор менен кайрылдык.

- "Манас" аэропортундагы Америкалык "Ганси" авиабазасын референдум аркылуу өлкө аймагынан чыгаруу талабы менен чыктыңар? Кандай негиздерге таянып, же баякы эле саясатчыларга таандык куру популизм мененби?
- Улуттук Конгресстин Альтернативдүү өкмөтү катары өлкөдө бул базанын тагдырын жалгыз гана парламент, өкмөт же президент чечпестен, ушундай жүйөлүү маселени референдум аркылуу эл өзү чечиш керек деп ойлойбуз. Анткени баш мыйзамда айтылгандай, бийликтин булагы катары эл эсептелет, демек ошол маселе боюнча өлкөнүн тагдырына түздөн-түз тиешеси бар олуттуу маселени эл өзү чечиши абзел. Бул курулай эле популизм сөз эмес, анткени муну иш жүзүнө ашырыш үчүн атайын механизмдер бар.
- Мындай демилгеңер эки өлкөнүн ортосундагы мамилени салкындатпайбы?
- Эгерде эки өлкөнүн ортосундагы мамиле салкындап калат деп корксок, анда биз тап-такыр эч бир маселени козгобошубуз керек. Эгерде өлкөнүн кызыкчылыгын эң негизги талап катары эсептесек, анда эки өлкө ортосундагы мамилелерге карабастан, өз өлкөбүздүн кызыкчылыгын жогору коюшубуз зарыл. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жалаң гана базаны камтыбайт. Албетте, базанын маселеси бул башка өлкөлөрдүн да тагдырына таасир этчү тиешелүү маселелердин бири. Алсак, ошол эле Россияга, Кытай өлкөсүнө, Өзбекстанга, Казакстанга, Тажикстанга түздөн-түз база маселесинин таасири бар.
- Бул талабыңар менен "Ажыдаардын куйругун басып алабыз" деп коркпойсуңарбы же артыңарда кандайдыр бир күчтөрдүн колдоосу барбы?
- Андай деп коркпойбуз, бизди кыргыз эл деген улуу күч колдойт. Негизинен Улуттук Конгресске авибазанын кесепетинен жабыр тарткан жергиликтүү эл кайрылган. Андыктан,биз көтөргөн көйгөй абдан жүйөлүү маселе, бул иш аракет эл тарабынан колдоого алынаарына көзүбүз жетет.
- Талабыңарга расмий бийликтен жооп келбесечи?
- Расмий бийликтен жооп келеби -келбейби, бул алардын иши. Биз аталган маселени көтөрүп, тийиштүү органдарга жиберебиз, андан соң алардын бул маселеге болгон мамилесин билебиз. Эгерде расмий бийлик жооп кайтарбаса, бул маселени референдумга чыгарыш үчүн 300 миң калктын добушунун колдоосуна ээ болушубуз зарыл. Алар тараптан бизге жооп келбесе, бул маселени Курултайга чыгарабыз.
Маектешкен
Ийгилик Болсунбаев




  Үчтүрмөк

1. Кыргызстанда оппозиция барбы? Алар кимдер?
2. Азыркы оппозициябыз деп жаткандардын аракеттерине ичиңиз чыгабы?
3. Учурда жаңы оппозиция зарылбы?
Марс Сариев,
саясат таануучу:
1.Бизде күчтүү кон-структивдүү оппозиция бар. Ал "Ата-Мекен" партиясы менен "Ата-Журт" партиясынын бир бөлүгү. Ошондой эле бийликке кирбей калган айрым партиялар. Алар азыр өздөрүнүн жакшы ойлорун, программаларын ачык айтып атышат.
2.Көңүлүм толот. Анткени алар жакшы, конструктивдүү ойлору менен чыгып азыркы бийликти оңдоого өз салымдарын кошууда.
3.Зарыл. Азыркы саясатчылар партия, комсомол өңдүү номенклатурадан чыккан адамдар. Ошондуктан аларда жердешчилик, кланчылык, башка да корпоративдик кызыкчылыктардан көтөрүлө албагандар. Ошон үчүн саясат да таза болбой, алар бузуп жатышат. Андыктан жаңы муун келсе анда алар идеялык платформалар менен алпурушуп, өнүгүүнүн жаңы жолуна түшүп, мамлекетибиз тез оңолмок.

Токтогул
Какчекеев,
саясий серепчи:
1.Бизде эл аралык деңгээлде оппозиция жок. Оппозициябыз дегендин баары бийликке кумар болгон, кандай жол болсун ага жетүүнү көздөгөн гана топтор. Биздин оппозициянын тагдыры бийликтен кетүү менен бийликке келүүнүн эле ортосунда. Тагыраагы, учурда эч кандай толук кандуу оппозиция жок.
2.Жеке кызыкчылыктары үчүн гана оппозиция терисин жамынып жаткандардан кайсы көңүлгө толоорлук иш көрүнмөк эле? Алар бир эле учурда эки, үч максатта жүрүшөт. Кандайдыр бир курултай, конгресс, уюм, көмүскө өкмөт дегендерге жамынып алышып эптеп эле бийликке келүүнү көздөп жаткандар.
3.Бизге кайраттуу, акылы толук, билимдүү адамдардан жаңы оппозиция зарыл. Ал мезгилдин да талабы.

Кубат
Кожоналиев,
юстициянын
генералы:
1.Оппозиция бүгүнкү күндө эл. Анткени азыр бийлик өзүнүн мыйзамдары менен жашап жатат. Эл дагы өз алдынча жашоодо. Элди азыр эчким бакан жок. Ошол себептүү эки жээк эки чоң ажырымда.
2.Көбүнесе мен буларга ишенбейм. Арасында кээ бирөөлөрү бар. Бирок алар деле Атамбаевдин жомогундагыдай бийликке келээр замат ажыдаар болуп кетип жатышпайбы. Андыктан жасап жаткан иштери да жеке кызыкчылыктар үчүн эле болууда.
3.Албетте зарыл. Бизге жаңы муундун оппозициясы керек. Азыркылардын баары 20 жылдан бери саясатта жүргөндөр. Буларды алмаштыруу зарыл.

Марат
Казакпаев,
саясий серепчи:
1.Негизи факт боюнча бар. Мисалга, парламентте расмий оппозиция болуп жаткан "Ата-Мекен" менен "Ар-Намысты", ошондой эле парламенттен тышкаркы саясий партияларды айтса болот.
2.Көңүлгө толот эле. Канчалаган саясий, экономикалык, коррупциялык иштерге өз пикирлерин ачык айтып чыгып атышат. Менимче азыркы мезгилдин талабына азыркы оппозиция, анын аракеттери жооп берет.
3.Бизге жаңы оппозиция башка өңүттө керек. Анткени учурда биз жаңы система менен жашап жаткандыктан оппозиция да жаңы системада иш алып баруусу шарт. Парламент министрлерди өз эле партияларынан коё бербей оппозицияны да аралаштырыш керек. Ошондо аткаруу бийлигинин өз ичинде да оппозиция болсо коррупциялык система бир топ тазаланмак.

Жыргалбек
Касаболотов, конфликтолог-талдоочу:
1.Кыргызстанда бирдиктүү оппозиция жок. Бийлик органдарында отургандар жана алардын баарына ичи чыкпаган, оппозициячыл маанайдагы жалпы эл бар.
2. Жок, ичим чыккан жок. Анткени булардын максаты баягы эле бийлик талашмай болуп атат. Кыргызстандын өз алдынчалыгын бекемдөө, улуттук кызыкчылыктарды коргоо бирөөнүн да оюнда жок.
3.Зарыл. Жаңы оппозиция прогрессивдүү улутчул күчтөрдөн куралышы керек. Тарыхый шарт азыр ошону талап кылып атат.

Даярдаган
Данислан
АСАМАДИНОВ