ПРОТОКОЛ № билдирет
Энесин өлтүргөн наадан
Коомчулуктун денесин дүркүрөткөн бул окуя, үстүбүздөгү жылдын 22-май күнү Ново- Покровка айылында болуп өттү. Аталган айылдын тургуну, 26 жаштагы Павел Анатолиевич деген канкор өзүнүн бакма энесин муунтуп, өлтүрүп салган. Уюлдук телефондун айынан чыккан уруштан улам шордуу эненин ажалы жетип, бакма уулунун колунан түбөлүк уйкуга кетти. Зөөкүр Павел мурда дагы наркотикалык затты алып жүргөн жеринен колго түшүп, Кылмыш жаза кодексинин 246- беренеси боюнча соттолгон. Тигил жактын даамын татып калган Павел бул сапар кылган кылмышын атайын жасабаганын, ачууга алдырып койгонун айтып: "мен таптаза болчумун, уюлдук телефон талашып урушуп кеткенбиз. Анан ал оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, ушунчалык жиниме тийгенде токтоно албай кетип, жаздык менен думуктуруп салгам. Бирок, өлөт деп ойлогон эмесмин"-деп өкүнгөнсүйт. Кылгылыкты кылып салган соң кылым бою өкүнгөндөн эч арга жок экенин бул канчеңгел али да түшүнбөгөндөй. Себеби алиги актануусу жөн гана жазасын жеңилдетүүгө жасаган жан далбас экени жалпыга маалым эмеспи.

"Үч кой уурдайм деп 3
жылдан ашык кесилгени турат"
Балыкчы шаардык ИИБнин оперативдүү кызматкерлери тарабынан талаада жайылып жүргөн койлорду уурдап сатып жиберген ууру изделип, бул кылмышка шектүү катарында Кемин районундагы Алмалуу айылынын тургуну Көлбаев Калык аттуу жаран кармалды. Ал жалданып иштөө максатында Балыкчы шаарына барып бир жарандын малын багып жүргөн. "Арам оокат аш болбосун" билбей калган эргул өзү кайтарган малдардын ичинен үч койду талаада жүргөн жеринен белгисиз бирөөлөргө сатып жиберген. Бирок арадан көп убакыт өтпөй эле милиция кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында Көлбаев кармалып тийиштүү көргөзмөлөрдү берген. Учурда ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, сурак берип жаткан учуру. Тергөө иштери аягына чыкса, Калык үч жылга эркинен ажырашы мүмкүн. Каратып туруп токсон кишини аткан канкорлор эркиндикте тайраңдап жүрөт. Ал эми үч кой үчүн үч жылга камалган Калык өңдүүлөргө айтаарыбыз, айланайындар абайлагылачы. Утурумдук жыргал үчүн, өзүңөргө өзүңөр ор казып, тирүү туруп балаңарды жетим, жарыңарды жесир кылып жатасыңар.

Койнунда жатып билинбейт.....
Турмушубуз не болуп, кайда баратат деги, ыя? Адам өлтүрүү азыр кадыресе иш жасап койгондой эле кабылданган заман басты го. Ушул факты менен 1970- жылы туулган Ишенбаева Мира кармалды. Ал өзүнүн койнунда жаткан, өмүрлөш шериги болгон күйөөсүн ашбычак менен сайып өлтүрүп салган. Себебин, күйөөсү мас болуп келип, сабап, кордук көрсөткөндүктөн, ушундай кадамга баргандыгы менен түшүндүргөн "жаналгыч-айым" көзүн жалдыратып, укук коргоо органдарына сурак берип олтурган учуру. Таң калыштуусу, канчеңгел Мира мурда дагы күйөөсүн өлтүрүп, соттолгон. Эми минтип экинчи күйөөсүн да жаннаттан жай таап берип, өзү темир тордун артына аттанганы турат. Учурда ар бир экинчи эркек, ичип алып аялын сабай турганы ачык эле көрүнүш. Кокус, башка жеңелер да Миранын жолуна түшсө, кыйла эркекке кыйын болуп калат го. Түү-түү, кудай сактасын!

Орусиядан дагы бир жараныбыз
оор жаракат алды
3- июнь күнү Москва шаарынын Ленин проспектисинен аталган шаардагы кафелердин биринде ашпозчу болуп иштеген 37 жаштагы Кыргызстандык Максатбек жөө адамдар өтүүчү сызыктан өтүп бара жатканда, катуу ылдамдыкта келе жаткан "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында машина сүзгөндөн кийин Максатбек он метр алыстыкка учуп кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алып, 7- шаардык ооруканага жаткызылган. Ал эми Максатбекти сүзгөн машина Орусиянын Иркутск областынын губернаторуна тиешелүү экен. Бирок, кырсык болгон маалда губернатор Дмитрий Мезенцев унаада жок болгон. Айдоочу Максатбек жаткан ооруканага келип кечирип сурап, материалдык жардам көрсөтөөрүн айткан.

Конокту койчо мууздап...
Борбор калаанын 5-кичи районундагы үйлөрдүн биринен табылган жансыз дене 1987-жылы туулган Пакистандын жараны Нуман Сиаб Рошан болуп чыкты. Соттук- медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал төшүнө бир нече жолу сайылган бычактан улам өлгөнү аныкталган. Кылмышка шектүүнү кармоо иштеринин негизинде 1991-жылы туулган Болот уулу Азамат колго түшүп, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тишелүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. Учурда бул фактынын негизинде Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Даярдаган Бахтияр Тукеев