PRESSKG.COM



п»ї
  Талкууга сунуш

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КИМДИ, КАНТИП ТАНДАЙБЫЗ?

Саясый теорияда, ошондой эле коомдордун тарыхында социалдык ыңкылап-мамлекеттин өнүгүшүндө кубаттуу, эрктүү күчтүн (китептерде "локомотив" деген түшүнүк колдонулат) булагы катары сыпатталат. Тилекке каршы, 2005-жылы март айындагы элдик социалдык ыңкылап максатынан тайыгандыктан 2010-жылы апрел айында жалпы эл көтөрүлүп, жаңы ыңкылаптык бийликти орнотту.

Бирок, азырынча бул бийлик ыңкылаптын жалпы максаты болгон мамлекетти түп-тамырынан жаңыртууга шымаланып киришүүгө мүмкүнчүлүгү жетишпей, күнүмдүк тиричилик менен алектенүүдө. Натыйжада, көп кылымдардан кийин тарыхтын талабы, Теңиримдин каалоосу менен Азиянын чок ортосундагы байыркы ордунда пайда болгон азаттыктагы Кыргыз мамлекетинин социалдык маңызын, өнүгүү жолун, тарыхый ордун тактап албагандыктан, алдыга жылбай, бир орунду таптап жатканыбыз да кокусунан эмес. Мына 2010-жылдын 27-июнда бүткүл элдик добуш берүүсү менен азаттыктагы Кыргыз Республикасынын тогузунчу жолу өзгөртүлгөн Конституциясынын негизинде башкаруунун Президенттик түрү Парламентаризм менен алмаштырууга жол ачылган. Айтканга оңой болгон менен, нагыз Парламенттик башкаруунун жана Парламентаризм маданиятынын калыптанышы үчүн белгилүү бир убакыт талаптанат б.а. өткөөл мезгил керек. Анткени, өткөн жоокерчилик замандарда урууну да, кыргыз коомун да баатыр хан жеке бийлик жүргүзгөн. Адилеттик үчүн белгилей кетүүчү жагдай жеке бийлик элдик курултайларда оозеки макулдашылган эрежелердин негизинде болгон. Ошондуктан, "сөзүң өлгүчө өзүң өл", "сөзүм сөз", "башкаруучу сөз" "айтканымды сөздөй көр" деген накыл кептер ушул күнгө чейин күчүндө. Демек, жаңы тарыхый шартта бийликке басымдуу ээ болгон Парламент жана Өкмөт толук кандуу иштеши үчүн белгилүү убакыт керек.
Тогузунчу Конституция боюнча мамлекет башчысы, куралдуу күчтөрдүн башкы командири, мамлекеттин коргонуу жана улуттун коопсуздугун тескеген жетекчилерин, башкы прокурорду, Жогорку жана жергиликтүү кеңештерге, судьяларды кызматына шайлоолорду дайындайт, мамлекеттик банкттын, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук Комиссиянын, эсептөө палатасынын мүчөлөрүн дайындоого катышат. Президент жарандардын эркиндигин, улуттун кызыкчылыгын коргойт, бийлик бутактарынын, социалдык топтордун ортосундагы этникалык мамилелер чөйрөсүндөгү адилет, калыс, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин кепилдиги, өлкөнүн ичинде жана эл аралык чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. Демек, Президент мамлекетти башкаруу, коргоо, мамлекеттик бийликти жүргүзүүдө чоң саясый күч жана анын кеңири укуктары милдеттери бар. Ошондон болсо керек, Президенттик шайлоо дайындала электе эле, алдын-ала дүрбөгөндөр геометриялык эсеп менен көбөйүүдө, ага шайма-шай даярдануу аймактарда, жердешчилик, уруучулук топтордо кеңири жүрүүдө. Эл арасында ар кандай уу-дуу кептер айтылууда. Президенттикке тиги коет, бу коет имиш деген сыяктуу сөздөр. Көпчүлүк маалымат каражаттары "Президенттикке ким татыктуу же салмагың канча саясатчы"-деген ураан менен 11-18 адамдардын сүрөттөрү негизинен азыр кызматта жүргөндөрдөн мыктыбы, эл сыймыгы боло алабы, лидерлик жөндөмү барбы баарын аралаштырып, ар кандай амалдар менен кеңири жарыялоодо. Айрым суу жукпаган элдин менталитетине жатпаган, маданиятсыздыктын, адепсиздиктин, уятсыздыктын ар кандай иш-чараларын жашыруун да, жабык да өткөрө башташты. Кокту-колоттук, жердешчилик, уруучулук негиздерде бөлүнүү, тамак берүүлөр, кезигүүлөр, сүйлөшүүлөр ж.б. элдин башын айлантуу сыяктуу будуң-чаң түшүрүшкөн, окуя-көрүнүштөр өтө эле эрте жүрүүдө. Анын үстүнө чыныгы жана жалган "көзү ачыктар" да ар кандай дөдүрөгөн божомолдорду да таратууда. Азыр коомдо куру намыстануучулук, өткөндөн жогору көтөрүлө албагандык, саясый кычыткылар басмырлоодо. Жарандардын айрым тобунда, өзгөчө жаштардын дилинде ээндиктин, ээнбаштыктын, боштуктун психологиясы үстөмдүк этип, тилекке каршы алардын дээрлик басымдуу бөлүгү ээрчиме жана ээликме муунга айланып баратканы өтө өкүнүчтүү.
Ошол эле учурда, тилекке каршы, коомдун келечектүү стратегиялык өнүгүүнүн максаттары, мамлекеттин социалдык, саясый, адептик турпаты, азыркы кыргыз коомунун ички абалы, коомдо ынтымак, биримдик сезимдердин калыптанышынын жүрүшү, Президент болуучу инсандын лидерлик, адептик, кесиптик сапаттары жөнүндө жана аны кантип камдайбыз жана тандайбыз сыяктуу тагдыр чечээр маселелер ушул убакка чейин көмүскөдө жана ачык талкууланбаганы өкүнүчтүү.
Кыргызстандын эртеңки тагдырын, тарыхый жолун жана ордун тактоо, мамлекеттин турпатын түп-тамырынан бери жаңылоо жана эки элдик социалдык ыңкылаптардын түпкү максатына багыт алуу-2011-жылдын күзүндө болуучу Президенттик шайлоодо нагыз улуттук лидер болуучу Инсанды жаңылбай тандоого түздөн-түз байланышкан десем аша чапкандык эмес. Албетте, бул маселе эң татаал, көп жактуу, ошондуктан бир эле шайлоодо чечиле калат деген апыртма пикирден алыспыз. Убакытты, жемиштүү, акылга сыйган аракеттерден талап этет. Бул маселени чечүүдө кыргыздын жүздөгөн кылымдарды камтыган тарыхы да эң маанилүү.
Азыркы, "лидер" деп кеңири колдонулуп жүргөн түшүнүктү кыргыздарда "баатыр" деген түшүнүк менен туюнткан. Кыргыздар миңдеген жылдар бою Евразиянын кең мейкиндигинде гүлдөткөн көчмөндөр цивилизациясынын өзөгүн-баатыр жүрүм-турум, баатыр жашоо ыңгайы, баатыр философиясы түзгөн. Элдик баатырларды тарбиялоо, сактоо кыргыздын жашоо тиричилигинин милдеттүү салты болгондугун ар кандай таштардагы карт тарыхтын эстеликтеринде камтылган.
Кыргыздын философиясында, рух дөөлөтүндө, эпостордо, макал-лакаптарда элдик баатырларды төмөнкүдөй түркүмдөргө бөлүп, сүрөттөгөн. 1) адамдын шери; 2) Кара көк баатыр же көк жал баатыр; 3) Илекор баатыр; 4) Жеке баатыр 5) Ээрчиме баатыр; 6) Опсуз баатыр. Буларды кеңири чечмелегенге да кезек келээр.
Кыргыздар миңдеген жылдар бою жоокерлик замандарда жашагандыктан, баатыр-эл коргоочу, башкаруучу, жерин сактоочу болгон. Демек, баатыр-хандын да, Президенттин да, өкмөттүн да милдетин аткарган.
Кыргыз элининин эң бай, ар түрдүү ооз эки рухий байлыгында баатырдын туулушу, калыптанышы, тарбияланышы, баатырчылык жүрүм-туруму, башкаруучулук жөндөмдөрү жөнүндө 100дөн ашык макал-лакаптар бар. Алардын кээ бирлерине окуучулардын көңүлүн бурайын: "Алтын жерден, баатыр элден", "Ата баласы болбосоң, болбо, эл баласы бол", "Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш-кымбат", "Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот", "Баатыр болсоң шер бол, коркок болсоң жер бол", "Баатырдык билекте эмес, жүрөктө", "Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат", "Баатыр туулса эл ырысы, жамгыр жааса жер ырысы", "Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт", "Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт", "Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлөт", "Баатырдын баш ийгени-өлгөнү", "Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт", "Баатырдын көркү-эрдикте", "Боло турган азамат, болоттон кылыч байланат", "Жакшы эр элин өргө сүйрөйт, жаман эр элин көргө сүйрөйт", "Жалындуу эрдин белгиси, жалтанбай тосот жоо бетин", "Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт", "Жоо келгенде баатыр бол", "Кайраттуу жүрөк таш жарат", "Элден безген эр эмес, жоодон качкан шер эмес", "Эрдик кылсаң сүрө кыл", "Эр жигит эл четинде жоо бетинде", "Эр өлүмгө күлүмсүрөп барат" жана башка дагы ушу сыяктуу жайнаган макал-лакаптар, накыл сөздөр кылымдардан бери рухий байлык, тарыхый эс-тутум болуп саналат.
Бул жана башка макал-лакаптар тил-ойду туюнтуу менен бирге, келген жоокердин, баатырдын эс-акылынын калыптанышында, өсүп жетилишинде, укум-тукумга (билимде, тажрыйбада, мамиледе, баамда ж.б. сактоо менен) башкаруучуга курал иретинде баа жеткис рухий кенч болуп кылымдан-кылымга өтүп келүүдө. Согушчан калк болгондуктан, кыргыз эли эр жүрөктүүлүктү, баатырдуулукту, башкаруучулукту эң жогору баалашкан, аларды алпештеп өстүрүп, аны менен сыймыктанып, туу катары тутушкан. Баатыр жетекчилердин өрнөгүндө өсүп келе жаткан жаш муундарын калыптандырышкан. Көчмөн кыргыздардын алтынга сатылбай, байлыкка манчыркабай, сулуулукка алданбай, ар-намысты, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү баарынан жогору койгондугу ушул күндө да цивилизацияланган Европа-Азия элдерин таң калтырууда.
Элибиз көп кылымдардан кийин өз алдынча, көз карандысыз, азаттыкта, демократиялашкан, социалдашкан, мамлекеттүүлүккө ээ болуу жолуна түштү.
Чынында, бул өтө жооптуу жана татаал. Ар бир атуул кулчулук, маңкурттук, кош көңүлдүк психологиядан арылып, намыстанып, кайраттанып, адамдык сапатты көкөлөтүп Кыргыз мамлекетинин нагыз гүлдөшү үчүн күрөшүүгө шарт түзүлүдө. Мында өткөн доорлордогу баатырлардын, эрлердин жаркын элестери бизге жардамдашат. Албетте, XXI кылымдын талаптарына төрт жагынан төп келишкен улуттук лидерди тандоодо тарыхый эс-тутум менен бирге заман бап илимдердин жетишкендиктери жана тарыхый тажрыйбалардын үлгүлөрү да жардамдашарына шек жок. Ушуларды эске алуу менен, келечектеги Кыргызстан мамлекетинин Президент-лидерин тандоодо төмөнкү сапаттык белгилерди жана чен-өлчөмдөрдү (талаптарды) негиз катары кабыл алууну талкууга сунуштаймын:
1.Теңиримден буюрган харизмалык касиеттери болгон кыргыз туубаса даанышман, бүркүт көз, арстан мүнөз, эр жүрөк, күчтүү, сыртка сүрдүү, ичке жылуу сүйкүмү бар, сабырдуу, эрди ээриткен, катканды жибиткен акылманы болсо;
2.Өтө намыскөй, акыйкатчыл, калыс, адептүү, социалдык чечкиндүүлүгү болгон, элим жери дегенде жанын аябаган, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнаган, Кыргызстандын ата-бабадан бери келе жаткан жерин кемитпей-кеңейте турган, анын бүтүндүгүн, өзгөчөлүгүн түшүнгөн, билген, бөлүнүүчүлүккө, жердешчиликке каршы бара турган, жаңы замандын мыйзам ченемдүүлүгүн акыл-эс менен туйган; өлкө ичинде ынтымакты, биримдикти, достукту чыңдоого чын ниети менен күрөшө турган;
3.Билими терең, мыкты кесипкөй, улуттун тарыхын, философиясын, Манастын духун, рух дөөлөттү билген жана түшүнгөн мекенчи, заманбап социалдык, экономикалык илимдерден кабарлаш, табигый эс-тутум чыңдалган, жаңы цивилдердин баарлашуу жана ааламдашуунун шартында улуттук мамлекеттин туруктуу өнүгүү өзгөчөлүктөрүн жана мыйзамдары менен кабарлаш;
4.2005-2010-жылдардагы элдик социалдык ыңкылаптарынын түпкү максаттары Кыргызстан мамлекетин түп-тамырынан бери жаңылоо, Азиялык азаттыктагы мамлекет катары өнүгүүсүнүн тарыхый жолу жана орду бар экенине ишенип, аларды түшүнүүгө республикалык интеллектуалдык акыл-эсиң, күч-кубатынын жардамы менен аракеттенип, аларды турмушка ашыруу үчүн бүт мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жөндөмдүү болгон;
5.Дүйнөкор, тойбос, ууру, ачкөз эмес, булганбаган, таза, жер сатпаган, чет мамлекеттерге үй салбаган, байлык, акча катпаган, өзүмчүл күндөлүк жүрүм-туруму, мамлекеттик, партиялык, коомдук милдеттерине жасаган так мамилеси, маданиятынын тереңдиги, кошоматчылардын азгырганына туруштук бере ала турган майтарылбас эркинин күчтүүлүгү; бийликтегилерге ар кандай жеңилдиктерге каршы пикирдеги;
6.Кыргыз элинде "канталамай" деген салт-эки жолу аткарылган; биринчи жолу-Хан шайланганда, анын байлыктары сактоого коюлган же элге таратып берилген да, хандын иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин анын байлыктарынын чыпчыргасын коротпой, кайра кайрадан берген. Экинчи жолу-хандын көзү өткөндөн кийин, байлыгын эл талап алган XXI кылымдын башталышында жалпы элдин каалоосу менен Кыргызстандын Президент-лидери "ханталамай" салты боюнча байлыгын мамлекетке кайтарып алуу милдети менен өткөзүүгө макул болуп, "элим суу ичсе, суу ичем, бал жесе бал жеймин" деген Наршахи акылман жазган Чыгыштын байыркы салты менен жашоого макул болсо.
Албетте, ушундай сапаттагы Башчы табыш, тандаш жана кабыл алынган эрежелер менен кыргыздардын кечээкисин жана бүгүнкүсүн эстесек бир топ эле кыйындыкка турат. Бирок, "Жүрөгүндө жалы бар, маңдайында шамы бар", жандүйнөсү таза, таза кандуу күчтүү Президентке ээ болоорубузга мен ишенемин.
Ал үчүн баарыбыз биринчиден, жапа тырмак аракеттенишибиз озуйпа. Экинчиден, элдин ынтымагына, биримдигине, мамлекеттин кубаттуу болуп, бутуна туруп кетүүгө каршы аракеттенүүчү күчтөрдү аңдап, билим, тарапташтыруу керек. Үчүнчүдөн, 2010-жылы өтүлгөн шайлоо "топташ" (чакмак) ойногондой болгону эч кимге сыр эмес; демек аны мыйзамдын чегинде таза өткөрүүгө дараметибиз жетээрине ишенич болбосо, Аксакалдар Кеңешин түзүп, Элдик Курултайдын мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга туура келет. Ошентип "Өзгөнү ээрчиген өзүн унутат". Батышка - жалдыраганыбызды токтотуп, кыргыздын ушундай маселелерди чечүүдө колдоп келген тарыхый тактикаларын эстөөгө туура келет. Ошондо гана кокусунан Президенттин келишине жолтоо жасай алабыз. Качан, кантип, макаланын уландысында чечилет.
Мударис Кусеин Исаев





кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??