КүНөө
Страшен не грех, но бесстыдство после греха.
Иоанн Златоуст

Мыйзамдуу коомдо ар бир адамдын паспорту болот. Ал гана эмес, үйдөгү сыналгы, муздаткычтан тарта айдап жүргөн унаага чейин, атүгүл үрүп чыкчу иттердин деле паспорту болот. Ал эми мамлекеттин паспортучу? Мамлекеттин паспорту-анын башкы мыйзамы, конституциясы. Маселен, 5-май Кыргызстанда конституция күнү деп эсептелет. Мындан улам, "Кайсы конституциянын? Канчанчы жылдагы конституциянын?" деген суроо пайда болот. Ал конституция өзү эмне үчүн жана кимдер үчүн жазылат? деген суроо да жаралат. Конституция - өлкөдөгү бардык жарандар бирдей аткарчу эреже, мыйзам да деген менен башка суроолор жоопсуз калат.


Эрнис
Кыязов

Анда, Акаев учурунда башмыйзамды ары-бери "көк бөрү" тартып, каалагандай өзгөртүп, коррупциянын, жеп ичмейдин даңгыр жолун салгандарга конституциянын тиешеси жокпу? Бакиев доорунда конституцияны каалагандай жиликтеп, мыйзамды сактабай, же мурунку режимден үлгү албай, кайра беттерин тасырайтып, "момунтип ичип жейт" деп баарына үлгү болгон үй- бүлөлүк режимге конституция иштебейби?-деген суроолор жаайт. Ал гана эмес Акаев, Бакиевдерден кийин бийликке келген "апакай" башкаруучуларыбыздын да көбүнүн боткосу чыгып "сен ит, мен ит" болушуп тарткылашып-сүргүлөшүп алып, иттиги билинсе деле "болпойуп" жүргөндөргө да конституциянын тиешеси жокпу?- деген суроо жаралат. Алар мамлекетти талап-тоноп, элди куураткандандыктан сабыры түгөнгөн калк көтөрүлүшкө чыгып, эки ынкылап жасаганга аргасыз болду.
Бийлик менен оппозиция 20 жыл ичинде бир бири менен жөөлөшүп бири жеңилип, экиничиси женип да көрдү. Оппозициясы бийлик болуп, бийлиги оппозицияга айланып кыйкырып көрдү. Арада 2 ынкылап болду, соңку ынкылап Ош окуясы менен аяктады. Ак үй, көк үйдө Ош окуясынын жылдыгы жакындаганы, ким ак, ким кара экени тууралуу билдирүүлөр жасалып, бир нече комиссия өз тыянагын чыгарып, кечирим сураганы сурап, сурабаганы мелтиреп көктү карап, айтор апааттын жылдыгына карай сөз тирешүү, актануулар жанданды. Былтыр коогалаң болуп өткөн күндөрдө "муну болтурбай койсо болот беле, кыргынды баштаган ким? убактылуу өкмөт күнөөлүүбү же Бакиевдерби? Кадыржан, Имомжандарды ким качырды?" деген суроолор ошондо эле саясатта уу-дуу болуп, жоопсуз калган. Ал суроолордун так жообун азыр деле биле албай жатабыз. Абийири барлары "Ош окуясында менин күнөөм бар, каза болгондордун жакындарынан кечирим сурайм" деп кечирим сурады. Болот Шерниязов былтыркы алган генералдык наамдан, депутаттык кол тийбестигинен баш тартып спикерге, президентке арызын жөнөттү. Кеп төркүнү Ош окуясына байланыштуу кимдердин бети кызарып, кимдики бозоргон боюнча, бети бет эмес бетон боюнча тургандыгында. Негизи мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдуу бийлик деген болчу эле, аны эл шайлап, ошо бийликтин айтканын эли муюп укчу эле. Азыр кимди ким угуп кыйратып жатат? Президент бир сөз айтат, парламент башкасын айтат, "момундай кылуу керек" депөкмөт бир жактан чыгат. Бирин-бири колдоп, уккан учурлар чанда. Эмнеге мындай? деп баш маң болгондорго "демократия ушундай болот" деп бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар түшүндүрүп киришет. Кайсы доордо болбосун бийлик, хан, падышалардын заманына сереп сала турган болсок, бийликти чирип кетүүдөн, бузулуп-кыйрап кетүүдөн сактаган өз доорунун акыл кошчулары, салмактуу кеңешчилери болгон.
Маселен, Манаска Бакай кеңеш берип турган. Ошондой эле орус империясынын доорунда Николай1 падышанын бактысына Пушкин элге руханий багыт берип турган. Сталиндин доорунда Булгаков, Пастернак сыяктуу акылмандар чыгармалары менен элге рухий багыт берип багыптыр. Брежневдин доорунда Высоцкий, Бродский дегендер элдин көзүн ачкан. Ал эми Акаев, Бакиев элди кайсы руханий кыйындар менен башкарышты? Айдар, Максим деген "акылмандар" мененби?
Бүгүнкүбүзгө сереп салсак, Отунбаева заманында деле элдин баары баш ийип муюп уга турган руханий журт аталары жоктой. Баары өзүнүкүн туура эсептеп, бири- бирин кыйыктап карап турушат. Ош окуясы боюнча нокот сөз, 7 - апрель окуясы болгондо ок жеп каза тапкандар эл жери үчүн курман болгон патриоттор, баатырлар делинип сый урмат менен көмүлүп, төкмөлөр кошок кошуп аза ырын төгүп турушту эле. Анан капылет Ош окуясы чыгып, анда көп киши каза тапты. Аларды патриоттор дей албай, же баатырлар дей албай убактылуу өкмөт да, коомчулук да бир кызыктай абалда калып, бул тема анча сөз болбой, өкмөт Ошко үйлөрдү куруп, гумжардам таратып, мамлекеттик жеңилдик берип курун моюнуна алымыш болууда. Парламентте да Ош окуясы катуу сөз болду. Оштогу коогалаңдын эч ким билбеген өйдө- ылдыйын, эл укпаган нерселерди билем дегендин баары Жогорку Кеңешке чогулуп катуу жарылышты, катуу "ачылышты". Кыйла беткаптар сыйрылып, кимдин ким экени билингенсиди. Ош окуясына мобу акмактар күнөөлүү экен-деп так далилдер чыкпаганы менен Кудай баардыгына бир нерсени түшүндүрдү окшойт. Согуш кандай шартта, эмнеден улам, кимдер тарабынан чыгышы ыктымал экени билинди. Болгону саясий тараптар, өлкөдөгү ар кайсы күчтөр өздөрү үчүн бир жагдайды тактап алуусу зарыл. Болбосо же "сен ит, мен ит, ал күнөөлүү, бул күнөөлүү" деп биринин мурдун бири жара муштап,"менин элим, сенин элиң" деп кыргызды бөлүп-жарып, ыркырашып акыры Кыргызстан деген өлкөнү жок кылышат. Же улуусун улуудай сыйлап, таарынычы болсо кечиришип, арасынан акылдуу, иш билгилерге жол берип Кыргызстандын жаңы барагын ачышат - мындан башка жол жок.
Сөздүн ачыгы, саясий майданда кимге эмне керек экени такталышы зарыл, кимге акча керек, кимге өлкөнүн келечеги. Муну уялбай этпей эле ачыкка чыгарып саясатта будуң-чаң салып жүргөндөрдүн каалоолору акча болсо акчасын берип тындырып, эми "түшүнүштүк, кечириштик" деп туруп , келечек үчүн күйгөндөр биригүүсү зарыл. Кезегинде каректей баласынан өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюп Сталин немистерге туткунга түшкөн баласын немис генералына айырбаштабай коюптур. Апрелден окуясынан, Ош окуясынан берки ызы-чуулардын, тирештердин логикалык жыйынтыгы ушуга алпарып такоодо. Элдин келечеги үчүн көп нерселерди кечип "атаңды өлтүргөнгө энеңди алпер" деген макалды эске алып, эл үчүн, өлкө үчүн биригүү керек. Кыргыз-өзбек болуп бөлүнгөндөн өлкө эмне утат? Канга кан дегендин арты эмне жакшылык менен бүтөт? Кайсы бир комиссиянын же кайсы бир саясатчынын "тигил күнөөлүү, бул күнөөлүү" деген чечими манилүү эмес. Эң башкысы эч бир тарапта кек калбоо керек. Эгер, кымындай эле кек калса, эртең бүрсүгүнү, беш жыл, он жылдан кийин кайрадан кан төгүү, кайрадан тирүүлөй мууздап салмайлар, кайрадан балдардын күйүк денелери, тарых кайра кайталанат… Мунун кимге кереги бар?
Ошон үчүн кечиримдүү болуп, кекти унутуу үчүн өтө чоң дух, өтө чоң рух керек. Андыктан парламент ичинде депутаттар бири- бирин чукулабай, аягы көрүнбөгөн ызы-чууну токтотуп, бир-бирине жол бошотууга духу жетеби? Бу да күмөн .Ош окуясына байланыштуу Жогорку Кеңештеги итибайы деле, чотубайы деле эл көрсүн үчүн чыркырап өз "чындыгын" айткан болушту. Эми "чындык айтуучулардын" баарын туура түшүнүүгө болот. Алдыда президенттик шайлоо келе жатат, бул бир.
Экинчиден, Акаев учурунда, Бакиев учурунда , Убактылуу өкмөттүн тушунда иштеп калгандар. Алардын ичинде күнөөсү көбүда, күнөөсү азы да бар. Акылы бир аз кемдери жана акылы таптакыр эле жоктору бар. Албетте, айрым депутаттардын бир жыл мурунку коогалаңдан өздөрүнө пиар жасаган жорук-жосундары экрандан байкалып эле турду. Аларды да Кудай жараткан, алардын дараметине шек келтирүүгө эч бир пенденин акысы жок экени талашсыз. Бирок, ошолор үчүн бержакта туруп уялат экенсиң, чиркин. Негизи, парламенттин табияты ушундай ызы-чуулуу болушу керекпи же кыргыз парламенти адетинче жакшы эле жашап кетчү системаны жаман жолойго түшүп алдыбы, айтор Кыргызстан парламенти чукулашып бүтпөй койду. Эртеңкини ойломой, келечекке жол салмай деген жок. Маркум сынчы Салижан Жигитов айтмакчы, биздин саясаттагы "ак сөөктөр" улам эле артын карап "желкеси менен ойлонгонун" кое албай коюшту. Бул ирет да Аксы окуясынын акырына чыкпаган сыяктуу, 7-апрелдеги окуяга тарыхый баа бере албаган сыяктуу, Ош окуясынын да жүзүн ачып, акты ак, караны кара деп айта алышпайт. Бирок, Ош окуясына башкача өңүттө да караса болот. Тигил улут, бул улут, өзбек-кыргыз дейбиз, кудай акыретте кыргыз болгонуна же өзбек болгонуна карап, же кайсы бир комиссиянын чечимине таянбайт, кайсы бир соттун токтомуна карап тыянак чыгарбайт эмеспи. Тирүүлүктө эмнени ойлоп, эмнени сүйлөп, сооп, же тескерисинче күнөө иштерди жасаганына, кандай адамдыгына байланыштуу бейишти же тозокту карай багыттайт. Тилекке каршы андан сестенип, эске алган пенде аз.