кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї


  Күныргак

кайф замандын каарманы
Чек арабыз катуу көзөмөлгө алынбай, койнуна котур таш каткандар каалагандай кирип-чыгып жүргөнү айтылып эле келатат. Анда, чек араны көзөмөлгө албай, жетекчилер эмне кылып жүрүшөт деп башыбыз катчу. Көрсө чек араны кайтарбай эле кызматында спирт ичип, көшүп укташат тура. Болгондо да, чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Турусбековдун мындай күнөөлөрү далилденип жатпайбы. 6-июнда ЖоКе жыйынында аскер прокурорунун орун басары Данияр Эркинбаев "Турусбеков кызмат убагында спирт ичимдиктерин ичип алып уктаарын, офицерлерди кемсинтип, аскер аялдарга наамды нөөмөтүнөн мурда берүүдө кызмат абалын пайдаланганын" билдирди. "Кокуй, мунуңарды кошуналар укпасын. Кыргыздардын чек ара башчылары "кайф кармап" уктаарын билип алып, каалагандай тебелеп-тепсеп киргендер көбөйүп, шылдың болгонубуз эле калды" деген эч ким жок.

"Кереге-ПРЕСС"











??.??