Мектеп "рекетчилигин" ким токтотот?
Акыркы жылдары мектептерде "рекетчилик" күч алып, окуучулар арасындагы сабашуу, айрыкча кыздардын "мушташуусу" көнүмүш ишке айланып бараткансыйт. Алардын арасынан 50 же 20 сом үчүн бирин-бири өлтүрүп койгондор да жок эмес. Мектеп кылмыштуулугун укук коргоо органдары деле, мектеп жетекчилиги деле жаап-жашырып, көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп келатканы баарына эле белгилүү.

Билимде акыркы, кылмыштуулукта алдыңкы
Эгемендүүлүктү алганыбызга 20 жылдын жүзү болуп калды. Мугалимдер, ата-энелер, чиновниктер мектеп окуучуларынын билим деңгээлинин кескин түрдө төмөндөп кеткендиги жана окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун жогорулагандыгын какшап эле келишет. Мисалы: Үч жыл мурун Кыргызстандын эң жакшы окуган окуучулары билим деңгээлин текшерүү боюнча тест тапшырып 57 мамлекеттин ичинен 57- орун алып келгендери маалым. Жакшы окугандар ушундай жыйынтык көрсөтүшсө калгандары тууралуу кеп козгобой эле койгон оң. Ал эми кылмыштуулук жагынан алып караганда алдынкы орундарда экендигин айтпасак да белгилүү. Мисалы, ИИМдин берген маалыматы боюнча кылмыш дүйнөсүнө, мектеп рекетчилигине жыл сайын эки миңге жакын мектеп окуучулары аралашаары белгилүү болгон.

Статистикага ылайык:
ИИМдин статистикасына ылайык, 2009- жылы 1057 жашы жетелек өспүрүм кылмыш жообуна тартылган. Мунун ичинен 512си окуучулар. Жыл сайын жүздөгөн мектеп окуучулары мектеп рекетчилигине, жалпы эле кылмыштуулукка тийиштиги боюнча кармалып, убактылуу кармалуучу жайларда олтуруп чыгышат. Укук коргоо органдары жалпы кылмыштуулуктун 30 пайызы өспүрүмдөргө туура келээрин айтышкан. Мектеп рекетинин коомчулук үчүн, улут үчүн коркунучтуулугун ушундан билиңиз. Ал эми ата-энелердин 32,4 пайызы гана мектеп рекетинин бар экенин билсе, 19, 6 пайыз ата-энелер мектепте андай кескин көрүнүш жок деп эсептейт. Калган 48 пайызы мектеп рекети бар экенин деле билишпейт. Мунун өзү ата-эне баласы же кызынын мектепте эмне кылып жатканын сурабаганынан кабар берет. Ошол эле учурда ар бир үчүнчү мектеп окуучусу мектеп рекети бар экенин танбайт жана аны мойнуна алат. Статистика жүздөгөн балдар мектеп партасынан түз эле түрмөгө түшөөрүн, ондогон балдар мектеп кылмыштуулугунун курмандыгы болуп жаткандыгын эске салат. Бул расмий гана стастистика, а биз билбеген, биз укпаганы канча?

Министрлик милдеттенме:
КРнын Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын берген маалыматы боюнча 2010-2011-окуу жылы ичинде, мектеп рекетин жоюу максатында мектеп ичиндеги терс көрүнүштөрдү убагында карап туруу үчүн 17745 орто мектепте алдын алуу кеңештери түзүлүп, анда коомчулуктан, ата-энелерден, мектеп администрациясынан жана окуучулардан турган 10543 өкүл иш алып барып жаткандыгын маалымдаган. "Рекетчилик", "талап тоноочулук" маселеси боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыгып, ар бир областка жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырма берилгендигин министрлик билдирген. "Буга ылайык ата-энелер, айыл активдери окуучулар менен биргеликте чогуу иш алып барып, тартип бузган балдарды катуу жазалап, аларга дайыма тартип маселеси боюнча сабак өтүлүп турушу керек"-деп белгилейт билим берүү министрлигинин кызматкерлери.

Кокуй, коркунуч каптап келатат
"Кыргызстандын мектеп окуучуларынын билим деңгээли, алардын түшүнүгү, ою коом үчүн коркунуч жаратууда" -деп тынчсызданган жаш балдар психологу Марина Литвинова акыркы убактарда окуучулардын арасында "Жакшы окуунун кажети жок, канчалык жакшы окубайлы, баары бир өнүгүү жок" - деген түшүнүк пайда болгонун айтат. Азыркы окуучулар "мектепти бүтүрүп, ЖОЖга тапшырганда баары бир пара алышат, зачет, экзамен бардыгы акча менен бүтөт, аягында дипломду сатып алышат. Окууну бүткөн соң, кимдир бирөөлөр тарабынан кызматка орношот да, иштей берет" -деген түшүнүк менен жашап калышты деп билдирет.


"Конец света" деген балээ башталды
Ысык-Көл районунун бир мектебинде (азырынча мектептин атын атабай турууга себептер болууда) жакынкы күндөрү эле бүтүндөй бир жогорку класстын окуучулары "2012-жылы "конец света"-болот деген шылтоо менен, азгырыктанбы же акылсыздыктанбы, айтор жалпы жыныстык катнашка барышкан. Бул тууралуу мектепте дүрбөлөң болуп, комиссия түзүлгөнү жөнүндө маалымат тарады. Учурда болгон окуянын үстүнөн изилдөөлөр жана тактоолор жүргүзүлүп жатат. Окуучулардын мындай адепсиздигин өз убагында токтотуп, тиешелүү чара көрүлбөсө, "конец света" деген балээ окуучулар арасында кеңири жайылып, анык кыямат кайым болчудай. Бул туурасында иликтөө иштерибизди баштадык. Кененирээк кийинки сандарыбызда окуй аласыздар.

Айнек сынып, ок атып…
2010-жылдын 28-сентябры күнү борбордогу эки мектептин ортосундагы болгон кагылышуу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Укук коргоо органдарынын берген маалыматы боюнча №2- мектептин 50 дөн ашуун 10- жана 11- классынын окуучулары № 38- мектептин терезелерин таш менен талкалап, окуучуларына кол салгандарын айтышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, "разборканы" токтотууга аракет кылышкан. Мектеп окуучулары каршылык көрсөткөнүнөн улам, милиция кызматкерлери асманга бир нече жолу ок чыгарышкан. Ондон ашуун окуучулар ар түрдүү жаракат алышып, мептептин коргоо кызматкерлери сабалган.

Жигит талашып жиниккендер:
Акыркы убактарда кыздардын мушташуусу модага айланып баратат. Интернет булактарында кыздардын согушууларынын видеолору жайма жай жайылууда. Буга жакында эле болуп өткөн №54 мектептин 8-классында окуган кыздарынын мушташы мисал боло алат. Беш кыздан турган топ, өзүнүн классташ кызын чачынан жулуп, башка, ичке тепкилеп катуу сабашкан. Кордук жеген кыз башынан жаракат алып, катуу корккондон кекечтенип калган. Жабыр тарткан кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. №54- мектептин беш кызына кылмыш иши козголуп, мыйзамга ылайык, сот иштери жүргүзүлсө кыздардын 5 же 7 жылга эркинен ажыроосу мүмкүн экендигин билдиришкен. Мектеп окуучуларынын айтымында, аталган мектепке башка жактан жаңы которулуп келген кыз мектептеги жигиттердин көңүлүн буруп алгандыгы үчүн "чоңмуштум" беш кыз өч алып, сабашкан.

Нургүл ИБРАЕВА