"Кыргызстандагы эң пайдалуу бизнес-
төө куш багуу"
Ырас, элибиз кырдаалга жараша кам көрүп, жашаштын терең сырын ар тараптан үйрөнүп келет. Дегеним, бүгүнкү каарман Шамудинов Күнбоосун сегиз жылдан бери төө куш багып, анын пайдасын көрүп келет. Албетте, мындай нерсе Кыргызстандагы жападан жалгыз чарбачылык болгондуктан, көпчүлүктүн көңүлүн буруп, атургай коңшу Казакстан, Тажикстан, Россиядан да кызыгып келгендер жок эмес.


Сегиз жылдагыс екирик
Чарбанын негиздөөчүсү Шамудинов Күнбоосундун айтымында төө куш бизнеси менен алектенгенге быйыл сегиз жылдын жүзү болуптур. "Чарба жүргүзүүдөн мурун "Кыргызстанга төө куштарды алып келсем кандай болот?" деген суроо көп ойлондурду. Алгач төө куштар жөнүндө маалымат топтогонго кириштим. Китептерден, гезиттерден дегеле баарын карап, Москвадан төө куштар жөнүндө диск алып келип көрдүм, кызым болсо интернет булактарынан маалымат алып, мага жардам берди"-дейт Кунбоосун мырза. Баардыгын терең изилдеп чыккан соң, төө куш бизнеси пайдалуу экендигин түшүнүп, Кыргызстанга биринчилерден болуп, Африкадан үч түрлүү алты төө куш алып келип, чарбачылыгын баштаган. Учурда алардын саны отуз сегизге жеткен.

Жумурткасы 3000 сом, өзү 3000 доллар
"Бул чарбачылыктан эмне пайда таптыңыз?" деген суроого Кунбоосун мырза: "Төө куштардын өзүнө караганда, жумурткасынан көп пайда түшөт. Бир жумурткасы үч миң сом, ал эми өзү болсо, үч миң доллар. Жакында эле Казакстандан кишилер келип сатып алышты. Ошондой эле Тажикстан, Россия өлкөлөрүнө сатылат. Бир жумурткасын бышырып жесең он-он беш киши кенен тоёт. Ал эми бышырылышы тооктукундай эле бышат, даамы кадимки жумурткадай. Булар үч күндө бирден тууйт, бирок башка канаттуулардай жумурткасын коргоо деген сезим жок. Жылына алты жүз жумурткалуу болушат. Бул менин кирешем, мен үчүн алып келген пайда"-дейт.


"Музыка укса кадимкидей бийлешет"
Күнбоосун мырза чарбачылыктан тышкары жумушу көп болгондуктан бул жандыктарды багуучуларга дайындаган. Төө куштардын сырын да, "тилин" да билген багуучу Чакчаев Эдил мырза төмөндөгүлөрдү айтып берди.


- Сиздер баккан төө куштардын башкалардан не өзгөчөлүктөрү бар?
Төөкуштар бийиктиктен, ошондой эле секиргенден абдан коркушат, себеби салмагы 120кг келет. Негизинен 60-70жыл жашайт. Бардык тарабынан өтө пайдалуу жандык. Айталы, канаты артисттердин үкү топусуна керектелет. Музыка болгондо кадимкидей ары-бери чуркап бийлешет.
- Союп, этин колдонуп көрдүңүздөр беле?
- Албетте, этин колдонобуз, эти катуу, жылкыныкындай келет. Ал эми союлушу да кадимки эле малдыкындай, алгач мууздалып анан териси сыйрылат. Негизинен төө куштарды кармоодо бир гана адамдын алы жетпейт, үч-төрт кишинин жардамы менен кармалат.

- Үйүрүнүн курамы кандай түзүлөт?
- Негизинен бир эркегине үч ургаачысы туура келет. Биз баккан төө куштардын көбү ургаачы, булар өзүнчө бир короодо турат. Бир жаш, эки жаш деп жети жашка чейин жаштарга бөлүп клеткага өз өзүнчө киргизилет. Эркек төө куштар ургаачысынан бир топ айырмаланып, өңү кара жана чоң келишет. Кадимки короздой эле эркектери бири-бирин чукушат, тебишет. Мындай учурда үн салып кыйкырып коёбуз. Себеби, алар катуу кыйкырык, катуу добуштан коркушат. Көбөйүшү да кызык. Өзгөчөлүгү жумурткасын өздөрү басып чыгарбайт. Эки жаштан баштап жумуртка тууй баштайт. Андан соң Сокулукка алып барып инкуватордон бастырып чыгарылат, ал эми жумурткадан жаңы чыккан жөжөсүнүн көлөмү тооктой.
- Азык, жем берүү эрежеси, багуу системасы кандай?
- Булардын азыгы беде чөбү, ошондой эле тооктун майдаланган жумурткасы. Ар бир нерсени майдалап беребиз. Бир жакшы жери капуста, сабиз сыяктууларды жей берет. Жемине балык кошуп беребиз. Yч күндө бир жем жасалат, алдында дайыма суу, майдаланган чөп турат. Ар бири бир күндө эки жарым түк чөп жана бир киллограммдан жем жейт. Малга караганда аз азыктанышат, убарасы да жеңил. Багуу системасы эртең менен саат сегизде жем берилет, эки саатта бир чөп салынып турат. Кыгы жер семирткич катарында колдонулат, отун болуп берет.


даярдаган
Жибек Асан кызы




Мукен абамдын жаркын элесине арнайм
Турмуш деген чоң дайранын кезеңин
Тагдыр буйруп ушул үйдөн кечкемин
Жашым өтүп жаткан сайын кылчактайм
Кайрычудай өткөн өмүр кечтерин

Сизди узатып, шум ажалга алдырган
Унутулбайт өткөн күндүн издери
Көз алдымда Жеңем кандай жаш эле?!
Нурчик, Жаку болчу "сары ооз балапан"
Айрылышуу кандай оор болсо да
Туугандар да боор этинен айрылган

Андан бери жылдар суудай агылды
Мезгил өзү кармалбачу агымбы?
Темир канат балапандай жетилип
Жеңеке, эми көргүң, көрбөй калган бакытты…

Жок болсо да, абам бүгүн төрүңдө
Канча адамдын жүрөгүндө,. Көңүлдө
Эрнисбайым, арнап келген ак тулпар
Кут киргизсин, куттуу ушул үйүңө

"Баягынын уулу болчу" дедирип
Балдар болсун биздин тирек-таяныч
Ынтымактуу, алга бара берели
Шум ажалдан ушинтип өч аларбыз

Турусбек, Гүлнара