кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї

"Альфачыны" аңтарып
Узаган аптада борбордогу "Челси" диско-клубунда УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкери Чыңгыз Сулайманов менен "Батон" кличкасындагы спортсмен (чыныгы аты Бактыяр) уруша кетишип, жаңжалдын акыры "Альфачы" Чыңгыздын (башы менен жол жээгиндеги ташка тийип) өлүмү менен аяктаганын, учурда өлүм себепкери, килейген "Альфачыны" биротоло "уктаткан" "Батон" камакка алынгандыгын эшиттик. Окуянын чын-бышыгын, кай өңүттө болгондугун, чырдын эмнеден улам чыккандыгын УКМКга жолдоп турубуз. Анык, бышыгын тастыктап коюңуздарчы, комитетчилер?




  Күныргак

Бекназаров+
рекынова=???
Азимбек мырзанын айланасын уу-дуу кеп чулгап турбаса коңултуктап калаары анык. Андыктан дагы бир кептин башы кылтыйып атат. Ошол кепти "Чапай" баатырдын өзүнөн сурап коёлу дедик. Балким, жооп берээрсиз Азимбек мырза? Мегакомдун артындагы сөлкөбайларга кийлигишүүдө сиздин салымыңыз үлкөн дешет. Себеби аталган компаниянын директорунун кеңешчиси болуп иштеген Раушан Рекынова деген айым былтыркы парламенттик шайлоодо сиздин БЭК партияңыз аркылуу 4-тизмеде туруп шайлоого аттанган өнөктөшүңүз болгону анык. (Айтмакчы, Раушан Рекынова мурда кыргыз саясатында Роза Качиева деген айым экенин, аты-жөнүн кийинчерээк өзгөрткөнүн, атургай ага казак тараптан издөө жарыяланганын ММКлар жазып чыгышты.) Айтыңызчы, Раушан Рекынова экөөңүздөрдүн кандай байланышыңар бар? Эмне үчүн ал сиздин партияңыз аркылуу шайлоого аттанды? Же буга сиздин таптакыр тиешеңиз жокпу? Билесиз, кыргыз саясатында шайлоого аттаныш үчүн өтө чоң аброй же болбосо оголе калың капчык керек. Демек Раушан Рекынова сиздин партияңызга кайсыл өңүтүндө кошулган? Аты-жыты белгисиз Раушан Рекынова сиздей беделдүү адамдын партиясына кошулуп жатса, болгондо да эң алдыңкы тизмеге кирсе, анан да ал айым чуулуу Мегакомго тиешеси бар болуп жатса, ар кандай ойлор кетет экен. Акча жыттанып аткан жокпу, Азимбек Анаркулович? Балким, түкшүмөлдөтпөй өзүңүз ачык жооп берип коёрсуз?

"Кереге-ПРЕСС"











??.??