Шайлоодон кийинки ойлор

Представительство "Internews Network" в Кыргызской Республике реализует проект iVote ("Я голосую"). В его рамках был объявлен грантовый конкурс на создание теле-радио, печатных и он-лайн материалов. Медиа проекты должны освещать подготовку к выборам, ход избирательной кампании, процесс голосования и результаты. При этом цель подготовленных материалов - не агитация, а информированние кыргызстанцев о правовых, социальных, гражданских, политических и других вопросах, связанных с выборами.
Грантовые материалы могут быть произведены на кыргызском, русском и узбекском языках. Предпочтение было отдано проектам, предполагающим исполнение сразу на нескольких языках. На основе вышеуказанного городская общественно-политическая газета "Жалал-Абад уну" участвует в проекте представительства "Internews Network" в Кыргызской Республике "Я голосую".


"Той да, тойдун эртеси да болоор" демекчи, көпчүлүктү түркүн ойго салып түйшөлткөн Кыргыз Республикасынын Президенти шайланып, келе жаткан 1-декабрь күндөн официалдуу түрдө ишке киришүү аземи өтүүсү күтүлүүдө. Ошентип Кыргыз Республикасынын Президенти болуп, көпчүлүктүн добушу Алмазбек

Шаршенович Атамбаевге таанылганын Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы журтка жарыя салды.

Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүү жылдарында эң эле көп шайлоолорду башынан өткөрдү, ошентсе да ар шайлоо өткөн сайын ушул шайлоо эң таза жана акыйкат өттү деген ойду элге таңуулоо мурдагыдай эле күчүндө.
Ал эми шайлоо кандай өттү, кемчиликтер кеттиби же баардыгы ойдогудай болдубу деген суроонун тегерегинде "Таза шайлоо" ассоциациясы тарабынан 18-ноябрда уюштурулган тегерек столдо бир топ маселелер талкууланып, ийри олтуруп түз кеңешкенге шарт түзүлдү.
Катышуучулар ар тармактан болгондуктан баарлашуу учурунда талаш-тартыш маселелери козголуп, бир топ көйгөйлөргө көз ачылгандай болду, анда эмесе талкуу учурундагы ойлорду ортого салабыз жана окурманды кошумча айтаар ою болсо биз менен байланышууга чакырабыз.

БШКнын Жалал-Абад аймагы боюнча өкүлү, Амирбек Атакулов:
- Негизинен республика боюнча эң көп нааразычылык шайлоочулардын тизмеси боюнча болду. Айтайын дегеним бул тизме 20 жылы бою жүргөн, аны участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жакшы карабаган. Ал эми ГАС-шайлоо системасында программа өзү эле салыштырып, сорттоп, баардык жагынан окшош шайлоочулардын тизмеси бирден ашык боло турган болсо, анда ал программа өзү эле бирөөсүн калтырат. Мисалы, шайлоочу келип өзүн Даминов деп издеп, тизмеден таппай калган да арызданган, жакшылап издегенде шайлоочунун аты жөнү Доминов болуп жазылып калган, мына ушундай учурда демек шайлоочунун аты жөнүн туура жөндөп, программага киргизбеген адамды күнөөлөсө болот.
Кээ бир шайлоо участкаларында 900 же 1000ден ашуун шайлоочу болуп кезек күткүсү келбей кетип калгандар да аз болбоду. Бирок, чынын айтканда мына мен көп эле шайлоолорду баштан өткөргөн жаран катары айткым келет, салыштырмалуу шайлоо айкын өттү, административдик ресурс колдонулган жок. Шайлоонун жүрүшүндө абдан одоно мыйзам бузуулар катталбады, арыз-даттануулар бизге түшкөн жок. Кошумчалайын дегеним атайын чакыруу баракчасын (извещение) шайлоочуларга таратып кереги жок деп ойлойм, анткени шайлоочуларга ар тараптан массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен эстен чыккыс болуп 30-октябрь шайлоо күн экени миң кайталанып айтылды, адекваттуу жаран өзү деле укугунан пайдалануу үчүн шайлоого барышы шарт. Бизде жарандык активдүүлүк жок, ушул багытта жумуш алып барылыш керек. Ал эми шайлоо учурунда канчалаган байкоочулар, тартип сакчылары, элдик кошуундун өкүлдөрү, талапкерлердин жактоочулары деген канчалаган ак көз, кара көз карап турду, алар да ойлорун айтышат деп турамын. Жергиликтүү бийликке жана укук коргоо органдарына ыраазычылыгымды билдиремин.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси, Кочкоралы Калыбеков:
- Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү процесстеринде жергиликтүү бийлик баардык шарттарды түзүү жана көмөк көрсөтүү багытында өз деңгээлинде иш алып барды деп баса белгилеймин. Ал эми тизме боюнча бизде да абдан көп маселелер болду, жазылган жаңы мыйзамдын сыясы кургай электе эле кошо жарышып шайлоонун жүрүшүн уюштуруп өткөрдүк. Менин оюмча шайлоону уюштуруп өткөрүүдөн эмес, көпчүлүк талаш маселени мыйзамдан издегенибиз туура болмок. Бизде шаар тургундарынын ичинен диний ар кандай секталардын адамдары бар, мына ушул атуулдар шайлоо күнү шайлоого келип, колун маркировкалоодон (колуна сыздыргандан) баш тарткышкан, алардын айтымында колуна сыздырганга диний көз карашы жол бербейт экен. Бирок ал баш тартканы менен конституциялык укугумдан пайдалана албадым деп нааразы болгон учурлары да кездешет. Уюштуруу учурунда мурдатан эле салт болуп келе жаткандай участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө мугалимдер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана маданият кызматкерлери көп тартылат экен. Анткени буларды кагаз ишине так жана сабаттуулугу менен айрымаланат дешеби же бюджеттик тармактар болгондугунанбы айтоор, бизде бир эле мектептен 6 мугалим шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгондугунан жумуштан бошотулганга туура келген. Ал деген сөз бир мектептен 6 мугалим жумушка келбесе, сабактар кандай өтүлөт деген маселени сөзсүз пайда кылат. Ал эми шайлоочулардын тизмеси боюнча аткарылган жумуш абдан эле оор болду, бирок кийин өмүр бою бир эле шайлоо участогунан шайлап жүргөн жарандардын тизмеси ал шайлоо участогунан чыкпай калган учурларды ГАС-шайлоо программасынан деп түшүндүрүштү.
Участкалык шайлоо комиссиясына мүчө болгон кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү кайдыгер мамиле жасап, иштебей эле койду. Муну мен аларга атайын каржылоо болбогондугу деп белгилейм, анткени участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы экөөнө эле айлык маяна каралат.

ЦПГО коомдук фондунун юрист-кеңешчиси, Нурбек Касымбеков:
- Алыс кетпей эле жакынкы 2007-жылдан бери алып караганыбызда 4 жолу мамлекеттик деңгээлдеги шайлоолор өттү. Парламенттик түзүлүштү тандап, кайрадан мыйзамдарды карап жатканда биз:
- кошумча тизмени алуу;
- көчмө ящик ыкмасын жана бир күн мурда добуш берүүнү мыйзамдан алуу керек деп сунуштадык.
Сунуштар эске алынып, ушул эки көрүнүштүн жардамы менен көп эле мыйзам бузуулар аткарылгандыктан, буйруса эки илдеттен арылдык. Ал эми тизме боюнча, азыр Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында шайлоочулардын республика боюнча тизмеси чыкты. Мен өзүмдү тизмеден көрө албадым, ошондуктан 20-октябрга чейин шайлоо участогуна барып, арызымды жазып катталып коюп, кийин карасам сайтта тизмем турат. Бирок, шайлоо күнү шайлоо участогунда мени тизмеден таппай абдан убараланышты, көрсө мен арыз менен катталгандардын тизмесинде экенмин, аны издеп жатып араң таптык. Менин абалымдагыдай учурга туш болгон башка жарандар демек мен тизмеде жок экенмин деп кол шилтеп кеткенине ишенемин. Анткени мен өзүм юрист болуп туруп, баардык мыйзамдагы талаптарды аткардым, көпчүлүк тизмеге киргени арыз толтурууга да барбаса керек.

Polit.kg сайтынын кабарчысы, Эсен Шишкараев:
- БШКнын өкүлү жергиликтүү бийлик менен укук коргоочуларга ыраазылыгын билдиргенине таң калдым, алар өз милдеттерин гана аткарышты да. Ал эми Бахтияр Турсунбаев маалымдаган №14, №3 мектептеги инциденттер эмне үчүн катталбаган жана К.Ташиевдин жактоочулары көз карандысыз байкоочуларга басым көрсөткөнү жана ал байкоочу арыз жазып, өзү куугунтукталуудан качып жүргөнүн билбеген укук коргоо кызматкерлерине эмнеге рахмат айтуу керек?-деген суроолор менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулунун ишенимдүү өкүлү Афтандил Мусурманов:
- Менин айтаарым мыйзам абдан эле чийки бойдон жалпы журтка таңууланды, мына сиздер да белгилеп кеткендей өмүр бою жашаган адамдар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тапкан жок. Ал эми ушул мыйзам талкууланып жатканда шайлоо учурундагы кемчиликтер болоорун алдын ала айткан элек, бирок Конституцияны каалагандай жазган Өмүрбек Текебаев: "Шайласа шайласын, шайлабаса жок"-деп шайлоочуларга өзүнүн чийки мыйзамын таңуулады деп жеке эле мен эмес, көпчүлүк карапайым калк нааразылыгын билдирүүдө. Менин бул шайлоодо байкаганым талапкерлер өздөрүнө үгүтчүлөрдү алганда б.а. агитаторлор негизинен эле каны суюк жаштар болууда. Талапкерлердин үгүтчүлөрү бири-бири менен кайым айтышкан же агитаторлордун разборкасы болгон учурлары көп эле болду. Өзүңөр карап көргүлөчү, шайлоочулардын тизмеси 3 млн. болуп атса, сыртка эмгек мигрант болуп кеткен жумушка жарамдуу атуулдарыбыздын саны 1 млн.дон ашып жатса, анда өзү шайлоого укуктуу болгон Кыргызстанда канча калк жашайт. Менин оюмча абдан эле баш айлантмасы көп, карапайым адамдардын укугун каалагандай тебелеген эле шайлоо болду. Чынын айтканда көпчүлүк өзүнүн көз карашын келбей коюп билдирди, анткени шайлоонун жыйынтыгы белгилүү эле. Көпчүлүк өз арабасын өзү тартып, өкмөттү карап маселебизди чечип берет деп ниет деле кылбай калган. Мисалы менин уулум Россияда ошонун жардамы менен тирилигибиз өйдөлөнүп келет, бизге окшобогон үй-бүлө биздин өлкөдө аз. Эми ошо байкуштар бир жакшы жумуш таап, өздөрүнө да жетип, андан ашканын бизге жөнөтсөчү, жок антип эмес өздөрүнөн аяп, ашырып, анан жөнөтүп жатпайбы. Анан эмне үчүн шайлоочулардын тизмеси жашоочулардан да көбөйүп кетет?

"Таза шайлоо" ассоциациясынын аткаруучу директору, Айнура Усупбекова:
- Урматтуу, тегерек столдун катышуучулары, менин айтайын дегеним, шайлоо өткөндөн кийин убакыт өткөрүп, анан маектешсек деген элек. Анткени, шайлоо өтөөрү менен ар бирибизде эмоция деген болот, ошол эмоциянын туткунунда балким туура баа бере албай калат белек. Ошондуктан бир аз кечеңдетип бул чогулушту өткөрүп жатабыз, өз кезегинде шайлоонун жыйынтыгы менен мыйзам чегинде көпчүлүктүн добушу менен Алмазбек Атамбаев Президент болуп шайланганын БШК жарыялады. Ал эми биздин уюм да, бул шайлоо мурдагыга салыштырмалуу мыйзам бузуулары аз, тиешелүү уюшкандыкта өттү деп бааладык. Шайлоо бүттү, шайлануучу шайланды деп кийинки шайлоого чейин кол куушуруп олтурганыбыз болбойт. Биз азыртан шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдын кайсыл жери чийки жана кай учурда жарандардын нааразылыгы көп болгонун тактап, азыртан мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү сунушташыбыз керек. Менимче, мыйзамдын шашылыш кабыл алынышы жана ал мыйзам менен жарандар эле эмес, учаскалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жада калса кээ бир БШКнын мүчөлөрүнүн да толук жеткиликтүү тааныштыгы жоктугу болду окшойт. Ал эми чакыруу кагаздарын жөнөтүп кереги жок деп айткан БШКнын өкүлү Амирбек Атакуловго мен айтаар элем, шайлоо боюнча мыйзамдын 15-беренесинде чакыруу баракчасы эки жолу шайлоочуга жеткирилип берилет деген жери бар, биринде шайлоочу барып өзүн тизмеден тактап алуусу боюнча кулактандыруу, ал эми экинчисинде шайлоочуга сиз тизмеде барсыз, көрсөтүлгөн шайлоо участкасына белгиленген күнү добуш берүүгө келиңиз, дегенди билдирген чакыруу кагаз болуусу керек. Ошол эле учурда добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмеси атайын тигилип, такталып, мөөр басылып турушу керек болчу, мыйзамда ошондой жазылган.
Бул маселеге көп деле маани берилбей тизме жазылган баракчалар бош бойдон иштелип жатты. Ал эми шайлоочулардын тизмеси боюнча абдан чоң Улуттук компания иштеш керек болуп жатат. Ошол эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө катчы, төрага деп бөлбөй, дээрлик баарына маяна берилиши керек эле, ошондо кайдыгер мамиле болмок эмес. Силерде кандай болду айта албайм, бирок башка кээ бир аймактарда БШКдан жөнөтүлгөн өкүл өз милдетин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен аралаштырып, талашып-тартышып жатышты. Материалдык техникалык жабдуулар да көңүл жылытаарлык болгон жок, борборлошкон жерлерде гана жетишээрлик болбосо алыскы өрөөндөрдө жетишсиздик болду. Эми жер-жерлерден ой-пикирлердин, сунуштардын топтомун жана өлкө боюнча 19 мамлекеттик уюмдун маалыматын чогултуп тыянак чыгарабыз.
Баарлашуунун жүрүшүндө ар бир катышуучу өз оюн ортого салып жатты, бир топ жаштар көз карандысыз байкоочу болуп иштегенин жана аларды учаскалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, олтурган жеринде олтур, ордундан жылба, биз сени чыгарып жиберебиз деген сөздөр менен асылып жатышканын билдиришти. Алардын айтканына БШКнын мүчөсү Амирбек Атакулов, жаңы мыйзам боюнча көз каранды эмес байкоочу мурда бир ордунда гана олтуруп байкоо жүргүзгөн болсо, ал эми азыр жолтоо болбой басып жүргөнгө укуктуу. Демек, бул укугуңардан пайдалана албасаңар, анда өзүңөр укугуңарды билбейсиңер деп белгиледи. Ушул сыяктуу бир топ маселелер талкууланды.

Аймончок Алмаз кызы