Ислам тарыхынан таберик "тамчылар"
Алгачкы мусулмандар
Белгиліі болгондой, Аллахтын элчиси Исламга чакырууну өзінін ій-білөсінөн жана жакын жоро-жолдошторунан баштаган. Натыйжада анын дааватына бир аз адамдар оң жооп берип, Исламды кабыл алышты. Башкалардан озуп, эң биринчи мусулман болгондор төмөндөгі инсандар:
1- Расулуллахтын аялы Хадича Хувейлид кызы (Аллах андан ыраазы болсун!)
2-Расулуллахтын абасы Абу Талиптин уулу Али (Аллах аны Бейиште урматтуу кылсын!) Али Исламды кабыл алган учурда эми гана ош жашка чыккан бала болчу
3-Аллахтын элчисинин кызматкери жана бакма баласы Зейд ибн Хариса (Аллах андан ыраазы болсун!)
4-Аллахтын элчисинин эң жакын досу Абу Бакыр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун!)
Абу Бакыр Сыддык улук пайгамбардан ілгі алып, адамдарды Исламга даават кылды. Исламды кабыл алууга макул болгон кишилерди Расулуллахтын алдына баштап келе берди. Ошентип, Абу Бакыр себептіі Расулуллахтын колунда Осмон ибн Аффан, Зубайир ибн аль-Аввам, Абдур-Рахман ибн Ауф, Саад ибн Абу Ваккас (Аллах бардыгынан ыраазы болсун) сыяктуу кадырлуу инсандар Ислам динин кабыл алышты. Исламга бардыгынан озуп, эң биринчи кирген ушул сахаабалар (пайгамбардын достору) Аллах Таалага чын ихлас менен ыйман келтиришип, Аллах ічін гана ибалдат кылышты жана башка адамдарды да Ислам динине даават кылышты. Бирок, даават кызматы жеңил болбоду. Аларга Курайш каапырлары өтө оор азаптарды көргөзді. Ошентсе да мусулмандар өз ишенимдеринен тайбастан, акыйкат жолдо чыдамкайлык менен бекем турушту.
Күндөн кымбат, Айдан абзел
Аллахтын элчиси (Аллах андан ыразы болсун!) Ислам динине ашкере тірдө чакыра баштаганда, бардык элдердин катарында Курайш уруусунун улук даражалуу бийлерин, бай-манаптарын дагы Исламга даават кылды. Бирок, алар Исламды кабыл алуунун ордуна кайра Аллахтын элчисин шылдыңдашып "жалганчы" деп доомат кылышты, сөздөрі, пейилдери менен ар тірдіі кордуктарды көргөзішіп, жіргөң жолуна тикенектерди, кырдуу таштарды чачып жибергенге чейинки душманчылыкка барышты. Ал бетпактар ушуну менен тим болбой, улук пайгамбарга "сыйкырчы", "мажнун" (акылынан адашкан) деген ылакаптарды коюп, адамдарга аны ар кандай жолдор менен жаман көргөзіігө аракеттеништи. Ал эми, алардын митаамдыктарына ишенбей, улук пайгамбарга ээрчиген адамдарды ар тірдіі азаптар менен кыйноого ала башташты. Бирок, Аллахтын элчиси баш болгон мусулмандар Ислам душмандары тарабынан ар канча кыйноолорго учураса да, чыдамкайлык жана сабырдуулук көргөзіп, акыйкат жолдорунан кайтышпады. Курайш каапырлары Аллахтын элчисин зордук-зомбулук менен токтотуп болбосуна көздөрі жеткен соң, байлык жана бийлик менен сатып алууга аракеттеништи. Кіндөрдін биринде дал ушул максат менен Абу Талиптин ійінө Абу Суфян, Абу Жахыл жана Валид ибн Мушра жетектеген жоон топ Курайш бай-манаптары менен өкімзор кишилери кирип келишип мындай дешти: "Эй, Абу Талип! Ікөңдін баласына айт: "Аллах - жалгыз кудай" деген дааватын токтотсун! Биздин "Лат", "Хубал", "Узза", "Манат", сыяктуу кудайларыбызга тил тийгизбесин! Мейли, кааласа мындай келишим түзөлү: ал дагы биздин кудайларга сыйынсын, биз дагы кээ бир учурда анын дини боюнча сыйыналы, кезек менен. Эгер ушуга макул болсо айт, кааласа мал-дійнө чогултуп берели. Арабыздагы эң бай адам болсун. Эгер биздин эң улук падышабыз болууну кааласа, мейли, өзібізгө падыша да кылып алалы". Бирок, улук пайгамбар бул сунушту укканда, аны чечкиндіілік менен четке кагып, мындай жооп берди: "О, абаке! Аларга айтыңыз, Кудай акы, мен бул сунушка макул эмесмин! Эгер алар Кінді оң тарабыма, Айды сол тарабыма коюп: "Эми ушул дааватыңды токтот" дешсе да бул ишти эч таштабаймын! Же Аллах Таала мени өз максатыма жеткирет, же болбосо, ушул максат жолунда жанымды беремин!" Бул катуу жоопту уккан соң Курайш мушриктери Аллахтын элчисине жана башка мусулмандарга көргөзгөн кысымдарын, куугунтуктоолорун ага бетер кічөтті. Макка мушриктеринин ташбоорлугунан тіңілгөн Аллахтын элчиси Таиф деген шаардын элине іміт байлап, аларды даават кылуу ічін барды. Бирок, Таиф шаарынын аким-өкімдөрі дагы анын дааватын укпай коюшту. Анын ордуна жаш балдарын тукуруп, Аллахтын элчисин таш менен урдуруп, шаардан айдап чыгышты. Улук пайгамбардын эки кызыл ашыгынын ылдыйына (тапанына) таш тийип, кызыл каны жайылып, шаардын сыртында чырчап-чаалыгып отуруп калды. Ошондо ал өтө ызааланып, колун бийик көтөріп Раббисине мындай деп дуба кылган эле: "О, Раббим! Менин коомумду ?зің туура жолго баштагын жана аларды кечиргин! Анткени, алар мен даават кылган нерсе өздөрінө пайдалуу экенин билбей жатышат!".
Ошентип, улук жана боорукер пайгамбар ушунчалык каршылыктарга жолугуп, ар канча азаптар башына тішсө да чыдамкайлык жана сабырдуулук менен адамдарды даават кылуусун токтотпой, алга карап умтула берди.
Билал ибн Рабах
Билал ибн Рабах, Умайя ибн Халаф деген каапырдын кулу болчу. Кожоюну Билалдын Исламга киргенин билип алып, ачуусу шекердей кайнады жана анын мойнуна аркан салып сійрөп, ээн талаа, эрме чөлгө чыгарып, чалкасынан жаткырып койду дагы, олчойгон чоң таштар менен көкірөк-кардын бастырып азап берди. Билалдын астынан кайнак кум, істінөн ысык жана катуу таш азап бергени жетпегендей, кожоюну аны өрілгөн камчы менен сабап: "Исламдан кайтасың, буттарга сыйынасың!" деп мажбурлай баштады. Билал болсо, өзінө руханий азаттык берген Ислам дининен кайтууну кыялына да келтирбеди. Жеке-Жалгыз Аллахка ибадат кылууну көптөгөн таш-кудайларга алмаштырууну каалабай "Ахад, Ахад" (Аллах-жалгаз, Аллах-жалгыз) деп, сабыр кылып жата берди. Билал ибн Рабахка Аллахтын ырайымы келди жана ошол жерден өтіп бара жаткан Абу Бакир Сыддыктын дилине "Билалды сатып алып, азат кылып жиберіі керек" деген ой-пикирди салып койду. Абу Бакир дароо бул оюн ишке ашырып, Билалды Умайя ибн Халафтан сатып алды жана азат кылып жиберди.
Азат Момун




Фатваа бурчу
Суроо: Мага эки адам иш сурап келсе, бири мусулман, экинчиси мусулман эмес. Бирок мусулман эмесинин адистиги жогорураак. Кимисин ишке алганым дурус?
Жооп: Аллах Таала айткан: "Ыймандуу кул (эркин) мушриктен (каапырдан) жакшыраак, эгер ал (каапыр) силерди кызыктырып калса дагы" ("Бакара" сірөсі. 221-аят).
Суроо: Эгер мен адамдарды ишке жалдап, алар менен өздөрінін ыраазычылыгы боюнча өкмөттік токтомдорго дал келбеген шарттарды тізсөм, маселен өкмөттін токтому боюнча кінімдік иш сааты 8 саат болсо, мен 12 саат иштетсем, же болбосо, дем алыш кіндөрін белгилөөдө мамлекеттин дем алыш кіндөрінөн башка кіндөрді тандасам болобу?
Жооп: Белгиліі болгондой, эгер инсандын башчысы болсо жана ошол башчы аны кінөө эмес иштерге буюрса, башчынын айтканын аткаруу ага парз болот (ошонун сыңарындай өкмөт - бул букаралардын башчысы). Демек, ишкер адамдар кінөө болбогон иштерде мамлекеттин мыйзамдарына дал келбеген келишимдерди тізгөні жакшы эмес. Аллах Таала айткан: "Эй, ыйман келтирген адамдар! Аллахка, Аллахтын элчисине жана өзіңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула" ("Ниса" сірөсі, 59-аят).
Суроо: "Сакал" деп эмнеге айтылат?
Жооп: "Сакал" деп адамдын ээгинде, эки бетинде жана беттердин чыкыйында іскін тіктіргі айтылат. Мурут сакалга кирбейт.
Суроо: Сакал коюунун Шариаттагы ікімі кандай?
Жооп: Сакал коюу пайгамбарыбыз катуу буйурган сінніт амал. Ал эми пайгамбар эмнени буйурган болсо, аны аткаруу - парыз. Анткени, Аллах Таала айткан: "Пайгамбар силерге эмнени берген (буюрган) болсо - дароо алгыла, жана силерди эмнеден кайтарган болсо - дароо кайткыла жана Аллахтан корккула!" ("Хашр" сірісі. 7 - аят)
Суроо: Пайгамбарыбыз эмне деп буюрду эле?
Жооп: Имам Бухарий, Имам Муслим жана Имам Ахмад риваят кылган сахих хадистерде Пайгамбарыбыз сакал істіріі жінінді: "сакалды толук койгул", "узун койгула", "жалпысынан койгула" деген сыяктуу бир нече буйруктарды берген. Мына ушундан улам, ислам уламалары сакалды кырдырууну пайгамбардын сізіні тетири амал деп эсептешет.
Суроо: Сакалды мыскылдаган адамдын ікімі кандай?
Жооп: Сакалды мыскылдаган адам тіздін тіз исламды жана пайгамбарды мыскылдаган болуп саналат. Динди мыскылдагандар жінінді Аллах Таала мындай деген: "Айт (эй, Мухаммад) силер Аллахты, Анын аяттарын жана анын пайгамбарын мыскылдоочу болуп калдыңарбы?! Кечирим сурабай эле койгула! Силер ыйманга келгенден кийин каапыр болуп біттіңір!"

("Исламдык фатваалар" китебинен)